Муратбек Мукашев, «Адамдар жана тагдырлар»

SONY DSC(Башы өткөн санда)

Таңданып жана өкүнсө да, кайран киши мени туура түшүнүп, келтирген жүйөөлөрүмдү кабыл алды. Анан коштошуп жатканда гана:
-Ошондой болсо да, аскер комиссарына бир барып көрчү, -деген кеңешин айтты.
Көрсө Алиаскар Токтоналиевич мында да мага камкордук көргүсү келген экен. Аскер комиссарында болгонумда, ал ошол замат эле мага “жылуу-жумшак” орун издей баштады. Бирок менин үйдөн алыс, эгер мүмкүн болсо, Ыраакы Чыгышта, болгондо да пехотада кызмат кылууну каалай турганымды билгенден кийин, абдан таң калып, мындай чечимге кандай жагдай түрткү бергендигин сурады. Качандыр бир кезде маршалдар Конев менен Тимошенконун эскерүүлөрүн окуп, аларда пехота  жөнүндө жазылган жылуу сөздөр жүрөгүмө орноп калгандыгын, согуш жылдарында пехотасыз бир дагы шаарды алууга мүмкүн болбогондугун сыр кылып айттым.
Мындай чечкиндүү жоопту күтпөгөн аскердик комиссар өз кагаздарын үңүлө карап кирди. Бир нече мүнөттөн кийин көңүлү жайланган түрдө:
-Сага ылайык келчү аскердик бөлүк бар экен. Ал Амур областындагы Свободный деген шаарда. Барасыңбы? –деп сурады.
-Эң жакшы болот, -деп жооп бердим мен.
Кызмат өтөөчү жерге чейин 12 күн жол жүрдүк. Мынчалык алыс аралыкты мурда да, кийин да басып өтпөдүм. Каалаганымдай эле, пехотанын катардагы аскери болуп кызмат өтөй баштадым.  Дароо эле мендей “чирик интеллигентке” аскердик турмуштун бүт сонундарын үйрөтүп коюуга ашыккан взвод командирине туш келдим. Тимеле түркүн-түс сыноого салып кыйнады. Бирок спорттук чың денем менен моралдык-психологиялык даярдыгым уят кылган жок. Бардык сыноолорго кебелбестен чыдадым. Андан ары өзүм да көнүшүп кетип, аскердик жашоо өз ырахаты менен өтүп жатты. Нарядга, кезметке чыгуу, түз кадамдап басуу, курал-жаракты жана аскердик уставдарды үйрөнүү сыяктуу демейдеги талаптар көнүмүш болуп калды.
Кийинки мезгилде армиядагы “дедовщина” жөнүндө көп айтып, көп жазып жатышат. Биздин полкто Украина, Дагестандан келген балдар менен бирге Кемеров областынан келгендер да арбын эле. Эч кандай “дедовщина”, эч кандай бөлүнүп-жарылуу жөнүндө сөз да болчу эмес. Ынтымактуу кызмат кылып, бири-бирибизди колдоп, бири-бирибизге жардам берип турчубуз. Командирлерибиз талапты катуу коюшса дагы, ошол эле мезгилде камкор жана адилеттүү адамдар эле. Баарыбызга сыймык жараткан жагы, полкубуздун командири, подполковник Гришин кийин Прибалтика аскер округунун командачысы болду.
Биздин батальондун командири майор Кислицин эле. Солдаттарга атасындай кам көргөн өтө адилет киши болчу. Ошондон бери ар бир жолу “Любэ” тобунун атактуу ырчысы Николай Расторгуевдин аткаруусунда “Комбат” деген ырды уккан сайын, ар качандан бир качан өзүбүздүн “атабызды” –майор Кислицинди эсиме түшүрөм.
Аскердик турмуштагы унутулгус окуялардын ичинен Байкал-Амур темир жолунун жогору жагындагы Сковородино деген райондук борборго барган учурум өзгөчө көңүлдө калды.
Ал мындайча болгон. Бир жолу мага полктун командири чакырып жатканын айтышты. Бул кабарга абдан таң калдым: кызык, полктун командири эмнеге чакырып жатты болду экен? Көрсө, аскердик прокуратурадан телефон чалышып, аларга орус жана кыргыз тилдерин билген тилмеч зарыл керек болуп калганын айтышыптыр. Анткени прокуратурада Кыргызстандан келген атуулга кылмыш ишин ачышса, ал орус тилди караманча билбейт экен.
Окуя жөнү төмөнкүдөй: Биздин Ысык-Көлдөгү Рыбачье шаарынан аскердик гарнизонго чоң партиядагы “бекер” арак жеткирилет. Аны үч киши коштоп келсе, алардын экөө качып кетип, бирөөнү кармап калышат. Бул кылмыштуу иштен чубалып-тамырлаган уюшкан уурулар топторунун өзгөчө из- белгиси чыгат.
Мени милициянын тергөө изоляторуна алып келишкенде, андан сакал-муруту камыштай өскөн кыргыз чыгып, мени көргөндө эле ыйлап жиберди. Экөөбүз сүйлөшкөндө, жердешим өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, орус тилин түзүк эле билсе да, калп эле таптакыр билбеген немедей түр жасап жатканын айтуу менен тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. Анан менден үй-бүлөсүнө бир маанилүү маалыматты айтып коюуну өтүндү. Бир нече айдан кийин мен аскердик кызматым бүтүп, үйгө кайтмакмын. Ошондо анын Рыбачьедеги үйүнө барып, ушул өтүнгөн малыматын айтып коюшум керек экен. Эки кичинекей баласы бар. Үйүндө аялы да билбеген чоң акча катылгандыктан, аны өзү түрмөдөн чыккыча пайдаланып турууну, ал эми качып кеткен экөө болсо, кам санабай эле коюшсун, күнөөнү жалгыз өзүм мойнума алам, болгону алар үй-бүлөмө тийиштүү жардам-көмөгүн көрсөтсүн дегенди кандай болбосун, билдирип кой деп абдан суранды.

(Уландысы келерки санда)