Муратбек Мукашев, «Адамдар жана тагдырлар»

MukashevТагдыр деген сөздүн жашоо-турмушта маанисине көп көңүл бурбай эле жүйүр колдоно беребиз. Адам биринчи жолу космоско учту эле – тагдыр дедик, ким бирөө бүткүл дүйнөгө таанымал саясатчы, хирург же артист болсо – тагдыр дейбиз, дагы бирөөсү самолет же автомобиль кырсыгынан каза тапса – тагдыр деп айтабыз. Атүгүл мезгилди да кээде тагдыр аныктаар мезгил деп жибермейибиз бар. Турмуш адабияты деген ушундай экен, карап отурсаң, кандайдыр кемтик иш үчүн өзүнөн жооп сурабай, а тагдырга ыйлап даттанган кишилер четтен эле жолугат.
Чындыгында эле, бардыгы таң калаарлык. Жөнөкөй гана мисал келтирсек, ар бирибиздин бул жарык дүйнөдө бар болуп калганыбыз эмне себептен жана кимдин каалоосу боюнча жүзөгө ашканын эч ким айта албайт. Эгер биз болбосок, биздин ордубузда башкалар болот эле да? Бирок андай чыккан жок. Күн мурун аныкталгандай, белгилүү жыл, ай, күн, саат жана мүнөттө жаңылбай биз туулдук. Эмне үчүн жер жүзүнүн төрт тарабындагы башка жерде эмес, а жандан артык көрүүчү кутмандуу дал ушул жерде, анан да, тили да, дили да, өңү да башка ата-эненин үй-бүлөсүндө эмес, а сени балапандай калкалап, бүркүт сындуу талпынтып өстүргөн дал ушул ата-эненин үй-бүлөсүндө тирүүчүлүккө жаралып келдик? Кызык, кызык жана дагы бир жолу кызык.
Экинчи жагынан караганда, эгер биз туулганда эле болочок тагдырыбызды алдын ала билгенде, анда жашоонун кунары да кетип, кубанычтар менен ачылыштар баа-баркын жоготуп, жарык күн астында жашаган адамдар ушунча бактысыз болуп калмак окшойт. Балким, бул жерде адамды жашоодо тагдыры жетелеп жүрөт деген сөз калетсиз чыгар. Эгер ушундай боло турган болсо, анда мен өзүмдүн инсандык тагдырыма ар качан ыраазымын.
Ошентип, убакыт зуулдап өтүп, аны менен кошо алтынга алмашкыс студенттик жылдар да соңуна чыкты. Ишке бөлүштүрүү жана туулган жерге кайтуу менен белгиленген 1971-жыл деңиз жиреген кемедей байкалбастан кирип келди. Институттагы окуу мезгилинде кандай билим алып, эмнеге үйрөнүп чыкканыбызды иш жүзүндө далилдеп көрсөтүүнүн алда немедей маанилүү да, толкундатуучу да жоопкерчилиги алдыда турду.
Мен Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетине бөлүндүм. Анан кызык, ошол Мампланда мени конкреттүү кызмат ордуна чектөө маселеси талкууланып жатканда, модалуу алкагы бар көз айнек тагынган салабаттуу, жылдыздуу киши мага түз эле кайрылып:
Сен, жигит, финансы министрлигине келип иштейсиңби? – деп айтпаспы.
Анын республиканын тарыхында эң жаш министр болгон Алиаскар Токтоналиев экенин ошондо билдим. Ага Мампландын карамагына бөлүнгөнүмдү айттым эле, катарында отурган эң кадыр-барктуу адам – Мампланды көп жыл үзүрлүү башкарган Сопубек Бегалиевге башын буруп, бир нерселерди сүйлөшө баштады. Анан бир аздан кийин кайра мага кайрылып:
Бүттү, маселе чечилди, эртең финансы министрлигине келгин, – деди.
Кийин бирге иштешип калган убагымда бул киши эч нерсени будамайлап – алдын ала даярдык көрбөй туруп чечпеген кыраакы жетекчи экенин түшүндүм. Мени алигидей өз министрлигине чакырганда жөндөн-жөн эле чечим кабыл ала койбоптур. Адегенде өздүк делом менен кылдат таанышып, мен жөнүндө көбүрөөк маалымат топтоого кызыкдар болгон экен. Эртеси кабыл алуусуна келгенимде, дароо эле мага экономисттин кызматын сунуш кылды. Али адистик такшалуудан өтө элек, өз тандаган кесиби боюнча бир күн да иштеп көрбөгөн 21 жаштагы сары ооз балапан мага ушундай чоң ишеним такты.
Соода жана калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө тармагын финансылоо бөлүмүнө жиберишти. Августта ишке чыгып, сентябрда эле бөлүмдө 1972-жылга республиканын мамлекеттик бюджетин пландоо иштери кызуу башталды. Мактангандык эмес, жеңил, канааттануу менен иштеп жаттым. Беш жыл институтта алган билим-даярдыгым жакшы көмөгүн тийгизди. Бирок дал ошол мезгилде армияга күзгү чакыруу башталды.
Биз окуган Г.В.Плеханов атындагы институтта аскердик кафедра болбогондуктан, анын бүтүрүүчүлөрү аскердик кызмат кылууга милдеттүү эле. Бир гана артыкчылыгыбыз: жогорку билими жөнүндө диплому барлар эки жыл эмес, а бир жыл гана кызмат кылышчу. Көпкө күттүрбөй, күндөрдүн биринде аскер комиссариатынан мага да чакыруу кагазы келди.
Муну билгенден кийин, Алиаскар Токтоналиевич түздөн-түз жетекчим В.П.Фомченкодон Мукашев кандай иштеп жатат деп сураган экен. Ал болсо мени: зээндүү, иштерман, бир айткан нерсени кайталатпайт, бардык тапшырган иштерди өз убагында тыкандык менен аткарат деп аябай көкөлөтүп мактап таштаптыр. Мындай мүнөздөмөнү көңүлүнө түйгөн окшойт, министр мени өзүнө чакырды. Отургун деп орундук көрсөтүп, кадимки кең пейил адамдын салтын карманып ал-жайымды, көңүл -маанайымды, ата-энемдин ден-соолугун сурап, айткан сөзүмдү ушунчалык бир дитин коюп угуп жатты. Ушул мүнөт, ушул ирмемде ата-энемдин ден соолугу анын өзүнө да абдан маанилүү өңдөнүп сезилди. Адамгерчилик сапаты жагынан Ибраимовго өтө окшош киши экен деп койдум ичимден.
Бардыгын терип-тепчип сурап бүткөндөн кийин гана Алиаскар Токтоналиевич эмне үчүн мында келгениме себеп болгон башкы маселеге өтүп:
Сени армияга чакырып жатышыптыр, – деди.
Ооба, – деп ырастадым мен, – чакырык кагазы колума тийди.
Министрлик сенин быякта калып, ишиңди уланта беришиңе кызыкдар. Республиканын аскер комиссары менен сүйлөшүп көрөйүн. Сен өзүң буга кандай дейсиң?
Ачыгын айтканда, армиядан калууга пикирим терс эле. Анткени чындык менен адилеттүүлүктүн үлгүсүн үй-бүлөдөгү кичүүлөргө агасы көрсөтүүгө тийиш деп эсептечүмүн. Алардын көзүнө тик карап, таза абийир даңазалоодон өткөн кандай бакыт бар? Анын үстүнө армияга барып, болгондо да, “талаа падышасы” саналган пехотада кызмат кылып, өзүмдү эрк-кайрат сыноосунан өткөрүп, жигит катары такшалып да, тотугуп да кайткым келген. Ушулар тууралуу министрге ачык эле айттым.

(Уландысы келерки санда)