Муратбек Мукашев, «Биржа»

Birja(Уландысы. Башы өткөн санда)

Тургандар аларды курчап алышып: «Мени алыңыз, мени алыңыз!» – деп кыйкырып жатышты. Эң көптөр 20 сомго, атүгүл 15 сомго да макул экендиктерин билдирди.

Ажылар топтошкондордун боюн, колу-бутун кожоюндук түр менен сыдыра карашып: «Сен, сен, сен, сен, сен, сен…» – деп колдору менен көрсөтүп жатышты. Ошентип, алар алдуу-күчтүү 10 кишини тандап алышты да, обочодо турган чет өлкөдөн чыккан эки микроавтобусту көрсөттү. Тигилер ошол замат ал тарапка чуркашты. Алардын артынан арыктыгы сыртына чыккан жаш аял: «10 сомго деле макулмун, мени алыңыздар, менин үч балам бар!» – деп безилдеп баратты. Карап туруп, үрөйүң учат.

Тиги экөө «Ниссан-Максимум» машинасына бой кере отуруп, микроавтобустун артынан жөнөштү. Мен селдейип туруп калган экемин, көз алдыма эмнегедир Джованьолинин романы боюнча тартылган «Спартак» фильми келди. Бирок, андагы окуялар антикалык доордо болсо, бул окуя көз каранды эмес өлкөдө болуп отурат.

Ѳзүмө келдим. Чет-жакада турган адамга жакын басып бардым. Тааныштык, аты Кубат экен, мурда Токмоктогу ири өнөр жай ишканасында цехтин начальниги болуп иштептир. Азыр ал ишкана, чын-чынына келгенде, жок. «Иштериңиз кандай?» – деп сурадым. «Эптеп тиричилик кылып жатабыз, – деди да, – Мен азыр малаймын», – деп кошумчалап койду. Муну кандай түшүнсө болот? Ал: «Мурдагы интеллигент адам», – деп муңайым маанайда жооп берди. Бул биржа качантан бери жашап келатканын сурадым. «Эбактан бери бар, бирок ал жазгы талаа жумуштарынын убагында өзгөчө күчөп кетет», – деп күңк этип койду малай. Ал эми тиги 10 адамды машинага отургузуп кеткендер кимдер? «Алар – Смар жана Юсуп деген жергиликтүү дунгандар. Алар адамдарды жалдап алышат, мурдагы «Прогресс» колхозунун колхозчуларынын, Мичурин атындагы совхоздун жумушчуларынын жерлеринде пияз, чеснок, чемичке өстүрүшөт», – деп түшүнүк берди.

Азыр колхозчулар менен жумушчулар менчик ээлери болуп калышты, айылдык мугалимдерге үлүш бөлүндү, дегинкиси эле, айылдык кеңештин чарбалык китебинде тургандардын ар бирине 60 сотыхтан жер тийди, ал эми бул аз эмес жер аянты. Бирок, көп кишилер мына ошол жерлерин материалдык да, моралдык да жактан иштете алышпайт. Америкада бир нече жолу болгон айылдын башкы реформатору республиканы Айова штатындай кылууну каалады эле, айыл чарба министринин кызматын үч жолу аткаргандан кийин, акыр-аягында областтын губернатору болуп кетти. Ал областтын жетекчиси болгондон кийин, талаа станына барып, себүүгө даярдалган пахта үрөнүн көргөн соң, тамекини да ушинтип отургузуша турганын ырастаганын көргөндөр айтып жүрүшөт. Сузакта болуп өткөн кырсыктуу окуялардын убагында Парижде жүргөн экен, азыр анын кай жерде экенин билбейм.

Ооба, биздин айыл чарбабызды экономика илимдеринин канча кандидаты талкалабады…
Анан, малай менен аңгемелешип жатып, эгемендүүлүк келген мезгилдеги 8 айыл чарба министрин жана адистиги вино чыгаруучу болгон, Одессанын абасын жуткан, ошол жерден жогорку окуу жайын бүтүргөн дагы бир вице-премьер-министрди кошумчасы менен эсиме түшүрдүм. Ушул министрлердин бардыгына ар кандай кылмыш иштери козголду, айрымдары түрмөдө отурат, а менин жердештерим болсо, өздөрүнүн керектөөчүлүк наркын сатып жатышат. Дал ушул жерден башка темага өткүм келет.
Коммунисттер ар качан улуу державалык шовинизмге жана жергиликтүү улутчулдукка каршы болушкан.

Чоң энциклопедиялык сөздүктөн сөзмө-сөз окуюн: «Улутчулдук – улуттук маселедеги идеология жана саясат, алардын маңызы – улуттарды жалпылыктын жогорку баалуулуктары менен түрлөрүнө карап чечмелөө». 19-20-кылымдарда улутчулдук адегенде Европада, анан Африкада, Азия жана Латын Америкасында улуттук боштондук үчүн күрөштө кубаттуу бириктирүүчү күч катары чыккан. Улуттук артыкчылыктар жана улуттук өзгөчөлөнүү идеясына коштолуу менен көп учурда чектен ашкере чыккан түргө (шовинизм) ээ болуп, расизмге жакындашып кетет да, курч ички же мамлекеттер аралык кагылышууларга алып келет. Шовинизм деген сөз Наполеон 1нин саясатын башын ийип жактаган Н.Шовен деген солдаттын атынан коюлган. Ал улутчулдуктун өтө агрессивдүү түрү.

(Уландысы келерки санда)