Муратбек Мукашев, «Биржа»

Mukashev(Уландысы өткөн сандарда)

Коммунисттер алы-жаны калбай айтып келген лениндик улут саясаты, чын-чынына келгенде, сталиндик улут саясаты болгон. Анын канчалык туура экенинен Солженицындын «Россияны кандай куруу керек?» деген трактатын окугандан соң шектене баштагам, бирок ал Ельциндин колунан Россиянын жогорку сыйлыгын алуудан баш тарткандан кийин жана ошондой эле Россия академиясынын 275 жылдыгына байланыштуу белгилүү сөзүн окуп көрүп, Иосиф Виссарионович туура экенин түшүндүм. Мени Россиядагы Макашов сыяктуу улутчулдукка, төтөн антисемитизмге такап күнөөлөшпөсүн, бирок бул жерде төмөнкүлөрдү айткым келет. Кыргыз Республикасында өлкөгө атын берген калк өтө жакыр жашайт. Ѳзүм көз менен көргөн шаардагы эмгек биржасынын, ал тууралуу дагы токтолуп өтөм, бир дагы дунган, корей, немец, курд, түрк, уйгур, өзбек, карачай, балкар, чечен, даргин, лак, кумык, армян, грузин, еврейди жолуктура алган жокмун. Эмне үчүн деген суроого берер жооп: биз, кыргыздар, өзүбүз «жаманбыз». Орус шовинисттери ар качан кыргыздарды «чучмеки», «калбиты» деген өздөрүнүн жаман сөздөрү менен караңгы, жөндөмсүз, талантсыз деп кемсинтип келишкен. Ага каршы бир ооз сөз айтчу болсоң, кутулбай балээге калчусуң – биз андай маселеде укуксуз болчубуз. Ушундай басынтуу көрүнүшү азыр да кала берди. Ырас, СССР – күчтүү-кубаттуу держава, орустар улуу улут болчу, бирок андан эмне натыйжа калды? Орустардын Прибалтикадан көчүп жатышкан жери жок, аларга Украина, Белоруссия, Татарстан, Башкортстан, Саха Республикасында мурдагыдай эле жакшы. Анда Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары эмне үчүн орустардын абалы Орто Азия менен Казакстанда жаман деп какшап жатышат? Дагы бир жолу белгилеп коеюн: эгерде жергиликтүү калк жаман жашап жатса, а башкаларга жакшы болсо, мында бир кесепет бар. Ѳз эне тилин билбеген кыргыздын англис тилин билгенине корстон болуунун зарылчылыгы жок. Анан да, 50дөн ашкан саясатчынын эне тилин үйрөнөм дегени барып турган жөө жомоктун өзү. “АЗ и Я» деген китеби үчүн катуу сынга алынган Олжас Сулейменев казак тилин жарытылуу билбейт, Казактардын Италиядагы элчиси болуп алгандан кийин менин атактуу боордошторум сыяктуу санаасы тынып калды көрүнөт.

Кыргыздарда диаспора коомдору түзүлдү, аларга салык жагынан жеңилдиктер берилип, маданий борборлордун ордуна лидер – депутаттары баш болгон коммерциялык борборлорду ачып алышты. Анан ушул көрүнүш туура жүргүзүлгөн азыркы улуттук саясат жана демократия дегендер менен жаап-жашырылып жатат. Тилекке каршы, демократия көп кишилер үчүн тек гана ким бирөөлөрдү ордунан жылдырып, андай орундарды өздөрү ээлеп, мансап-сыйларга жетишүү, кайсы бир нерсени талкалоо, жакшы тамактануу жана медаль, орден, дагы башка белгилерди тагынуу, эмгек сиңирген жана элдик деген наамдарды, атайын жана толук ыйгарым укуктуу деген даражаларды алууга мүмкүндүк берген чүмбөт экени талашсыз. Ѳткөн мезгилде республиканын биринчи жетекчилеринин улуттук маселеде кетирген күнөөлөрү болгонбу? Сөз жок, болгон, бирок, азыркы заманда бул тагдыр аныктаар эң маанилүү маселеде күнөөлүүлөрдү таба да албайсың. Адамдар, өзгөчө, мурдагы партиялык кызматкерлер жакшы билишет, СССР Жогорку Советинин эки палатасына жана Кыргыз ССР Жогорку Советине, жергиликтүү советтерге депутаттарды шайлоо улуту, кесиби, социалдык абалы, партиялуулугу, ээлеген номенклатуралык кызматы, курагы, бийликке көз караш-мамилеси эске алынуу менен күн мурун даярдалган көрсөтмө боюнча жүрө турган. Кыргыз ССРинде айылдык депутаттар – чабандар, саанчылар, жүгөрү өстүрүүчүлөр, элеттеги райондук партия комитеттеринин биринчи катчылары көпчүлүктү түзчү. Масалиевдин эң чоң каталыгы, өзү шахтер болуп туруп, шахтер катары абдан жакшы көргөн Кулатовдун турмуштук жолун кайра кайталоо максатында, баш чабанды Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасы кылып алып барып отургузуп койгонунда болду.

(Уландысы келерки санда)