Муратбек Мукашев, «Биржа»

MukashevЖумушсуздуктун деңгээли жана жайылышы экономиканын абалынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Менин өлкөмдөгү жумушсуздук, өзгөчө экономикалык активдүү калктын жумушсуздугу айтпай коюуга мүмкүн болбой турган өтө бийик чекке жетти. Бирок, тилекке каршы, чоң, орто жана ар түрдүү түстөгү үйлөрдүн баардык кабаттарында биз экономиканы өнүктүрүүнүн макро жана микро деңгээлдери, инфляция, акчанын кунарсыздыгын жоюу, калкты каттоого алуу жөнүндө какшап айтууга машыгып алдык, бирок социалдык маңыздагы башкы кесепет – жумушсуздукту көргүбүз да келбейт…

Ар түрдүү алкактагы чоң мансапкорлорду бир деңгээлдеги орундан которуп, экинчи деңгээлдеги орунга отургузуп жатышат. Мында, чындыгында эле, антип орун алмаштыруудан жалпы көрүнчү иш жыйынтыгы өзгөрбөйт. Жумушсуздуктун негизги себеби эле: менчиктештирүүнүн планын мөөнөтүнөн мурда орундаткандыктан, колхоз жана совхоз өндүрүштөрүн тез аранын ичинде талкалап салып, эң көптөрү башта эч ким теңине албаган нерселер болсо да, бүгүн заман чалмакейинен улам ким болуп калганын өздөрү да билбеген жеке менчиктүүлөр тарабынын пайда болушунан завод-фабрикалар иштебейт, бардык жерде кыскартуулар жүрүп, иштегендерди кууп чыгып жатышат. Анан, башкысы, ошондой баткактан чыкканын унуткан арбын пенделер макро жана микро деңгээлдеги жашоосун да, ишмердүүлүк кылуусун да улантуу менен көмүскө жана ачык – өнөкөт түрдө өткөн жумушсуздуктун көбөйүшүнө себеп болушууда.

«Капитализмди кулаткан жумушчу табы социализмди да кулата алат», – деген кызык макал сөздү уктум. Жумушчу табын жана колхоз дыйкандарын алдаган социализм жок кылынды. Дүйнөлүк практикада биз биринчи жолу социализмден капитализмди куруп жатабыз, андан кандай натыйжа чыгат – ал жагын убакыт көрсөтөт. Таң калычтуу жери, өздөрүнүн илимий эмгектерин коммунизмдин жаркын идеалдары боюнча коргогон экономикалык жана юридикалык илимдердин, өзгөчө, философиялык илимдердин көптөгөн докторлору менен кандидаттары бир заматта рынокчулар болуп кетишти, алардын бул жоругуна кескелдирик тобуна кире турган сойлоп жүрүүчү хамелеон да суктанып-көз артат чыгар. Андайлар түгөл атаандаштыктын негизинде кыймылдаткычы жумушсуздук экенин ырастоо менен менчикти кайра бөлүштүрүүгө күйөрман болуп чыгышты.
Бирок, жумушсуздук – бул тез аракетке келүүчү бомба, ал жарылып жана ар кандай мамлекетти, атүгүл унитардык мамлекетти да жок кылып коюшу мүмкүн.

4 жыл илгери, жазында, менин сүйүктүү карындашым катуу ооруп жатып каза тапканда, ал болгону 35 жашта эле. Анын алдында өзүмдү ар качан күнөөлүү сезем. Жаз келген сайын инилерим менен бирге бейит башына гүл койгону барам. 1999-жылдын 22-майында Старая Покровка айылындагы инимдикине конуп алып, экөөбүз гүл сатып алуу үчүн жөнөп кеттик. Чүй-Токмок шаарындагы, аны эмне үчүн ошентип атап калышканын билбейм, мейманкананын жанынан өтүп бара жатып, топтошкон көп адамдарды көрдүм. Бул эмне топ экенин инимден сурасам, ал эмгек биржасы деген ушу экенин айтты. Чоо-жайды байкап көрмөккө машинадан түштүм. Болжолдо 100 чамалуу адам, ишемби күн болчу, саат таңкы 6.15ти көрсөтүп турду. Тиги кишилердин түр-келбети эң бир айласыз. Машиналар келип токтоп, алардан кул ээлөөчүлөр сыяктуу «көөдөндүү» кишилер түшүп, тизилген жандуу товарга чайпала басып келип жатышты.

Марксты улуу деп канча айтышпасын, анын улуулугу, менимче, кошумча нарк законун ачып, жумушчу күчү товар жана керектөөчүлүк наркка ээ экенин далилдегенинде турат. Мына, менин алдымда өздөрүнүн керектөөчүлүк наркын сатышкан түрдүү адамдар турушту. Көпчүлүгү сакал-муруту алынбаган, жуунуп-тазаланбаган, кир кийим-кечек кийип, көздөрү жалооруп-мунарыктаган кыргыздар эле. Кыйласынын көрүнүшү аянычты эмес, а коркуу сезимдерин жаратып турду.

Мына, ар биринин жашы 25ке жете элек, ак топу кийген, сыягы, ажы болуп келгендей түрү бар, колдоруна кымбат шакек тагынган эки жаш адам чогулгандарга жакын басып келди. Тургандар аларды курчап алышып: «Мени алыңыз, мени алыңыз!» – деп кыйкырып жатышты. Эң көптөр 20 сомго, атүгүл 15 сомго да макул экендиктерин билдирди.

(Уландысы кийинки санда)