Назира ТОКОНОВА, ырчы: «Турмушка чыгууга шашылбайм»

Tokonova 2Көралбастык
– Күнүмдүк жашоодо атаандаштык, ичи тардык кылгандар көп кездешет эмеспи. Мындай көрүнүштөр чыгармачыл чөйрөгө сүңгүп кирип, кеңири жайылган экен. Чыгармачылыкка аралаша баштаганда ушул нерселерден аябай аксадым. Кимдир бирөө мен тууралуу туура эмес айтып койсо, кадимкидей капаланып калчумун. Бирок чыдамдуу болуп, анын бардыгын көтөрүп жеңе билдим деп ойлойм.

Tokonova 1Кийим жана сулуулук
– Мен эки айда бир сулуулук салондоруна барып турам. Кышкысын көбүрөөк барам. Ал эми жайкысын сулуулугума өзүм үйдөн кам көргөнгө аракет кылам. Кээ бир кыздардай болуп жалаң бир фирманын косметикасын колдонбойм. Мисалы, «Аvon» фирмасынын бет майы жакса, кол креми менин териме жакпай калышы ыктымал. Бетиме бир аптада эки жолу быштак менен петрушка аралаштырган элдик ыкмадагы масканы коюп турам. Менимче, муну көп эле ырчылар коюшса керек. Ал эми кийимдеримди дүкөн, базарлардан алам. Кээ бир учурда ошол эле Ош базарынан кийинишим мүмкүн. Эң башкысы, мага жарашкан кийим болсо дейм.

Tokonova 5Арман
– Бул жашоодо өкүнбөгөн адам болбосо керек. Бирок бул жалганда менин өкүнүчүм бар деп айта албайм. Бир нерсеге өкүнүп, бармак тиштеп калган учурлар деле болгон эмес. Балким, чыгармачылыкта бир ырымды туура эмес жаздырып алып өкүнгөнүм болбосо, олуттуу арманым жок.

Мүнөз
– Мен өзүмдү шайыр адамдардын катарына кошом. Шайыр адамдардын достору да шайыр болот окшобойбу. Досторум да аябай шайыр кыздар. Негизи адам кайсы жерде өзүн кандай алып жүрүштү билиш керек деп ойлойм. Мен досторумдун, туугандарымдын арасынан өзүмдү шайыр алып жүрсөм, жашоодо өзүмдү оор басырыктуу алып жүргөнгө аракет кылам.

Tokonova 4Жүрөк ээси
– Көңүлүмө жаккан адам менен мамиле куруунун да өзүнүн убакыт сааты келсе керек. Кудайым буюрган күнү Кудайым берген жигитке жолугам да. Учурда чыгармачылыгым менен талыкпай иштеп, жеке жашоого көңүл бурганга убактым жок. Ал эми жигит менен мамиле курсаң көп нерседен калып каласың. Учурда жүрөгүм бош. Негизи мага токтоо, айткан сөзүнөн кайтпаган, чечкиндүү, боорукер, ак көңүл жигиттер жагат. Келечектеги жолдошум мени түшүнгөн мырза болсо деп тилек кылам. «Кыздын барар жери күйөө» дегендей, эртеби-кечпи өзүмдүн бактымды тапсам керек. Бирок турмушка чыгууга шашылбайм.Tokonova 3

Ырахат

– «Ар бир кесип ардактуу» деп бекеринен айтылбаса керек. Анын сыңарындай ырчылык кесиптин да өзүнүн кыйынчылыктары бар. Бирок мен үчүн кесибимдин кыйынчылыктарына салыштырмалуу ырахаты көбүрөөк десем жаңылышпайм. Бул чөйрөгө аралашып калганыма да өкүнбөйм. Ѳкүнбөгөнүмдөн улам жоготуум жок деп айта алам. Мунун баарына балалык кездеги бае сезимдер да себеп болду деп ойлойм. Мен кичине кезимде, тагыраагы 2-классымдан тартып эле ырга болгон кызыгуум артып, ошол кезде эле ырчы болом деп кыялданчумун. “Жаштын тилегин берет” дегендей, алдыга койгон максаттарым акырындык менен аткарылып атат десем жаңылышпайм. Мен азыркы жетишкендиктерим менен эле чектелип калбастан, дагы да болсо алдыга умтула берем. Келечекте эл сыймыктанган кадыр-барктуу ырчы эжекелерибиздин учугун уласам деген максаттарым бар.

Балалык кыял
– Ѳзүм Суусамырдын кызы болсом да, балалыгым Сокулук районунда өттү. Мектепте шок кыздардын катарын толуктачумун. Эсимде, кошуна балдар-кыздарды чогултуп, аларды көрүүчү кылып отургузуп коюп, өзүм чоң сахнада ырдап атам деп кыялданып, аларга ырдап бере берчүмүн. Кошуналарым азыркыга чейин «Назира үй жыйнап баштаганда ырдаган, үйдү жыйнап бүткүчө ырдачу» деп тамашалап калышат. Мектепте өткөрүлгөн ар бир майрамда да ырдап чыкчумун. 6-классымда комуз ойногонду үйрөнүп, 7-классымдан тарта жаш таланттар арасында өткөрүлчү кароо сынактарына катышып баштагам. Ошол сынактын аркасынан 10-классымда республикалык ырдоо таймашында биринчи орунду багындырдым. Менин мындай ийгиликке жетишиме музыка сабагынан берген Дыйканбаева Роза эжекемдин тийгизген таасири чоң. Бул эже менин музыкага болгон кызыгуумду арттырып, дилгирлентти. Орто мектепти аяктап, 2006-жылы Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик консерваториясына даярдануу курсуна киргем. Эки жыл даярдоо курсунда Мурадил Сагыналиев агайдан сабак алдым. Бирок консерваторияга киргенде эле Улукмырза Полотов агайдан билим алсам деп ойлогом. Даярдоо курсун аяктаганда Улукмырза агайга жолуксам «1-курска алам» деп айткан эле. Ошентип агайдын колунан беш жыл билим алдым. Консерваторияны аяктап, филармониянын солисткасы болуп иштеп калдым.

Обон
– Улуттук консерваторияга жаңы тапшырган жылдары алгачкы жолу «Сага» деген ырга обон жараткам. Кечээ жакында эле болуп өткөн концертимдин аталышын да ушул ырдын негизинде «Сага» деп атаган элем. Ырларымдын сөздөрүнүн басымдуу бөлүгү Махабат Молдалиеванын калемине таандык. Андан сырткары, Айсулуу Эсен кызы деген кыздын ырларына обон чыгарып жүрөм. Орто эсеп менен алганда эл алдына тартууланган он чакты обонум бар. Күйөрмандарыма тартуулана элек даяр обондорум да көп. Жакында эле ырчы Чыңгыз Турдубеков «Туталанам» деген ырды мага белек кылып берди. Буюрса, ал ырды гитаранын коштоосу менен аткарып баштайм.

Кымбат Турдубекова