«Негизсиз арыздангандардын уюштуруучусу Бейшенбек Бекешовго катуу чара көрүп берүүңүздү өтүнөбүз»

Кыргыз Республикасынын Президенти Atambaev
А. Ш. АТАМБАЕВге КРнын «ЭлТР»
МТРКсынын жалпы кызматкерлеринен
Кайрылуу

Урматтуу Президент!
КРнын «ЭлТР» МТРКсынын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн айрым кызматкерлеринин Сизге жолдогон катында көрсөтүлгөн маалыматтар жана жетекчинин дарегине айтылган дооматтар негизсиз. Дүйнөлүк масштабда телекөрсөтүүлөр санариптик берүүлөргө өтүп жаткан учурда биздин көрсөтүүлөрдүн көркөмдүк – техникалык сапатын заманбап стандартка ылайык көтөрүүбүз зарыл. Мындай кадамга барууда жетекчибиз М. Ж. Айтиева тарабынан алгылыктуу реформалар жүрүп жатат. МТРКнын негизги жамааты жакынкы мезгилдерде жакшы натыйжаларды берүүчү бул реформаны колдойт.
Жаңы жетекчинин мындай реформалык талаптарына каршы чыгып, Сизге нааразычылык кат жолдогон Бишкек өкүлчүлүгүбүздөгү Бейшенбек Бекешов баштаган айрым гана кызматкерлер реформага бут тосушууда. Бул кызматкерлер ушул кезге чейин «бишкектегилер», «оштогулар» болуп бөлүнбөй, бир күч болуп иштеп келген кызматкерлердин ынтымагын бузуп, жамаатыбыздын тынчын алууда жана «ЭлТРдин» беделине көлөкө түшүрүүдө. Бул тууралуу компаниянын жалпы кызматкерлери катышкан кесиптик кошуундун жыйынында маселе каралып, тийиштүү токтом кабыл алынды (токтом тиркелет).
Буга чейин биздин телерадиокомпанияда телекөрсөтүүлөр жана радио уктуруулар эл таразасына коюлбаган, медиаэксперттердин, фоксгруппанын иликтөөлөрү талдоого алынбаган, бул багытта уюштуруучулук жумуштар аткарылган эмес. Ишти ушул өңүттөн баштаган жетекчи айрым жеңил жашоону көздөгөн кызматкерлерге жакпай турганы бышык.

Урматтуу Президент!
Сизден суранарыбыз: «ЭлТР» МТРКсынын жалпы кызматкерлеринин кызыкчылыгын эске алуу менен, реформаларды жүргүзүп жаткан жетекчибиз М. Ж. Айтиеванын туура саясатын колдоп, ага карата негизсиз арыздангандардын уюштуруучусу Бейшенбек Бекешовго катуу чара көрүп берүүңүздү өтүнөбүз.

 

Кайрылууга 90 адам кол койгонhttps://youtu.be/y0jwp22kRd8

Kayriluu

Kayriluu 1

Kayriluu 2