Нуржамал Байболов, шаардык кеңештин мурунку төрайымы: «Балдарыбыздын саясатка аралашуусун каалабайбыз»

baibolovaЭкс-башпрокурор, ИИМдин мурунку министри, ЖКнын бир  нече чакырылыштарынын депутаты Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболова  дагы бир кезде Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы болуп саясат менен алпурушуп келгенин билебиз. Мына ушул айым менен бүгүн жаңы жылды утурлай, жаңы жыл, саясат, үйбүлө темасында маектештик.

– Нуржамал айым, эски жылды кандай жыйынтыктап атасыз?
– Биздин үйбүлө үчүн ийгиликтүү эле жылдардын бири болду. Чоң-Арыкта Кубат Калбековичтин ата-бабасы жайлаган жерине  салып баштаган үйүбүздү бүтүрдүк. Тууган-урук, досторубузду чакырып, ырым-жырымдарын өткөрүп, баш-аягыбызды жыйып отуруп калдык. Ортончу кызыбыз, Айсулуу  Канадага окууга өтүп, ошол жакка кетти. Негизгиси баарыбыз аман-эсенбиз.

– Саясат айдыңында  акыркы учурларда көрүнбөй кеттиңиздер.  Ошентсе деле саресеп салып,  байкап атсаңыздар керек. Бул  жыл саясатта кандай жыл болду?
-Образдуу сүрөттөп айтканда  биздин саясатчылар боорсокко камыр жууругандай кылып ар кайсыны кошуп жууруп коюшту, эми ошол камыр ачып идишинен ташыгансып турат. Эми бул камырдан кандай болуп боорсок бышат, айтыш кыйын.

– Кыргызстандагы эски жылдын ийгилиги деп эмнени белгилейт элеңиз?
– Кудайга шүгүр, тополоң болгон жок. Эл аман-эсен. Биз азыр ушуну ийгилик деп калбадыкпы, анткени, жакынкы тарыхыбызда эле элибиз канчалаган тополоңдорду башынан кечирди. Алдыга жылдыкпы, жылбадыкпы, иши кылып тынч болгонубузду эле баарыбыз ийгилик деп калдык.

– Жылдын кемчилиги  эмне болду?
– Экономиканы, саясатты  алсак, бир багытуу иш жүргөн  жок. Чар жайыттык орун алып атат. Мисалы, ошол эле Бажы Союзуна кирүү маселесин алсак, өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар бири ар башка сүйлөп атат. Бул Союзга кирген бизге пайдалуу же зыянын тийгизет деп түшүндүрүп айтып берген жан жок. Менимче , анын канчалык пайдасы-зыяны болоорун ачык түшүнгөн деле эч ким  жоктой. Кечээ угуп калдым, Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев айтып атат «Биздин сунуштарыбызды укпастан эле, биздин Бажы союзга кире турган «жол картасын» ЕврАзЭСтин экономика  комиссиясы кабыл алып коюптур, Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай калыптыр» деп айтып атат. Мага таң калычтуу деле эмес. Себеби, азыр бир дагы мамлекет бизди олуттуу кабыл албайт, бизге болгон мамилесин мына ушинтип көрсөтүп атышат.

– Жаңы жылды  жыл сайын кандай тососуздар?
– Жыл сайын биз жаңы  жылды тосуп, он экиден бир  мүнөт өткөндө эле дароо Кубат  Калбековичтин туулган күнү, 1-январда. Жаңы жылды тосуп эле туулган күнгө кирип кетебиз. Биз экөөбүз баш кошкондон бери ушундай. Эки майрамга бирдей даярданабыз. Анан жаңы жылды тосорубуз менен эртерек уктайбыз, анткени, кийинки күнү да туугандар, жоро-жолдоштор конокко келишет. Балдар болсо телевизор көрүшөт. Азыр балдардын учөө чет өлкөдө, калганы жаныбызда.

«Бир  нерсесин жоготуп алып эле менден көрө берет. Баягыда  паспортун жоготуп, ой мени кууруп жеп, жарым жылдан кийин өзүнүн эле курткасынын чөнтөгүнөн чыкпадыбы. Күйүп кетесиң да ушинткенде.»

– Жаңы жылдык  дасторконду жасоодо да өзүнчө  салтка айланып калган көрүнүштөр  барбы?
– Айтып коюшат го, баягы  эле оливье, винегрет салаттары  деп. Жаңы жылдын өзүнүн салтка  айланып калган дасторкону бар да, мына ушул салаттар жасалат, апельсин  менен шампан сөзсүз коюлат. Буларсыз жаңы жыл болбой калат го.

– Өзүңүз дасторкон жасоого катышасызбы?
– Ооба, жаңы жылдык дасторконду  мен өзүм жасайм. Кыз-келиндер  жардам берет, бирок өзүм да катышам.

– Балдарыңыз тууралуу  айтып кетесизби?
– Чоң уулубуз Ален Америкада, 30 жашта. Андан кийинки кызыбыз  Айжан, 20 жашта. Андан  кийинки кызыбыз  Айсулуу 17 жашта,  экөө Канадада окушат. Андан кийинкилери кызыбыз Айнагүл менен уулубуз Медет бул жакта, мектеп окуучулары.  Каза болуп калган Капардын  Алина, Камила деген эки кызын келинибиз Медина менен чогуу өстүрүп жатабыз. Алар да бойго жетип калышты. Кызыбыз Жанна  үйбүлөлүү, 3 баласы бар. Бишкекте турат.

– Жолдошууңуздун  туулган күнүнө кандай белек  берип, таң калтырайын деп атасыз?
– Кубат Калбекович өзү  ушундай белектерге көп маани  бербейт да. Анан кээде мен  таарынымыш болуп калам, «Жок  дегенде майрамдарда гүл алып  берип койсоң боло?» деп. Аябай рационалдуу адам да, анан мен дагы ошондой болуп баратам, эмне керек болсо, ошол нерсени белекке берип. Быйыл карасам, одеколону түгөнүп баратыптыр, ошону алып берем го.

– Кубат Калбекович  үйбүлөдө кандай жолдош, кандай  ата?
– Кубат Калбекович жакшы жолдош, камкор ата. Ал сыртта дагы, үйдө дагы бир калыпта жүргөн адам. Кээ бир кишилер сыртта жүргөндө сонун, үйгө киргенде залим, же, тескерисинче болуп калат экен. Маанайына жараша балдары менен тамашалашып калат. Анан өзүнүн оюна берилип кетсе, жанында сүйлөп атсаң да укпай калышы мүмкүн. Балдар «Папама айтып атсам да укпай койду» деп көп таарынып калышат. Кээ бир кишилер «Кубатбек Байболов боюн көтөргөн киши экен, жанынан өтүп баратсам учурашпай койду» деп айтып калат. Катуу ойлонуп аткан болсо, жанынан мен өтүп баратсам дагы көрбөй кете бериши мүмкүн.

– Сизге жакпаган мүнөзү кайсы?
– Аны айтсам  эми таарынат да, элге жарыя  кылып атасың деп (Күлүп)… Бир  нерсесин жоготуп алып эле менден көрө берет. Баягыда  паспортун жоготуп, ой мени кууруп жеп, жарым жылдан кийин өзүнүн эле курткасынын чөнтөгүнөн чыкпадыбы. Күйүп кетесиң да ушинткенде.

– Чогуу  отуруп саясый окуяларды талкуулап  каласыздарбы?
– Күндө кечинде  талкуулайбыз. Азыр Кубат Калбекович компьютерди аябай мыкты үйрөнүп калды. Айпады бар, тим эле тытат. Күн сайын интернет сайттагы жаңылыктардын баары менен таанышып чыгат. Көбүнчө «Эхо Москвыдан» тарыхый берүүлөрүн көп угабыз. Анан отуруп алып, экөөбүз талкуулайбыз, теориялык талкууларыбыз көп болот. Кызыл-чеке болуп талашпайбыз, себеби экөөбүздүн саясий көз караштарыбыз, позицияларыбыз дал келет.

– Үйбүлөдө  казан-аяк кагышат деп коет, сиздерде  эмнеден улам кагышып турат?
– Кагышкан учурлар  болот да сөзсүз. Бизде жанагындай, паспортун жоготкон учурдагыдай  эле майда-бараттардан улам кагышып турат. Акыркы жылы ушул салган үйүбүздүн тегерегинде көп талаштык экөөбүз. «Мындай кылабыз» деп мен айтсам, ал жактырбайт, же мен анын айтканын жактырбай калам. Мисалы, «ит сыртта үшүйт, үйдөн орун кылалы» десем, байкеңер «кыргыз качан үйүнө ит бакчу эле, болбойт» деп макул болбойт. Мына ушундай эле маселелерден чыгат тартыш. Кудайга шүгүр, үйбүлөбүздө балдардын тарбиясына байланышкан же дагы башка олуттуу маселелер менен уруш болбойт.

– Таарынышканда  канча убакыт сүйлөбөй жүрөсүздөр?
– Кээ бирөөлөр  айтат «бир ай, бир жума  сүйлөбөй койдум»  деп. Мен ошондойлорго таң калам.  Биз анте албайбыз, көп болсо  5 мүнөт сүйлөбөй коюшубуз мүмкүн, анан кайра эле кантип сүйлөшүп  кеткенибизди билбей калабыз.

– Үйбүлөдө негизги  маселени ким чечет?
– Бир анекдот айтып беришти эле мага. «Майда барат маселелерди аялым чечет, чоң маселелерди мен чечем. Бирок үйлөнгөнүбүздөн бери чоң маселе боло элек» деген экен бирөө. Бизде деле ошондой (күлүп). Балдардын келечегин, окуулар тууралуу жана башка олуттуу  маселелерди экөөбүз чогуу, кеңешип чечебиз.

– Көп саясатчылар  «Мен жубайымды саясатка аралаштырбайм»  деп мактанып калат, Кубат Калбековичтин  ошенткен учурлары болгон жокпу?
– Байкеңер мени шаардык кеңешке депутаттыкка ат салыш деп болбой өзү сүйрөп келген да. Кубат Калбекович гендердик маселелерди да тең караган адам. Өзүнүн төрт кызы бар, менин түшүнүгүмдө, уулдарына караганда кыздарына аяр мамиле кылат. Апасына да аябай аяр мамиле кылчу.

– Балдарыңыздын  саясатка аралашын каалайт белеңиз?
– Жок, эч качан. Атасы  дагы алардын саясатка аралашуусуна каршы. «Же илим менен алектенгиле, же бизнес менен кеткиле» деп кеңеш беребиз. Биздин бактыбызга жараша, балдарыбыздын экөө чыгармачылык менен алектенет окшоп турат, буюрса. Эки улуусу бизнеске окуп жатышат. Кичинекейлерин эми көрөбүз го.

– Саясаттан эмне  таптыңыздар да, эмне жоготтуңуздар?
– Саясаттан эмне тапканыбызды  мен айта албайм. Көчөдө жүрсөк  көп адамдар тааныйт. Балким, саясаттан  биз таанымалдуулук тапкандырбыз. Кайсы бир иштерди ишке ашырып, балким, моралдык ырахат алгандырбыз. Бирок материалдык жактан алганда саясаттан чыгым болдук. Бакиевдердин куугунтугуна кабылып, бизнесибиз да каралбай калып материалдык, моралдык чыгымга кабылдык. Ошол учурда жалгыз Байболов кетип калгансып азыркы бийликтегилер «качып кетти» деп жүрүшпөйбү. Биз деле билебиз, алар да убагында чет өлкөлөргө  качып кеткен. Бирок биз бирөөнү дагы «сен качып кеткенсиң» деп айткан эмеспиз. Себеби, кырдаал ар кандай болушу мүмкүн. Иштеп аткан жеринен, бизнесин таштап, чемоданын сүйрөп, беш баласын алып чыгып кетиш өзү оор чечим болчу. Биз кеткенден кийин бизнесибизден кол жууп калышыбызды билип эле турдук, бирок айла жоктон ушул кадамга бардык. Америкага «жыргап барып келишти» деп жүрүшпөйбү, ошолорго айтат элем «силер да ошентип «жыргап» барып келгиле, ылайым» деп.

– Өзүңүздүн мүнөзүңүздү  кандай сүрөттөйт элеңиз?
– Бир нерсеге берилсем, аябай «кайнатып» жиберем да. Баш отум менен кирип кетем.  Айрым учурларды бул нерсенин  зыяны тийип калат өзүмө. Ошон үчүн анчалык берилбей коомай карап туруш керек окшойт деп ойлоп калам. Бапырап эле баарына жардам бергим келе берет, ал жардамыңды деле түшүнгөн адам бар, түшүнбөгөн адам бар. Эң негизгиси ким менен кандай мамиле кылбагын, чын дилден, жасалмалуулугу жок мамиле кылышың керек. Адамдар ким алдап, ким калп айтып атканын жакшы билет. Азыркы саясатта деле көрүп атпайбызбы, бир партиянын лидери менен экинчисин кагыштырып, анан сырттан карап турушкандарын. Карапайым эл түшүнбөй калышы мүмкүн, бирок калгандары байкап, түшүнүп, башын чайкап, анткорлуктун туу чокусуна чыккан саясатчы сөрөйлөрдүн кылыгын жийирекенүү менен карап турушат. Аягы жакшы болбойт  деп ойлойм, себеби куулуктун, митаамдыктын дагы чеги болуш керек.

– Жаңы жылдан  эмнени күтүп атасыз, пландарыңыз кандай?
– Тынччылык болсун эң  башкысы. Жөн эле жашамай.

– Активдүү саясатка  аралашпайсыздарбы?
– Саясатка аралашуу үчүн  саясат болуш керек да, азыр  саясат жок.

«Саясаттан эмне тапканыбызды  мен айта албайм. Көчөдө жүрсөк  көп адамдар тааныйт. Балким, саясаттан  биз таанымалдуулук тапкандырбыз. Кайсы бир иштерди ишке ашырып, балким, моралдык ырахат алгандырбыз. Бирок материалдык жактан алганда саясаттан чыгым болдук.»

Маектешкен Дилбар АЛИМОВА