Орозбек Дүйшеев, Тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчиси: “Өнөр жайды саясатташтырбаш керек”

Orozbek Duysheev– “Кумтөр” боюнча маалымат жыйынын өткөргөнү жатыпсыздар. Кайсы маселени талкуулайсыздар?
– Тоо кен өнөр жайынын Кыргызстандын экономикасында алган орду чоң. Тоо кен өнөр жайын өнүктүрмөйүнчө биздин Кыргызстандын экономикасы алдыга жыла албайт. Бүгүнкү күндө тоо кен өнөр жайынын абалы оор. Мисалы, “Кумтөр” маселеси бүгүнкүгө чейин чечиле элек. Ал эми Жер үй алтын кениники эми эле башталып атат. Анын келечеги кандай болору белгисиз. Мына ушундан улам бизге инвестиция келбей жатат. Талды-Булак кениндеги комбинат былтыр август айында ишке кириши керек эле, ал ишке кирген жок. Түштүктө дагы бир комбинат курулуп атты эле, ал ишке берилген жок. Ошондуктан 2014-жылы Кыргызстанга келген инвестициянын саны 2013-жылга салыштырмалуу он эсеге азайды. Демек, жок болду. Биздин мамлекетибиздин ичиндеги чыр-чатактарды чечпегендин негизинде бизге сырттан инвестиция келбей калды. Алар бул мамлекетке барсак болобу же болбойбу деп чочулап жатышат. Маалымат жыйында биз жогоруда айтылгандарды элге түшүндүрүп, туура эмес маселелерди оңдоп, бизге өкмөт көңүл бурабы деген максат коюп атабыз. Бийликтегилердин каталыгы – адистер менен, илим менен иштешпейт. Алар илимди, адисти түшүнүшпөйт. Ошондуктан бардык жасаган иштеги катачылыктар илимдин негизинде кетип атат. Дүйнөдө илимсиз, адиссиз иш жүргүзүүгө болбойт. Тоо кен өнөр жайы – татаал өндүрүш. Бул жерде адистер гана иштеши керек. А бизде тескерисинче. Маселен, “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр түбүнө жетти. Эмне үчүн? Кеңеш берүүчү комиссиянын ичинде бир да тоо кен инженери жок, өкмөттө, жооптуу кызматтарда тоо инженерлери жок. Мына ошого карабастан, алар ар түрдүү түшүнүксүз маселени коюп атып, тоо кен өнөр жайын ушундай абалга алып келди.

– Президент биргелешкен ишкана түзүүдө Кыргызстандын үлүшүн 50%дан өйдө көтөрүүгө мүмкүн эместигин айтты деп Өмүрбек Текебаев сындап чыкты. Кимисиники туура?
– Текебаевдердики бүгүнкү күндө жөн гана саясат болуп атат. Тоо кен өнөр жайына саясаттын кереги жок. Анда жалаң инженерлер иштеши керек. Жалпы эле өндүрүштү саясатташтырбоо керек. Саясатташтыруу жалпы эле экономикага жаңылыштык алып келет. Кеп көтөргөндө эмес, ошол «Кумтөрдөн» түшкөн акчаны биз келечектеги экологиянын коопсуздугу үчүн колдонушубуз зарыл.

Акылбек Чынтемиров