Президент аялын жетелеп жүргөнгө акысы жокпу?

Atambaev ayaly menen ObamaПрезидентибиз Алмазбек Атамбаев иш сапарларында жубайы менен жетелешип басканын социалдык тармактарда активдүү талкуулашып, аны сынга алгандар да болду.

“Кыргыздын каада-салтын бузуп, аялын жетелеп жүрөт, жөн эле басса болбойбу?” дегендер чыкты. Аларга жооп иретинде “Протоколго ылайык мамлекет башчылары жетелешип жүргөнгө укуктуу. Керек болсо, Барак Обама, Михаил Горбачевдор деле аялын колунан жетелеп жүргөн” деп сүрөттөрүн да илгендер болду. Негизи президенттин аялы менен жетелешип басканы туурабы деп сурамжылап көрдүк.

Айнуру АЛТЫБАЕВА, ЖКнын депутаты:
– Жетелешип жүргөнү абдан туура. Сөзсүз түрдө президент аялы менен жүрүшү керек. Айрыкча, чет мамлекеттерге чыкканда. Эгерде өзү жалгыз жүрсө, туура эмес болот. Эл аралык протоколдо да «президент жубайы менен жүрүшү керек» деп жазылган. Чет мамлекеттин президенттери да бизге жубайлары менен келгенде, жетелешип эле жүрүшпөйбү?

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖКнын депутаты: «Эл аралык стандартка туура келет»
– Президенттин ар кандай жолугушууларга жубайын ээрчитип жүргөнү туура. Бул эл аралык стандартка да туура келет. Колунан кармап жетелеп жүргөнү өзүнүн иши да, Барак Обама деле жетелеп жүрбөйбү?

Досалы ЭСЕНАЛИЕВ, “Бир бол” партиясынын жооптуу катчысы:
– Бул туура эле нерсе. Жетелеп алса эмне экен? Эгерде президент үй-бүлөлүү болсо, башка мамлекетке расмий же мамлекеттик визиттер менен барса, сөзсүз түрдө дипломатиялык протоколдун талаптарын аткарышы керек. Башкача айтканда, ал каалайбы же каалабайбы – жубайын алып барганга милдеттүү. Президенттин жубайы визит учурунда дайым эле анын жанында боло бербейт. Протокол боюнча тосуп алуу убагында жана сый тамак учурунда гана жанында болот. Башка учурларда, официалдуу сүйлөшүүлөрдүн учурунда расмий делегация мүчөлөрү гана катышат. Президенттин жубайы үчүн тосуп алуучу тарап атайын маданий программа уюштурушат. Жумушчу визиттердин учурунда президентти жубайы коштоосу сөзсүз эмес.

Элнура КУЛУЕВА, журналист: «Кыргызда аялын ээрчитип жүрөт десе өөн көрүнөт»
– Бизде «Журт атасы» деген түшүнүк бар, өлкө башчысы коомдун жүзү да. Чет жакка чыкканда коомчулук президентке карата түздөнө тургудай бардык нерсеге үлгү болуп турушу керек деп ойлойм. Андан сырткары, эл аралык протоколдор бар. Орто Азиянын президенттери биздин көз алдыбызда. Алар расмий иш сапарларда аялы менен самолеттон жетелешип түшүп, залга жетелешип кирген фактыларды көрө элекпиз. Кыргыздарда «аялын жетелеп жүрөт» десе өөн учурайт. Биз ушундай баалуулуктарыбыз менен өзгөчөлөнүп турабыз. Бир учурда Аскар Акаевди деле аялын ээрчитип жүрөт деп сынга алганбыз. Бирок алар жетелешип жүргөн эмес. Ал эми коңшу мамлекеттердин президенттеринин жубайларын ээрчитип жүргөндөрүн көрө элекпиз. Былтыр Японияга иш сапары менен барганда да бардык жерде аялын жетелеп жүрдү, антпей башкаларга үлгү болуп койсо болмок. Маселен, самолеттон түшүп келе жатканда аялынын колун кармап жардам бериши мүмкүн. Бирок кызыл килемде басып келе жатканда кол кармашып алгыдай жаш түгөйлөр эмес да, же бир сынакка катышкан жок да. Бул мага жат көрүнүш катары көрүндү.

Туратбек МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын депутаты: «Жетелешип басканы өөн учурайт»
– Негизи мен бул жагын жакшы билбейт экенмин. Менимче, бул протоколго жараша болот. Айрым иш сапарларга келинчеги менен барууга туура келсе, кай бирине жалгыз барууга туура келет. Муну туура же туура эмес деп айтуудан алысмын. Бирок келинчегин колунан жетелеп жүргөнү бизге өөн учурайт.

Кымбат Турдубекова