Президентке кат: “Алиянын өлүмү коом үчүн, мектеп рэкетчилигин,  кыздарды зордуктоону жоюу үчүн керек болгон окшойт деген ойго кетебиз”

Prezidentke katУрматтуу Алмазбек Шаршенович!
Биздин «Кылым шамы» адам укугун коргоо борборуна Бишкек шаарынын тургуну Сактанов Асилбек: «Кызым Сактанова Алиянын 10.05.2015-жылы белгисиз адамдардын кысымы менен өлгөнүнө байланыштуу күнөөлүүлөрдү таап, мыйзам чегинде жооп берүүсүнө көмөк көрсөтүңүз. Мен майып адаммын. Жактоочуга төлөй турган мүмкүнчүлүгүм жок. Жардам берүүңүздөрдү суранам» деп 18-майда кайрылган. Бизден сырткары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБине да төмөнкүдөй түшүнүк кат менен кайрылган.

Түшүнүк кат
Менин түшүнүк кат жазуумдун себеби, 2015-жылдын 10-майында менин кызым Сактанова Алия белгисиз адамдардын кысымынан асынып, каза болду. Шаардагы №54 мектептин 7-классынын окуучусу эле. Кызым каза болгодон кийин ал жазып кеткен акыркы каттарын алдым. Классташ кызы Нурпери үйүмө келип, 10-класста окуган Айжан аттуу кыз Алияга 300 сом салыкты салганын, андан улам кызым классташтарынан акча сураганын айтып берген. Класс жетекчиси Боронбаева Гүлай «Мен ал 300 сом жөнүндө билген эмесмин, 30 сом бир классташына, 12 сом бир классташына карыз экен» дейт. Мектептин медайымы кызымдын «боюнда бар экен» деп медициналык текшерүүгө алып барган экен. Бул тууралуу үй-бүлөмдүн бир да мүчөсүнө билдиришкен эмес. Ошондон кийин мектеп окуучуларынын арасында ушак тарап, көңүлү чөгүп жүргөн экен. 10-11- класстардын балдар-кыздары Пригородныйдагы кайсыл бир мектепке менин кызым Алияны да алып барышкан экен. Баргандардын ичинен эң кичүүсү менин кызым Алия болгон экен. “Салык” тууралуу интернетке жазып кеткенин да таптык. Мектепте чогулуш өтүп, менин кызымды чакырышып,  талкуулашкан. Менин колума 15-май күнү тийди.

А. Сактанов

Бул Алиянын атасынын жазган түшүнүк каты. Жогоруда атасы айткандай, кызды медайымдар боюнда бар деп текшертишкенден кийин бул жарыя бардык мектепке тарап, Алияга чоң класстын балдары «мени менен жатасың, чечинтебиз  деп тийише баштаган. Негизи Алия 10-май күнү кечки бештерде өзүн өзү асып алган. Анын каза болгонун угуп 11-май күнү мугалимдери, түштөн кийин классташтары келишкен. Ошондо Ферузе деген классташ кызы мага кат таштаган деп 10 катты директорго тапшырган экен. Директордун айтуусу боюнча жаш өспүрүмдөр менен иштеген Урмат аттуу милициянын колуна берген экен. Арадан 6 күн өткөндөн кийин мен Ошто жүрсөм, бирөөлөр «Азиза эже, каза болгон кыздын акыркы каттары колдон- колго өтүп жүрөт» деп айтышты. Мен Төлөгөн деген жигитке чалып,  каттарын ал десем макул деген эле. Эки сааттан кийин каттарын алдыңбы деп Төлөгөнгө чалсам, «мага алып келишти» деди. Анан 15-май күнү шаарга келип,  ат-энесине жолуктук. Азыр салыштырсак, беш катты досторуна жазган. Ал эми мамасына, Гүлай деген класс жетекчисине жазган катынын негизинде 18-май күнү кылмыш иши ачылган. Бирок 20-май күнү гана ишти карай башташкан. Ага чейин директору нааразы болуп «сотко жеткирбей эле койбойсуңарбы» деген эле. Ата-энесинин уруксаты жок гинекологго алып барганын айтсак, «Ал биздин укугубуз. Ата-энеси билсе,  уруп- согуп коет» дешкен. Алар ата-энесинин көңүлүн оорутканга чейин барышкан. Ошол эле учурда Мунар жана Датка деген балдарга жазган эки катты кокусунан эле таап алып атпайынбы.  Көрсө, эки катты катып алышкандай. Себеби ал катта «Мен өзүм каалаган жокмун. Мени мажбур кылган адамды таап,  мага жибер. Менден кечирим сурасын» деп жазып атат.  Эгерде биздин уюм киришпегенде, катты таппай, ата-энеси жалдырап эле отуруп бермек да.

Урматтуу Алмаз Шаршенович! Каза болгон Алиянын өлүмүнүн себебин ачыкка чыгарып берсеңиз жакшы болор эле. Акыркы кездерде жаш кыздарды зордуктоолор көбөйүп, адамдын үрөйүн учуруп атат. Балким, Алиянын өлүмү коом үчүн, мектеп рэкетчилигин,  кыздарды зордуктоону жоюу үчүн керек болгон окшойт деген да ойго кетебиз. Ушул кыздын өлүмүнөн кийин, чырылдап жазган каттарынан кийин жаш кыздар өз өмүрлөрүн өзүлөрү кыйбайт деп ишенгибиз келет.

«Кылым Шамы» адам укугун коргоо борбору