Президентке кат: “Мамбетакунов көзү азиздерге берилген үйдү ден-соолугу таптаза тууган-уругуна таратып, биз үйсүз калдык”

Prezidentke kat 1Кыргыз Республикасынын
Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр
коомундагы майыптардын атынан:
Тобокел уулу Алтынбек,
Караева Гүлсара,
Орозбакова Лиза,
Койгельдиева Гульзана,
Жумазова Айсулуулардан

Кайрылуу

Урматтуу Алмаз Шаршенович! Биздин Сизге кайрылып жатканыбыздын себеби, биз, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү (майыптар), майып болуп жаралганыбыздан эмес, адамдык укугубуз, жашообуз өзүбүзгө окшогон, бирок колунда бар адамдар тарабынан кордолуп, тебеленип, эч керексиз болуп калганыбызга ызаланып, сизге кайрылып отурабыз. Биздин жетекчибиз Мамбетакунов Калык Барктабасовичке нааразычылыгыбыз көп болгондуктан жана бул нааразычылык көп жылдан бери басылып жатканынан улам сизге акыйкат издеп кайрылып жатабыз. 2015-жылдын 24-январы күнү Көк-Жар конушунан майыптарга үй берилди деп кечинде уктук. Үй берилип жатканы тууралуу эч кандай маалыматыбыз жок болчу. Үйдү берердин алдында майыптарды чогултуп чогулуш өткөрөт деп ойлочубуз. Бирок, тилекке каршы, квартираларды тымызын бөлүп жиберишиптир. Мамбетакунов Калык биздин кандай шартта жатканыбызды билчү, биз буга чейин өзүбүздүн жашоо-шарттарыбыз тууралуу маалымат бергенбиз. Канча жылдардан бери көпчүлүгүбүз батирлеп жүрөбүз жана жумушубуз жок болгондуктан көчөдө ырдап, тилемчилик менен жашайбыз. Ушул үйдөн да калып калбайлы деп жетекчибиз Мамбетакуновго бат-баттан барып эскертип турчубуз. Кезекке эчак эле туруп, документтерибизди жыл сайын жаңылап турчубуз. “Силерге сөзсүз берилет” деп убада берип келип, ал сөзүнө турган жок. Тескерисинче, майыптардын атын пайдаланып, коом куруп, мамлекеттик бюджеттен акча бөлдүрүп, Тунгучтан, 6-кичирайондон, Жал кичирайонунан 2008-2015-жылы Көк-Жар конушуна курулган тамдардан, ким акча сунса, ким шапкесин берсе, кол астындагы кызматкерлерине, өздөрүнө, аялына, баласына, өкүл баласына, бир тууган карындаштарына, балдыздарына үй берип, бизнеске айлантып жиберген. Бир эле үй-бүлөдөн убактылуу ажырашып, эки үй алгандар бар, бир эле адам 2-3 үй алып, кайра сатып бизнес кылгандар да бар.

Факт катары:
Мамбетакунов Калыктын өкүл баласы Ормуков Темирлан, мурун Фучиктеги №16 жатаканадан бөлмө алып, аны сатып жиберген. Мамбетакунов менен соттошуп, анан кайра тынчтык келишимге келишип, эми азыр экөө сүйлөшүп, берилген жаңы үйдөн №20 квартираны алды.

Касымов Ниязбек – бизнесмен, ишкер, жеке менчик цехтери бар, жашоо-шарты жакшы. Арча-Бешик конушунан жер чегин алып, эки кабат үй курган, андан кийин 1990-жылы Тунгуч-2 кичирайонунан 2 бөлмөлүү квартираны коомдон алган, эми жаңы курулган Көк-Жар конушунан дагы алып жатат.

Курманакунов Алманбет деген жигит мурда Жалдан алган, андан кийин 6-кичирайондон да алып, эми жаңы берилген үйдөн дагы алып жатат.

Кожокеев Жапар Кожокеевич, Токмок, Оштун УППсында жетекчи болуп иштеп турганда өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, Ош шаарындагы берилген квартирадан алган, ошол эле учурда жер чегин да алган, андан кийин Бишкек шаарындагы 6-кичирайондон квартира алган. Азыркы учурда Чүй областынын Москва районуна караштуу Садовое айылында УППда жетекчи болуп иштейт, жаңы берилген үйдөн аялы Калдыбаева Жыргал алып жатат. Кожокеев Жапар Токмокто УППнын жетекчиси болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, коомго бөлүнгөн каражаттарды сарптап салган, андан сырткары чоң эки кабат үй салган. Мунун былык иштерин Мамбетакунов жаап-жашырып жүрөт.

Касымбаева Гүлүм мурда 6-кичирайондогу үйдөн алып, жолдошу Мамбетказиев Бактыяр жаңы үйдөн алып отурат.

Кудайкулова Айгүл Ош шаарындагы көзү азиздер мектебинде жетекчи болуп иштейт. Каттоосу Ош шаарында, ден-соолугу таптаза, 6-кичирайонунан №2/2 үйдөн №21 квартираны алды.

Канашаева Зарыл – Мамбетакуновдун оң колу 2009-жылы Көк-Жар конушунан берилген үйдөн 1 бөлмөлүү квартираны ден-соолугу таптаза, майып эмес уулуна алып берген. Андан кийин 6-кичирайондон дагы үй алган. Өзүнүн коомдон алган жер үйү бар, Фучиктеги №16 жатаканадан да 2 бөлмө алган.
Ошол Канашаева Зарылдын дудуктар боюнча котормочусу Айзаданын иниси Көк-Жар конушунан квартира алды. Кезекке турганына бир жыл болгондо эле алып атат. Бизге окшогондор канчалаган жылдар бою кезек күтүп отурабыз.

Бекназаров Шамшы Мамытович коомду Түштүк региону боюнча жетектейт. Мурун бул адам коомдон үй алып, андан кийин аялы менен убактылуу ажыраша калып, 2012-жылы Ош шаарында берилген Анар кичирайонунан 3 бөлмөлүү үй алган. Бүгүнкү күндө аялы менен чогуу жашап жатат.
6-кичирайондон берилген №2/1 үйдүн 4-кабатында К.Мамбетакуновдун бир туугандары, баласы, карындашы, жээндери жашайт. Алар – ден-соолуктары таптаза адамдар.

№2/1 үйдүн 6-кабатында №27 квартирада Мамбетакуновдун таанышынын кызы жашайт, анын да ден-соолугу таптаза.

Ушул үйдүн 14-квартирасында ушу кезге чейин эч ким жашабайт.

Бишкек шаарындагы №1 УППда директор болуп иштеп кеткен Рахманов Токтомбектин ден-соолугу таптаза кызы жашайт. Атасы кезекке турган эмес.

№2/2 үйдүн №38 квартирасында ден-соолугу таптаза адамдар жашайт.

Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндөгү №16 жатакананын 4-кабатындагы 8 бөлмөнү квартирага беришип, ал үйдүн домкому Назарбекова Тамара, Зарыл Канашаевна, К.Мамбетакуновдор биригип алып, акчаларын бөлүшүп, өздөрүнчө бизнес кылып алышкан. Ал эми Назарбекова элди пропискага тургузуп, өзүнчө эле башка бизнес жасап алган.

Бул тизмебиз өтө узун. Мамбетакунов өз туугандарын бул коомго жумушка орноштуруп, алардын баарына үй алып берип, чалмакейин каалаганча чалып жатат. Бизге окшогон чынында эле үйгө муктаж майыптыгы бар адамдар минтип кезек күтүп отуруп эле калып калып жатат. Бул көйгөйлөрүбүздү айтып, кайрылбаган жерибиз калган жок. Прокуратура органдары ар кайсы шылтоолорду айтып, кылмыш козгоодон баш тартып жатышат.
К.Мамбетакуновго берилген “Даӊк” медалы менен 3-даражадагы “Манас” ордени жана төш белгиси, Кыргыз Республикасынын элди тейлөө боюнча ишмер деген наамы майыптарды кордосун, мазактасын, же бизнес кылсын деп берилген наамбы?

Урматтуу Алмаз Шаршенович, сизден үмүтүбүз чоң. Биздин коомдо болуп жаткан былык иштерди өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз, ушулардын сообу тиер.