Президентке кат: «Уулубуздан айрылганыбыз аз келгенсип, автоаварияга шектүүлөр ээн-эркин сайрандап жүрүшөт»

PrezidentКыргыз Республикасынын Президенти
Атамбаев Алмазбекке
Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун
Дархан айылынын С. Рыскелди көчөсүнүн
№17 үйүнүн тургуну Койчуманов Эсентурдан
Ачык кат

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Байлык деген чың ден-соолугуң жана балдарың турбайбы. Жалгыз уулубуз Мирбектен ажыраганыбызга бир жыл бир ай болуп, өңүбүз саргайып, үнүбүз бүтүп, көз жашыбыз кургап баратат. Мыйзамдын адилеттүүлүгүнө ишенип турсак дагы, аны аткарган орган кызматкерлери адилеттүүлүктү сактабай жаткандан кийин сизге кайрылууга аргасыз болуп олтурабыз. 1982-жылдын 19-январында туулган уулубуз Мирбек төрт кыздын көч башындагы тунубуз эле. 2014-жылдын 19-мартында кечки саат болжол менен 18. 30- 20. 30 убактысында Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол жолунун 208-чакырымынын 700 метр автожолундагы автокырсыктан уулум каза болуп калды. Буга шектүү делген “Ак-Каз” ЖЧК тиешелүү ак түстүү “Мерседес-Бенц» будка, мамлекеттик номери В 82-69 AL автоунаа Мирбекти сүзүп кеткенин уктук. Уулумду акыркы сапарга узатып жатканда, 22-март күнү кошунабыз Турусбек уулу Ильяз жоон топ кошуналарыбыз менен сүйлөшүп турган адамдарга болгон окуяны айткан экен. Ошол 19-март күнү кошунабыз Турусбек уулу Ильяздын бир тууган иниси Турусбек уулу Арсланбек айтып берген. Кытай айылынын күн батыш тарабында, Жети-Өгүз айылына жете бербей, жалгыз жол ортосунда эки колун жайып Мирбек машинамды катуу муштады, бирок жанымда олтурган экөө – чогуу иштеген балдар “токтобой эле кой, маска теңелбей” дегенин айткан. Арсланбектин машинасын таанып, уулубуз аны тоскон экен. Уулум ичимдикти берилип ичкен жан эмес, ошол күнү шайтан азгырып, ичип койгондур, бирок темселеп мас болгуча ичкенине ишене албайм. Мирбек адамгерчиликтүү, кичи пейил бала экенин кошуналарыбыз Өскөн Асанбаев, Жангазы Иманакунов, Таалайбек Борончиев жана башкалар айтып, кат жүзүндө көрсөтмө беришкен. Дагы үч киши- Бекболот Абдыракунов, Сыртпай уулу Таалай, Кубат Исмаилов оозеки айтып, бирок кошуна туруп жаман-жакшы айтышпайлы деп жазуу жүзүндө жазып беришкен эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө ушул кошуналар кылмышка шектүү делген Ильяз менен беттештирилген эмес.
Жети-Өгүз айыл ичинен 2014-жылдын сентябрь айында менин баламдай каза болгон кырсыктын күнөөкөрлөрүн ар бир айылды үймө-үй кыдырып, бат эле күнөөлүүнү таап, түрмөгө каматышты. Көрсө ал Ак-Суу ИИБдин башчысынын бир тууган агасы экен. Мен болсо карапайым бир адам- малчымын, менин таламымды ким талашат?
Аварияга шектүү делген “Ак-Каз” ЖЧКга тиешелүү В 82-69 AL “Мерседес-Бенц” будка автоунаасы Жети-Өгүз райондук ИИБде бир гана сутка камалып, кайра кое берилиптир. Мага адвокат берилиши керек экен, берилген жок. Мурда Жети-Өгүздө ишти тергеген, азыр Балыкчы шаарында ИИБ тергөө бөлүмүндө иштеген Талант Ашымалиевге “Эмнеге шектүү машинени иликтебестен кое бердиңер” десем, “Чоңдор чалып чыгар десе чыгарам да” деп жооп берген. Арсланбектин прокуратурада жээндери иштейт экен. Дагы бир топ таасирдүү туугандары бар экенин билдим. Анан дагы бир тууганы Каракол шаарындагы областтык прокуратурада иштейт экен.
Урматтуу Президент! Сизге чейин арызды экс- Башкы прокурор А. Ж. Салянова, Ички иштер министри М. Турганбаев жана ЖК депутаттары Ө. Текебаев менен Э. Сабировго жолдогом. Бирок айланып келип эле арызым Жети-Өгүз райондук ИИБге келип, тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Зикиралиев Улан жана прокурордун орун басары Араз деген жигитке күнүбүз түшүүдө. У. Зикиралиевдин алдында иштеген Талант Ашымалиев экөөлөп тергөө иштерин көңүлү жок, жүр-нары жүргүзүшкөн. Эми ошол У. Зикиралиев тергөө амалдарын андан ары жүргүзөрүнө ишене албайм. Менин жогорудагы арыздарымды областтык прокуратура жана областтык ички иштер кызматкерлери Жети-Өгүз райондук ИИБге жөнөтө салышты. Биз болсо, райондук прокуратура жана ИИБ аягына чыга албаган тергөөнү облпрокуратура жана ИИБ алсабы дегенбиз.
2014-жылдын 20-ноябрында областтык ИИБ начальниги Салиев Эмилдин чакыруусу менен анын иш кабинетинде болдук. Ал 22-ноябрда тергөөчү Жылдызбекке табыштады. Жылдызбек бизди областтык ИИБдин тергөө бөлүмүнө чакырды. Анда бизге тааныш тергөөчүлөр Улан менен Талант уулубуздун өлүмүнө тиешелүү кылмыш материалдары менен таанышып олтурабыз дешти. Улан “бул кылмыш иши боюнча далил жок, ушак жана башка сөздөр айтылып жатат” деп кесе айтты. Макул, алар далил таба алышпасын, бирок эмнеге Мирбекти сүзүп кеткенде, каза болгон күнү эле эч ким изделген жок, бир да машина шектелип же суралган жок? Биз өзүбүз көрсөтмө берген машинаны эмнеге бир күн эле камап, чыгарганча шашышты? Биздин үйгө куран окутуп келгендерден “Балаңарды сүзүп өлтүргөндөр милиция жана прокуратура кызматкерлерин сатып алганбыз, каза болгон баланын ата-энеси эч нерсе кыла алышпайт деп айтты” деген сөздөрдү угуп, жүрөгүбүз жарылганы турат.
Балам каза болгондон он ай өткөндөн кийин шашкан киши болушуп, тергөөчүлөр “трасологиялык” экспертиза дегенди жүргүзөбүз деп эми жүргүзгөнү жатышат. Менин уулум темир машина эмес да, эки машина сүзүшсө, биринин сыры бирине жугуп калчу жана темир тетиктери кабырылып, сүзүшкөн жери далил болот дегендей. Кыскасы, областтык ИИБ бөлүм жетекчиси Салиев Эмил алдаганды жакшы үйрөнүптүр же алдындагы кызматкерлери укпай калышканбы, билбейм. Э. Салиев оперкызматкер Нурланды биздин алдыбызга чакырып, ишти табыштап, “тездет” дегендей болгон, анысынан деле жыйынтык чыкпады. Райондук ИИБден оперкызматкер Улан бизди экспертиза корутундусу менен тааныштырып, «кошумчам-алымчам жок» деп кол койдуруп алды.
Айлабыз кетип, областтык прокурор А. Какеевге барсак, катчысы “кирүүгө болбойт” деп такыр киргизбей койду. “Башкы прокуратурага арыз бергем, ошонун жыйынтыгын билип алайын” деп эптеп Алиев Талгарт деген облпрокурордун орун басарына кирдим. Ал “Силердин иш боюнча кылмыш иши менен тааныш эмесмин. Райондук прокуратурага чалып байланышып, анан жооптошом» деп койду. Талгарттын айтуусу боюнча райондук прокуратурага келдик.
Райондук мурдагы прокурордун орун басары Азамат Осмоналиев “Арызыңарды алдык, кайра ишти жандандырдык, райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнө берилди” деди. «Адвокат жалдап, сүзгөн машинаны экинчи ирет трасологиялык экспертизага жибертпейсиңерби» деген жолдомо берди. Элден сураштырсам, адвокаты жок эле техникалык экспертизага жиберүү тергөөнүн милдети экен.
Бул прокуратурадан да жыйынтык болбогондо Эмил Салиевге телефон чалсам, “Райондук жаңы дайындалган милиция башчысы менен олтурам, силер айткан баланы камаптыр, мына эми иштер жүрөт” дегендей болду. Э.Салиев айткан күндүн эртеси эле камалды деген Арсланбек менин баламды сүзүп кетти деген машинасын айдап эле жүргөнүн көрдүм. Укук коргоо, милиция, прокуратура органдары сазга чөккөн адамдай эле коррупцияга малыныптыр. Азыркы күндөрү областтык прокуратурада бөлүм башчы болуп иштеген Тукубаев Азаматты бизге тиешеси бар кылмыш ишке дайындашыптыр. Анын бизге карата саламынан башкасы калп болуп чыгууда. “Жогору жакка арыз жазбагыла” деп баса белгилеп айтат, бирок жазбайлы десек, булар эч нерсени чечпей келатышат.
Урматтуу Президент, мына ошентип, бир жыл бир айдан бери тил эмизип келаткан укук коргоо кызматкерлери баламды сүзүп кеткендерден бир илинчек жок деп, алакан жайып, аягында уулумду сүзүп кеткен киши табылган жок деп ишти жаап салганы жатышат.

Маркум Койчуманов Мирбектин ата-энеси: Койчуманов Эсентур, Токтоболотова Сонункүл