Президентке кат: Жеримди “акжолчу” Динара Молдошева тартып алып, адилеттүүлүк таппай келем

Moldosheva DinaraКыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаевге
Чүй облусунун Сокулук районунун
Военно Антоновка айылынын жашоочусу
Жанызак уулу Жылдызбектен

Кайрылуу
Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сизге кайрылуумдун себеби, 2008-жылдан бери жеке менчикке болгон конституциялык укугум тебеленип келет. Адилеттик таппай жүрөм. Сот системасынын кыжырды кайнаткан негизсиз жана мыйзамсыз чечимдеринин жана мурунку «Ак жол» партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаты, учурда Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Динара Молдошеванын жосунсуз аракеттеринин айынан акыйкаттык издеп келем.
Келинчегим экөөбүз көп жылдан бери жат өлкөдө мигрант болуп иштеп жүрүп, акча чогултуп, мыйзамдуу түрдө сатып алган 500 чарчы метр жер тилкемди Динара Молдошева ар кандай ыкмаларды колдонуп, сот бийлигине басым жасоо жолдору менен тартып алуу аракетин көрүүдө. Бул жер тилкени мен мыйзамдуу түрдө 26.03.2008-жылы нотариалдык тастыкталган сатып алуу келишиминин негизинде Жээнбаева Зээркүл аттуу айымдан 470 600 сомго сатып алгам, кызыл китеби да бар. Ал жер тилкеси Бишкек шаарынын Ленин районундагы «Ак-Ѳргө» турак массивинде жайгашкан. Сатып алган соң, үй куруу максатында ал жерге келсем, бир киши баскынчылык кылып, өзүнүн жерине менин да жеримди кошуп, тосуп алыптыр. Ал киши аз убакыттын ичинде менин жериме бак-дарактарды жана башка өсүмдүктөрдү отургузганга жетишиптир. Ал Автандил Молдошев деген адам Динара Молдошеванын атасы экен. Анын жери менин жеримдин батыш тарабында жайгашкан. Мен бул маселени тынчтык жолу менен чечүүнү көздөп, өз документтеримди көрсөтүп, эгерде бул жер тилкесине тиешелүү документтери бар болсо көрсөтүүсүн сурандым. Бирок аксакал бул жерге тиешелүү документтери жок экендигин, бирок ага карабастан менин жеримди бошотуп бербей тургандыгын айтып өтө орой жооп берди. Анан 2008-жылдын аягында жер тилкемди мыйзамсыз ээлеп алгандардан кайтарып берүүнү суранып Ленин райондук сотуна кайрылгам. Бирок аталган сотто биринчи жолу менин жактоочумдун доо арызына кол коюу укугу ишеним катта көрсөтүлгөн эмес деген шылтоо менен кайтарып койгон. Экинчи ирет жазганымда сот отурумунда Динара Молдошеванын жардамчысы Сейдакмат кызы Назира жоопкер Автандил Молдошевдин өкүлү катары келип, сот ишин токтотуу тууралуу арыз берди, ага негиз катары Бишкек шаардык сотунун бул жерде тиешелүү чечими бар деп көрсөттү. “Ал кандай болгон чечим?” деген суроого ал “Жээнбаеванын пайдасына мурун чыгарылган Бишкек райондор аралык сотунун чечимин жокко чыгарып, кайра кароого чыгардык” деп жооп берди. Мен сотко Молдошеванын ишти токтотуу тууралуу мындай арызын канааттандырбоого чакырдым. Себеби, кандай болгон күндө да мыйзамдуу түрдө мен ал жер тилкенин ээсимин да. Бирок сот ага карабастан, алардын арызын канааттандырып, ишти токтотуп салган. Көрсө, Молдошеванын жардамчысы жалган көрсөтмөлөр менен 16.04.2009-жылы Бишкек шаардык сотунун токтомун эч кимге билдирбей чыгартып алыптыр. Бишкек шаардык соту Жээнтаеванын пайдасына чыгарылган мурунку 2007-жылкы Бишкек райондук аралык сотунун чечимин жокко чыгартып, кайра коргоого жибериптир. Бул туурасында сот жердин мурунку ээсине да, мага да кабар берген эмес. Мындай кабар мени таң калтырды. Бул эмне деген шумдук? Биздин өлкө укуктук өлкөбү же баскынчылардыкыбы?
Ошол убакыттан бери соттон сотко аралашып, адилеттүүлүктү таппай келем. Урматтуу Президент! Сизден мага окшогон карапайым жарандарыңызга көңүл бөлүп коюңузду суранам. Динара Молдошева убагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жооп бериши керек. Сиз көп адамдарга жардам берип келесиз. Менин да маселемди бир карап чыгып, мыйзам чегинде чечилүүсүнө жардам бересиз деп ишенем.

Кайрылуу ээси Жанызак уулу Жылдызбек