«Президенттен келсе эмне кылайын? Бар анда, өзүнө текшертип ал” деди прокуратура кызматкери»

Prezident«Полит Клиника» газетасынын редакциясына Бишкек шаарынын тургуну Сопубеков Амангелдиден Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Атамбаевдин атына жазылган кат келген. Каттын мазмуну төмөндөгүдөй.

Ачык кат
Республикабыздагы орношуп алган коррупцияны жоюуга багытталган иш-аракеттерде эң коркунучтуусу биздин укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү атуулдарыбыздын конституциялык укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоонун ордуна кылмыштуу топторду коргоп, өз пайдаларына иштей тургандыктары, же болбосо таптакыр кайдыгер мамиле кыла тургандыктары анык экен, мен бул тыянакка өзүбүз кабылгандан кийин ишендим.
Мен балам менен 2012-жылдын 15-июнундагы келишимдин негизинде “Вертекс интернешнл” жоопкерчилиги чектелген коомдун (ЖЧК) өкүлү Жданова Екатерина Николаевнадан Бишкек шаарынын 7мкрнунда курулган (38\1 үйдөн №10-батир) үйдөн жалпы аянты 156 кв. метр (келишимде көрсөтүлгөн аянт) батирди ички жасалгалары бүтпөгөн жана сантехникалары коюлбаган абалда 115000 (Бир жүз он беш миң) америка долларына сатып алгам.
Е.Н.Жданова мага эмнегедир мен төккөн сумманы 2 квитанцияга (№дл.00118 жана №дл.00119, 13.06.12.) бөлүп жазып берди да, сатып алуу келишимди кийинки күнү бере тургандыгын айтты.
Эртеси балам келишимге барса, келишимди үйдү сатуудан чыккан салыкты, 1300 долларды төкмөйүн бербей тургандыгын билдириптир. Бул салыкты сатуучу төлөй тургандыгын билдирсе, анда келишимди бербей тургандыгын айтат. Айлабыз жок 1300 долларды (кв.№00123, 15.06.12.) төлөөгө туура келди. Ушундан кийин эки саат ичинде батирди саткандыктары боюнча келишимди беришти.
Келишимди бергенден кийин мурда берген квитанцияларды кайра өткөрүп берүүбүздү талап кылып, башка квитанция жазып бере тургандыктарын Е.Н.Жданова билдирди.
Жданованын мыйзамсыз аракеттерин көрүп, квитанцияларды нотариуска күбөлөндүрүп алып өткөрүп бердик. Квитанциялардын оригиналын алып, ал кайра эки квитанцияны (№дл.00118 жана №дл.00119, 13.06.12.) 50 000 доллардан жазып берди, анын бирине печать койду, экинчисине койбой койду. Ушундан кийин гана 10 күндөй убара кылып батирдин ачкычын жана үйгө кире турган чипти берди.
Батирдин ачкычын алып, үйгө киргенден кийин бизди фирма алдаганын билдик. Тактай келсек, батирдин жалпы аянты 156 кв. метр эмес, болгону 114,4 кв. метр, ал эми пайдалуу аянты болгону 62,2 кв. метр болуп чыкты. Келишимдеги жалпы аянттын айырмачылыгы 41,9 кв. метрди түздү.
Аянты туура келбегенин жана келишимдегиден ашык акча алганын айтып, кайра кайрып берүүнү талап кылсак, “батирди алдыңар, дагы эмне керек” деп коюшту. Иш жүзүндө, фирма түзгөн келишимдин негизинде батирдин баасы 3 075 000 (үч миллион жетимиш беш миң) сом көрсөтүлгөн. Мен болсо фирманын кассасына 116 300 (Бир жүз он алты миң үч жүз) америка долларын, б.а., Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын июнь 2012-жылдагы курсу 47,3 сом боюнча алганда мен 5 500 990 (беш миллион беш жүз миң тогуз жүз токсон) сом төлөдүм. Т.а. мен фирмага 2 425 990 (2 миллион төрт жүз жыйырма беш миң тогуз жүз токсон) сомду ашык төлөптүрмүн.
Айлабыз жок балам экөөбүз батирди ремонттоого жана сантехникасын койдурууга киришип, 30 000 америка доллар каражатты жумшоого аргасыз болдук.
“Вертекс интернешнл” фирмасынын өкүлү Е.Н. Жданованын аракеттеринен төмөндөгү кылмыштуу аракеттерди көрүүгө болот: квитанцияларды алмаштыруу жана бир квитанцияны печатсыз берүү менен 50 000 (элүү миң) долларды фирманын кассасына кириш кылган жок, анын натыйжасында мамлекетке төлөнүүчү салыкты (1300 доллар) жашырып койду, т.а., 2 425 90 сомду жашырып, андан дагы сатуудан түшүүчү салыкты мага төлөттү.
Бул көрүнүш бир гана батирден, ал эми биздин үй 55 батирден турат, бүгүнкү күнү биз сыяктуу күйгөн 25 батирдин ээси да алданып калгандарын билдирип жатышат. Ошондо фирма мамлекеттен бери дегенде 100 миллиондон ашык сом акчаны жашырып отурат. Өзгөчө жогорку суммадагы салыкты мамлекеттен жашыргандыгы боюнча далилдер укук коргоо органдарында турат.
Ушул иштердин артынан жүгүрүп жүрүп, мен көпчүлүктөн “Вертекс интернешнл” ЖЧКнын (өкүлү Жданова Е.Н.) алдамчылыгы бул адаттагы көрүнүш, б.а., кыймылсыз мүлктөрдү куруп сатуудагы классикалык көрүнүш деп атап алышкандарына күбө болдум, экинчи жактан өз чөнтөктөрүн ойлогон айрым укук коргоо органдарынын аракеттери ушул классикалык көрүнүштүн жылдыруучу күчү экенине да ишендим.
Укук коргоо органдарына кайрылуумдун айрым урунттуу жерлерин айта кетсем:
Жогорудагы мыйзамсыз иштер боюнча мен Бишкек шаарынын прокуратурасына (05.03.14.) арыз менен кайрылдым, У.Медеркулов деген алып, колун коюп берди. Алар арызды Октябрь райондук прокуратурасына (Райпрокурордун орун басары Каримовдун атынан билдирүү кат келген) жиберди. Райондук прокуратура Райондук ички иштер башкармалыгына жиберди. Райондук милициянын начальниги Кулуев Мадияр ишти тергөөчү Таштанбеков Дастанга табыштады. Бир аз күн өткөндөн кийин Д. Таштанбеков мас абалында экени билинип турган, түнкүсүн мага телефон чалып, (0559 808088 телефону менен) “Сиз эмне арызданасыз, кылмыш иш жок бул жерде” деп мени кекетип, мага эки жолу чалды. Андан кийин эле мени чакыртып, түшүнүк албай туруп эле ишти милициянын башчысы Кулуев Мадияр менен тергөөчү Таштанбеков Дастан кыскартып (Постановление от 13.04.14.) салышты.
Аргасыздан Президенттин атына арыз менен кайрылдым (08.04.14). Президенттин Аппараты (Чыгыш № А-1503, замзав. отд.суд. реформы и законности- Ж.Р. Исмаилов) катымды КР Башкы Прокурору А.Ж.Саляновага жиберди. Алар Бишкек шаардык прокуратурасына (Шатеновго жиберген, Чыг.№ 8\2-196-14, 11.04.14.) жиберди. Мен эртеси Шатеновго кирсем, ал мага “бул милициянын иши, милицияга баргыла” деди. “Кат Президенттин Аппаратынан келген” десем, “андай каттар президенттен келе берет, эмне кылайын келсе, анда барып президенттин өзүнө текшертип ал” деп кабинетинен чыгарып жиберди.
Арадан он бир күн өткөндөн кийин ишти шаардык прокуратурасынын бөлүмдүн ага прокурору Субанов милициянын токтомун жокко чыгарып, кайра кароого Октябрь райондук прокуратурасына жөнөттү. Андан кийин дагы бир айдан соң, т.а., 21.05.14. күнү №970-14 кат менен Октябрь райондук прокуратурасы (Прокурордун жардамчысы Р.Карагулованын колу менен) райондук ички иштер башкармалыгына кайрылгыла деп жооп кылды. Райондук ички иштер башкармалыгынан эч бир аракет болбогондон кийин аларга ишенбей калдым.
Айлам кеткенде, прокуратура менен милиция органдарынан түңүлүп, Республиканын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик коопсуздук башкармасына кайрылдым. Алар эки айдай мени алдап жүрүп, акыры бул ишти алар карашпай тургандыктарын билдиришти.
Акыры Президенттик Аппараттын көзөмөлү менен иш Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан 2014-жылдын 2-июлунда КРнын КЖКсынын 166-беренесинин 3-бөлүгү (“Алдамчылык”-адамдардын тобунун алдын ала сүйлөшүп алуу менен олуттуу өлчөмдө жасалган) кылмыш иши козголуп, аны иликтөө КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) ага тергөөчүсү Бакыт Сатканкуловго тапшырылды. Анда бул ишти 2015-жылдын 9-январына чейин бүтүрүп, ишти сотко өткөрүү көргөзүлгөн. Тергөөчү Б. Сатканкулов канча бир айла- амал менен биздин конституциялык укугубузду коргобой эле, ишти жаап, аны да бизге айтпай созуп жүрүп алды. Анын эмне кызыкчылыгы болгонун билбейм…
Кайра-кайра кайрылуумдун арты менен кылмыш иши кайрадан Башкы прокуратурага (декабрь 2014-ж.) барып, анда Башкы прокуратуранын башкармалыгынын прокурору Орозбек Жоомартовдо дагы далайга жатты. Менин кайрыла бергенимден улам гана кылмыш иши кайрадан ЭККМКнын кызматына жөнөтүлүп, жаңы тергөөчү Эсенов Максатка бекитилип берилди. Андан бери эле далай айлар алмашты. Эми кылмыш ишин качан аягына чыгарышат- дале белгисиз…
Кыскартып айтканда, бүгүнкү күндө жогоруда айтылган төлөм квитанциялар соттук кол жазмалык экспертизадан өткөрүлүп, аталган батирдин аянты курулуш жана архитектуралык кызматтардын комиссиясы тарабынан аныкталып, жапа тарткан адамдардын, анын ичинде менин, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндардын өлчөмдөрү так аныкталып, кылмыш ишинин ж.б. бардык жагдайлары жыйынтыкталып турса да, ишти соңуна чыгарууга укук коргоо органдарынын эч кимиси кызыктар эмес.
Ушундай убаракерчиликтен улам мамлекеттик кызмат органдарынын кайдыгерликтеринин чеги жогун көрүп, коррупциянын сазына баткан өлкөдөн чыга качкың келет!.. Бирок, бул Өлкө – биздин Өлкө, башка Өлкөбүз жок! Кимибиз болбосун кан-жаныбыз менен коргой турган таза мамлекетти курушубуз керек!
Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиздин “коррупцияны жойбосок мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз” деген тынчсызданууңузга эми ишенип отурам.
Сиздерге бул ишти көзөмөлгө алып, ишти аягына чыгартып берет деген ишеним менен, терең урматтап Амангелди Сопубеков