Рахат Ачылованын кызы Назик Бейшеналы: “Энем “Кудайга миң-мертебе ырахмат, балдарыма, жашоого ыраазымын” дептир»

achylova-Апаңыз акыркы күнү университетке сабакка барган турбайбы, эскерүүнү ошондон баштасаңыз…
-Энем (бизди баткенчесинен эне деп айттырчу эле) 5-март күнү эртең менен жумушка кетердин алдында байкеме «Кудайга миң-мертебе ырахмат, балдарыма, жашоого ыраазымын» деп айтып, үйдөн чыгып кетиптир. Мындай сөздөрдү көп эле айтчу, ошондуктан байкем өзгөчө деле маани бербептир. Жумушта синдиси менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда байланыш үзүлүп калыптыр… «Чуркап жүрүп мүдүрүлүп кете берсем» деп айта берчү. Аттиң, ошол сөзгө «90дон кийин» деп кошуп айтпайт беле… Атабыз кеткенден кийин артынан энебиз кетип, күн күркүрөп, чагылган түшкөндөй эле шок абалында турганыбызда, жакындарыбызга жана ошондой эле президент жана анын командасынын адамгерчилигине ыраазыбыз. Тез арада өкмөттүк топ түзүп, энебиздин эмгегин урматтап, кайрылбас жолго биз менен чогуу узатышты. Энебиз өмүр бою мугалимдик ишин үзгөн жок, 1966-жылдан баштап Улуттук университетте социология лабораториясынын жетекчиси, кафедра башчысы болуп иштеп баштаган. Асанбек Табалдиев жана башка агай-эжейлери менен социология кафедрасынын ишин түптөгөнүн айтып берчү. Депутат кезинде дагы университеттен кеткен эмес. Жакындан бери Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин профессору болуп, “Ал жерде кабинетим тынч, китепканасы жакшы” деп илимий ишин улантып жүрдү.

Жером менен түзгөн келишими

-Диссертацияларын үй-бүлөлүк маселеге арнап, өзү да үй-бүлөдө бактылуу жашаганын кесиптештери айтышты…
-Атабыз менен энебиздин жаны бир болчу. Акыркы жылдары атам ооруп калганда, менин парзым деп, бир жакка кетсе, үйгө кайткыча шашчу. Байке-жеңем ата-энебиз менен чогуу жашап, жакшы карашты, ошондо дагы “Жок дегенде байымдын алдында кобурашып отурайын” деп жанынан кеткиси келчү эмес. Атам да энеме назик мамиле жасачу. Совет доорунда эле энемди эркелетип, Франция, Мексика сыяктуу кооз, көркөм жерлерге эс алууга жөнөтчү. “Атаңар мени куурчактай кылып кийинтип алып жүрчү. Өзүм жадакалса кийим тандаганды дагы билбейм” деп айтып калчу. Менин француз жолдошум ата-энемден колумду сурап келгенде, энем алдыда кездешчү кыйынчылыктарды илимий түрдө талкуулап берген. Билгендей эле 1968-жылы жазган кандидаттык диссертациясы “Межнациональные браки как социологическая проблема в СССР” деген аталышта эле. Жером менен өзүнчө бир келишим түзгөнү эсимде: “Жером, сен – 60 миллиондук улуу элдин өкүлүсүң. Менин кызым жана неберелерим менен сенин француз элиң көбөйбөйт дагы, азайбайт. Бирок бир-эки чыгаан француздан биздин 5 миллиондон аз калкыбыз кадимкидей утушу мүмкүн. Сүйлөшөлү, балдарыңды кыргыз кылабыз, маа десе, кыргыздын санжырасына моңолдор, кытайлар кошулгандан кийин, француздар кошулбай эмне” деп тамаша-чынга салып сүйлөшкөн. Аны Жером туура кабыл алып, балдарыбыздын Кыргызстанда өсүшүнө макул болгон. Мен ата-энемдин жанында болоюн деп, Кыргызстанга үй-бүлөм менен кайтып келгенмин. Балдарыбыздын ысымдары кыргызча жана тилдери да кыргызча чыкты. Ата-энеси ата-энемдин алдына түшүп, биздин үрп-адаттар менен мени алып кетишкен. Энем кан жаңырып, небереси кыргызга үйлөнсүн деген максатта аяштарыбыздын кызы төрөлгөндө, ага алтын сөйкө да салып койгон: “Эми бери жагы дос болуп калышат, ары жагын ким билет?” деп күлүп.

Азыр биздин кыздар чет өлкөлүктөргө көп эле турмушка чыгып жатат, жагабы-жакпайбы, буга тыюу салуу кыйын, ар кимдин турмушу өзүнчө эмеспи. Бирок энемдин акыл-насааты ушундай эле: “Баланы эне адам кылат, кыргыз кыз-келиндери барган жеринде балдарын кыргызча үйрөтүп, кыргыз кылса, ал балдар кийин чет өлкөлөрдө жакшы билим алып, чоӊойгондо энесинин жерине жардам берсе сонун да” дечү. “Чет өлкөдө жашаган кыргыз үй-бүлөлөргө, чет жакка турмушка чыккан кыздардын балдарына Кыргызстанда жайкы “Ачылова атындагы мектеп уюштурсам, ата-энелер ишенип, балдарын жайкысын жиберет болушу керек” дечү. Ысык-Көлдө мугалим достору менен кыргыз тилин, тарыхын, Манас таануу, кыргыздын кол өнөрчүлүгүн, тамак жасоону үйрөтүүчү мектеп ачаар эле. Бул кыргызды сактоонун дагы бир амалы деп ишенчү. Баткенде дагы кыздар институтун ачуу ою бар эле.

-Кайсы тамактарды жакшы жасачу?
-Атам энеме үйдө тамак дагы жасатчу эмес: “Рахаттай илимпоз бийкечке казан-аяк карматып коёюнбу” деп. Ошондо деле энем оромо, калама жасачу. Камыр тамакка караганда күрүч тамакты, өзгөчө ашты, куртаба сыяктуу жөнөкөй тамакты жактырып жасачу.

-Индиядагы элчи кызына барып, апаңыз ден-соолугун каратып келген турбайбы. Башка балдарынын кесиптери кандай?
-Самаргүл эжем жакында эле Индияга энемди докторлорго эки сыйра текшертип, ден-соолугу жакшы экен дешкен. Ал Ленинграддагы университетти Чыгыш өлкөлөрдүн тарыхы жана араб тили боюнча кызыл диплом менен бүтүрүп келгенден бери Тышкы иштер министрлигинде атташеден министрдин орун басарлыгына чейин жетип, азыркы учурда Индияда элчи. Байкем Адам көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп, азыр жеке ишкер. Жакында эле энемди Меккеге алып барып келген. Мен Франциядан университетти бүтүрүп, докторлук диссертациямды жактап, Кыргызстанга келип Улуттук стратегия иликтөө институтунун директорунун орун басары жана Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору болуп иштедим. Азыркы учурда БУУ системасында саясий маселелери боюнча кенешчимин. Энебиздин китептерин бүтүрүп, жарыкка чыгаруу- азыркы учурда менин эң негизги милдетим.

-Ата-энеңиздин достору, жолдоштору кимдер эле?
-Жолон Мамытов, Сүймөнкул Чокморов – атамдын жакын достору эле. Энем дагы достору менен кол үзбөй, мектеп, педучилище, университеттеги курбулары менен чай ичишип турчу. Энем акыркы күндөрү бир укмуш чөйрөдө, кандай адамдардын арасында жашадык деп, «Шаакылмандар чөйрөсүндө» деген эскерүүлөрүн жазып баштаптыр. Айтматов, Чокморов, Океев, Шамшиев, Миңжылкиев жана башкалар тууралуу жазмак экен. Бирок агасы Тургунбай Садыков тууралуу гана жазып бүтүрүптүр.
Чыңгыз Айтматовду ата-энебиз гениалдуу жазуучу гана эмес, улуу инсан катары да терең сыйлашчу. Энем акыркы жолу Айтматов менен Брюсселдеги элчиликтен жолугушкан, ал киши улам атамды эле сурай бергени эсимде. Чет өлкөдөгү белгилүү адамдар менен дагы катышып турушчу: илгери Кайсын Кулиев, Людмила Гурченко, Акиро Куросава үйгө келип чай ичишсе, энем Мухаммед Юнус менен иштешти, чет өлкөлүк окумуштуулар менен катышып турчу, Астананын акими Тасмагамбетовдун диссертациясына оппонент болгон жана ушул сыяктуу көп адамдар менен жылуу мамилелери болгон.

Баткен энемдин жүрөгүнүн толтосунда эле

– Бир чет өлкөлүк окумуштуу келип, үйдө чай ичип атканда «Көп эле китепканаларды көрдүм, бирок ата-энеңдин китепканасы жалаң окулган китептерден түзүлүптүр, ар бир барак ачылып окулганы билинип турат» деп айткан. Энебиз бизди руханий жактан тарбияласа, атабыз интеллектуалдык жакка көбүрөөк көңүл бурчу. Атам үчүн китептер эң маанилүү эле, мисалы үчүн, эжем турмушка чыгып жатканда дүкөндөн 10 куту китеп сатып келип “Бул Самаргүлгө менден сеп” деген. Кыргыздар “түндүк-түштүк эмес, улуу-кичүү эмес, бай-кедей эмес, китеп окуган жана окубаган адам деп экиге бөлүнөт” деп тамашалап айтчу. Энем түштүктөн, атабыз түндүктөн болгону менен, үйүбүздө атам “түштүк-түндүк” деген сөздөргө тыюу салчу. “Кыргызстандай керемет эл жок, жер жок” деп, өлкөбүздү Таластан Чаекке чейин, Баткенден Өзгөнгө чейин кыдыртчу. Чоң энебиз менен таенебиз гана тамаша түрүндө талашып, эки жактын түшүнүк-салттарын бизге сиңиришкен. Баткен- энемдин жүрөгүнүн толтосунда эле, Баткенге жаны ооручу, бирок ошондо дагы эч качан түндүк-түштүк деп бөлчү эмес. Энемдин тереңдигин ар бир адам өзүнүн тереңдигине ылайыктуу баалап-баркташат болушу керек.

Маектешкен Айгүл Бакеева