Ретро ырлардын майын чыгарган «Чоро»

choro

Аз убакыттын ичинде эле жандуу үн менен ар кандай аспаптардын коштоосунда ырдап, таанымал болгон «Чоро» тобу «Turkvision» эл аралык фестивалында Кыргызстандын атынан чыкканы турат. Жети жигиттен турган бул топ айрыкча ретро-ырларды майын чыгара ырдаганы менен элге жагып отурат.

Марат Абылов, «Чоро» тобунун көркөм жетекчиси: Башка ырчылар дискин көтөрүп барышса, биз аспаптарыбызды көтөрүп барабыз»

– Биздин топ жети кишиден куралган. Анын ичинде мен урма аспапта ойнойм. Бас гитарада Апас Садыков, электр гитарада Азамат Имашев, клавишада Нурбек Болотбеков, домбрада Бексултан Маматкулов, комузда Марс Жайылов ойношот. Негизи эле биздин топ бир жыл мурун түзүлгөн. Ал эми топтун атын эстрада жанрын биринчи жолу түзгөн белгилүү инсан Чоро Кожомжаровдун урматына  “Чоро” деп койгонбуз. Мындан сырткары, Чоро Кожомжаровдун убагындагы эски ырларды заманга жараша кылып, жаңыча аткарабыз.

– Сахнада дайыма толук курамда чыгасыңарбы?
– Жок, ал ырдын аранжировкасына жараша чечилет, мисалы, аранжировкада комуз жок болсо комузчу чыкпайт, барабан жок болсо барабанчы чыкпайт дегендей. Кайсы аспаптын кереги жок болсо, ошол аспапта ойногон жигит чыкпайт.

– Концерттерге кп катыша бербегениңердин себеби эмнеде?
– Биз өзүбүздү жандуу музыканын жактоочусу катары көрсөтүп келебиз. Ошол жандуу музыкага татыктуу бололу деп жыл бою тажрыйба топтоп жүрдүк. Сахнага көп чыкпагандыгыбыздын себеби, биз жандуу үн менен инструменттердин коштоосунда ырдайбыз. Ал жакка барганда бизге ыңгайлуу шарт керек. Ар бир аспаптарыбызга ылайыктуу микрафондор коюлуш керек. Ошондо гана биз ойной алабыз.

– Ырчылар тойлордо фонограмма менен ырдап тыйын алып кетишет, сиздерде бул жагы кандай?
– Башка ырчылар мини дискти көтөрүп барышса, биз аспаптарыбызды көтөрүп барышыбыз керек болот (күлүп). Албетте, башка ырчылардай эле тойлорго чакыруулар көп болот, бирок биз алдын ала талаптарыбызды айтабыз. Аспаптарды жайгаштырганга шарт болуш керек. Анан өзүбүздүн аспаптарыбызды алып барып жайгаштырып, репертуарыбыздагы ырларыбызды аткарып беребиз.

– Ойногон аспаптарыңыздарга кантип кам көрөсүздөр?
– Биз колдонуп жүргөн аспаптарыбыз кымбат турат. Ошондуктан ар бир аспапты болушунча аяп, кылдаттык менен мамиле жасайбыз.

– Чыгармачылыктан кандай учурда эргүү аласыз?
– Мен жашоомдо биринчи орунга чыгармачылыкты коет окшойм. Чыгармачылык жаатында бир нерсени ишке ашыраарда көптөгөн тоскоолдуктарга душаар болобуз. Бирок, анын үзүрү мага башкача бир эргүү алып келет.

– Сиздердин да алдыга койгон ой-максаттарыңар кєп болсо керек?
– Биз жаңыдан чыгып жатканда жандуу музыканы бийик деңгээлде аткарып элдерге жеткирели деген ойдо болчубуз. Убакыт өткөн сайын алдыга койгон максаттар да чоңоет экен. Буюрса, кыргыздын ырларын дүйнөлүк деңгээлге чейин ырдап чыксак деген жакшы максаттарыбыз бар.

choro1«Turkvizyon-2013» фестивалына кандайча катышып калдынар?
–  Биздин башкы солистибиз Нурболот Теңизбек тандоо туруна аз калганда сыналгыдан көрүп «катышып көрбөйлүбү» деп сунуштап калды, «көрсө көрөлү» деп барганбыз. Биздин стилди билесиңер да, көбүнчө олуттуу ырларды ырдайбыз, ал эми фестивалдын талабы боюнча заманбап ырларды ырдаш керек экен. Биринчи турда 200 киши катышты, 200дүн ичинен 20 катышуучуну тандап алышты. Андан кийин жарым финалда 20 катышуучудан 8 калдык. Андан кийинки финалда биз жеңип чыктык. Фестивалдын талаптары тууралуу жакшы билбей эле катышып алыптырбыз.

– Калыстар тобу тарабынан кандай сын-пикирлер айтылды?
– Бакыт Алишеров деген композитор бар. Ал киши биздин кемчиликтерибизди, албетте, көрүп турду. Ал кемчиликтерибизди єзүбүз дагы абдан жакшы билгендиктен, туура кабыл алдык. Азыркы учурда ошол кемчиликтердин үстүндө иштеп жатабыз десем болот.

– Фестивалдын алкагында түркчө да ырдасаңыздар керек?..
– Бизге «өз тилиңерде эле ырдайсыңар» деп айтышкан, эми көрөбүз го. Ал жакка продюсер Канат Култаев менен барабыз. Учурда Канат байке түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өзүбүз да улуу агайларыбыз, мугалимдерибизге кайрылып, кеңеш сурап жатабыз. Эл аралык фестивалга алгачкы жолу катышып жаткандыктан, алардын кеп-кеңеши абдан керек болот.

– Фестиваль жакындаган сайын толкундануулар болуп атабы? Даярдыктар кандай?
– Учурда элдин үмүтүн актайлы деп кызуу даярдануудабыз. Калыстар тобу тарабынан айтылган сын-пикирлердин үстүндө талыкпай эмгектенип жатабыз. Чынында, биздин башыбызда ушундай чоң жоопкерчилик турат, фестиваль жакындаган сайын «Кыргызстанды татыктуу көрсөтүшүбүз керек!» деген гана ой менен жашап калдык. Буюрса, Кыргызстанды уят кылбайбыз!

choro2Нурболот ТЕҢИЗБЕК, “Чоро” тобунун солисти:

– Чыгармачылыкка кандайча аралашып калдың?
– Негизи эле биздин үйбүлөбүз чыгармачыл адамдар. Мукул Абылов деген киши болгон. Ошонун тогуз баласы бар. Анын эң улуусу Күмөндөр Абылов, Таалай Абылов, Бакыт Мукул, андан кийинкиси менин атам. Менин чыгармачылыкка аралашып калганымдын бирден бир себеби да ошол болсо керек.

– Эски ырларды аткарганда кыйынчылыктар болсо керек?
– Албетте, ар бир чыгарманы аткарууда өзүнүн түйшүгү болот. Алтынбек Сапаралиев ырдап жүргөн башка чыгармаларынын арасынан ырларды тандадык да, ошол жерден эң эле кыйыны мага “Кантың бар” болгон. Башында бул ырды ырдап баштаганда аябай эле кыйналгам. Элге жеткиликтүү болуш үчүн бул ырдын үстүндө жарым жылдай иштедим окшойт. Азыр көнүп калдым.

– Бул ырларды коомчулукка жеткире ырдаш үчүн үндү да сакташ керек да. Сен үнүңө кандай кам көрөсүң?
– Башка ырчыларга окшоп эле муздак суу ичип, семичке чакпайм дегендей (күлүп).

– Кайсы аспаптарда ойной аласың?
– Мен фортепианодо гана ойной алам.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА