Ѳрт өчүрүү кызматы менен бир күн

pojarnik 2«Ѳрт – бул тилсиз жоо» дегендей, айттырбай келип, кокусунан эле жалбырттап күйө баштаган өрттү өчүрүү үчүн Өрт өчүрүү кызматына кайрылабыз. Демейде бул кызматтын дарегине «Дайыма суусу жок келишет», «Кечигип өрт өчкөндө келет» деген дооматтар көп айтылат. Биз бир күн бою бул кызмат менен бирге жүрүп, алардын ички иши менен таанышалы дедик. Биз барган күнү бир гана кырсык катталды.

Нурлан ТАШМАМБЕТОВ, Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин өрттү алдын алуу башкармалыгынын орун басары: «Суу беш, он мүнөттө эле түгөнүп калат»
– Учурда Республика боюнча өрт өчүрүү кызматында канча автоунаа бар? Унаалар жетиштүү элеби?
– Бизде республика боюнча алганда 300гө жакын автоунаабыз бар. 2009-жылы 73 жаңы техника алып келинген. Ал биздин автоунаанын 30 пайызын гана жаңыртты. Калгандары – союз учурунда алынган эски автоунаалар. Аларды биз өзүбүз оңдоп-түзөп, иштетип келе жатабыз. Эгер Бишкек шаары боюнча айта турган болсок, он өрт өчүрүүчү бөлүгүбүз болсо, алардын ар биринде үчтөн- төрттөн автоунаа бар. Мисалы, Бишкек шаарында төрт район болсо, анын ар биринде төрттөн өрт өчүрүүчү бөлүк бар. Ага дагы жардамчы экиден кичинекей бөлүктөр уюштурулган. Ар бир бөлүктүн өзүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгүнө жараша техникалар да бөлүнөт. Мисалы, кичинекей бөлүккө эки техника, чоң бөлүккө төрт техника берилет дегендей.

– Автоунаалардан сырткары өрттү өчүрүү үчүн кандай тетиктер керектелет?
– Автоунаадан сырткары автошатыларды колдонобуз. Алар да отуз метрге чейин, элүү метрге чейин деп экиге бөлүнөт. Бизде, Кыргызстанда элүү метрге жеткен бир эле автошатыбыз бар. Ал эми отуз метрге жете турган автошатыдан ар бир бөлүктө бирден бар.

– Сиздердин жардамга муктаж болгондор көп эле болсо керек. Бир күндө канча чакырык катталат?
– Республика боюнча күнүнө он- он беш өрт кырсыгы катталып турат. Катталган өрт окуясынын басымдуу бөлүгү турак жайларда кездешет. Андан сырткары, биз куткаруу иштерине да чыгабыз. Былтыр бизде атайын куткаруучу, өрт өчүрүүчү жыйырма бир бөлүк түзүлгөн. Булар үч стратегиялык тармакта ачылды. Алар өрт кырсыгына эмес, куткаруу иштерине чыгып турушат. Мисалы, машиналар жол кырсыгына учурап, ичинде кишилер чыга албай калса, алар барып, өздөрүнүн атайын шаймандарын колдонуп, жабырлануучуну куткарып алышат. Андан сырткары, сел жүрүп, суу каптап кеткен учурда жардам беребиз. Негизинен куткаруу иштерине үч киши өзүнчө унаа, өрт кырсыгына беш киши өзүнчө унаа менен барат. Эгерде куткаруу иштери кыйынчылык жарата турган болсо, өздүк курамына өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлерин да чакырып алышат.

– Сиз бул кызматта көп жылдан бери эмгектенип келе жатыпсыз. Ары кооптуу, ары опурталдуу учурлар кездешпей койбосо керек?
– Ѳрт – бул тилсиз жоо. Биздин биринчи максатыбыз – барган жердеги адамдардын өмүрүн сактап, андан соң өрттү өчүрүү. Ошондон улам биз чакырыкка барганда эле, турак-жайдын ичинде адам барбы же жокпу деп сурап алабыз. Эсимде, мен лейтенант кезимде беш кабаттуу үйгө өрт өчүрүү үчүн барганбыз. Биз чоң кабаттын сыртынан шатынын жардамы менен бешинчи кабатка чыгып барып эшигин ачсак, чындыгында эле аябай түтүн болуп күйүп жаткан экен. Биз ичинде адам барбы, же жокпу деп шектенип «Бирөө жарым барбы?» деп кыйкырып жаттык. Бир маалда ары жактан кандайдыр бир үн чыккандай болду. Үн чыккан жерге чуркап барсак, карыган абышка жаткан экен. Мына ошол адамдын өмүрүн сактап калганбыз. Бул менин гана башыман өткөн окуя. Маселен, биздин кызматта иштеген ар бир кызматкердин башынан мындай окуялар көп өтөт. 2014-жылдын жыйынтыгы менен 200 адамдын өмүрүн сактап калдык.

– Кызматкерлер жетиштүү элеби?
– Бизде 3 000ге жакын кызматкер иштейт. Алардын отуз пайызы атайын офицерлер, калгандары катардагы кызматкерлер. Бишкек шаарындагы КГУСТА окуу жайында өрт коопсуздугу боюнча атайын кафедрабыз бар. Ошол кафедраны жылына он- он беш студент аяктап, биздин кызматка келип иштешет. Андан сырткары, биздин кызматкерлерди чет мамлекеттен окутуу үчүн РФнын Москва шаарынын жана Санкт-Петербург шаарынын окуу жайлары менен атайын келишим түзүлгөн. Ал жактарда да бир топ кызматкерлерибиз билим алышат. Алар окуусун бүтүп келип, биздин офицерлер курамын толуктап турушат. Ал эми өздүк курамга аскерде кызмат өтөп келген 18 жаштан 30 жашка чейинки балдар биздин кызматка шыктуу болсо алып, өзүбүздүн атайын даярдоо бөлүмүнөн бир айлык сыноодон өткөрөбүз. Андан соң жумушка алабыз.

– Сиздерге өрт тууралуу чакырык келип түшкөндөн кийин канча мүнөттө кырсык болуп жаткан жерге барып каласыңар?
– Биздин иш планыбызда өрт өчүрүү кызматы шаар жергесинде 3 км алыстыкка, айыл жергесинде 5 км алыстыкка гана чыгышы керек деген нормабыз бар. Эгерде убакыт менен карай турган болсок, шаар жергесинде он мүнөттө, айыл жергесинде 20 мүнөттөн 40 мүнөткө чейинки аралыкта чакырылган жерге барыш керек. Шаар жергесинде өрт кырсыгына барууда биринчи кыйынчылык – бул жол тыгындары, көчөлөрдүн тардыгы, аталыштарынын жоктугу, үй номерлеринин жоктугу болуп эсептелет. Айрым көчөлөрдө машиналар өтпөсүн деп атайын таштарды коюп, тосмо жасап салышат. Бул да бизге бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ал эми айыл жергесинде өрт өчүрүү кызматы райондордун борборунда гана жайгашкандыктан, аралыктары алыс айылдарга биздин кызматкерлер баргыча, ал жерде баардыгы күйүп, эч нерсе калбай калат. Ошондуктан биз айыл өкмөттөрү менен сүйлөшүп, өзүңөр өрт өчүрүүчү бөлүк түзгүлө деп кеңеш беребиз. Алар бир аз да болсо өчүрүп турушса, анан биз барып калат элек да. Бирок, баардыгы келип эле каражатка такалат экен.

– Көпчүлүк жарандар «Өрт өчүрүү кызматынын суусу тез эле түгөнүп калат, суусу жок келет» деп айтышат. Буга кандай дейсиз?
– Ооба, ошентип айтып келишет. Биздин өрт өчүрүүчү унааларыбыздын жаңыларына төрт тонна, эскилерине эки тонна суу батат. Эгерде жаңы машина менен өрт өчүрүү үчүн барсак, пружина менен эки жагынан өрттү өчүргөндө он мүнөт убакытта суу түгөнүп калат. Ал эми эки тонна менен барсак, беш мүнөттө түгөнөт. Суу түгөнгөндөн кийин биз сөзсүз суу куюшубуз керек да. Шаардын чоң көчөлөрүндө атайын суу булактары жайгашкан. Биз ошол жерден суу алабыз. Эгерде ошол суу булактары оң болсо, биз да өрттү тез, кыска мөөнөттө өчүрөбүз.

Нурлан ТОКСОНБАЕВ, Свердлов районунун ѲКМК бөлүмүнүн орун басары, капитан: «Он эки адамдын сөөгү чачыранды болуп кеткен»
– Биздин кызмат ары кооптуу, ары татаал. Мен бул кызматта 1998-жылы иштеп баштагам. Бул аралыктын ичинде бир топ окуяларга дуушар болдум. Негизинен шаар ичинде өрт кырсыгы катталса, 7-8 мүнөттүн ичинде ыкчам барып калабыз. Айрым учурларда жолдогу машинанын көптүгү, тыгындар биздин кызматыбызга бир топ эле залакасын тийгизет. Андай тыгындарда айдоочулар да жол бошотуп беришпейт. Ошондон улам болжонгон жерге 3-4 мүнөт кечигип барууга мажбур болобуз. Кырсык катталган жерге барган соң кызматыбызды колубуздан келишинче аткарып, адамдардын өмүрүн сактап, өрттү өчүрөбүз. Эсимде, мен жаш кезде чоң Чүй каналынын жанында өрт кырсыгы катталып, ал жерге барганбыз. Ал чыккан өрттөн он эки адам кайтыш болгон. Алардын сөөгү чачырап кеткендиктен, кимдин ким экендигин аныктоо өтө кыйынга турган. Дагы бир ирет чакырык болгонунан, шаардагы бир үйгө барганбыз. Ал үйдүн чатыры күйүп жаткан экен. Чатырына чыга турган тепкич темир болгон. Биздин кызматкерлер чатырына чыгып, электр жарыгынын зымын кыйса, экинчи жагында да ууру свети бар экен. Аны ал үйдүн тургуну болгон жаш бала кыям деп темир тепкичти кармаганда, тепкичтен ток тарткан. Себеби, электр энергиясынын бир зымы тепкичке тийип калган экен. Анан биздин кызматкерлер чоң таяк менен араңдан зорго колун тепкичтен ажыратып, жаш баланын өмүрүн сактап калганбыз. Кийин баланын ата-энеси келип «Баламды сактап калганыңар үчүн абдан ыраазыбыз» деп өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип кетишти. Мына бизде ушундай фактылар көп эле катталат.

Иман БАКТЫБЕК уулу, өрт өчүрүүчү: «Алгач адамдардын өмүрүн сактайбыз»
– Мен беш жылдан бери өрт өчүрүү кызматында иштеп келем. Беш жылдын аралыгында бир топ эле кооптуу окуяларга дуушар болдум. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү түндөсү чакырышат. Биз берилген дарекке барып, алгач эле өрт чыккан мекеменинби, турак жайдын болобу – ичинде адам бар же жок экендигин аныктап, аларга өзүбүздүн биринчи жардамыбызды көрсөтүп, андан соң өрт өчүрүү кызматыбызды ишке ашырабыз. Эгерде бирибиз ичиндеги адамды алып чыксак, бирибиз токту кесип, же өрттү өчүрө беребиз. Эсимде, 2012-жылы темир жолдон май ташуучу поезд күйүп, өрт чыккан. Биз ал жерге барып, өз кызматыбызды аткарганбыз. Бирок түнкү он экиде барып, таң атканча ал жерден чыккан өрт менен алышканбыз.

«Кир жуучу машинадан улам өрт чыккан»
Биз Ѳрт өчүрүү кызматынын бир айдоочу, эки өрт өчүрүүчү, бир команданын башчысы, күзөт жетекчиси болуп беш адамдан турган №5 бригада менен 16:01 де келип түшкөн чакырыкты көздөй 6-микрорайонго бет алдык. Аталган жерге 16:14 дегенде жетип бардык. Барсак жуунуучу бөлмөсүндө кир жуучу машина күйгөн экен. Ѳрттөн улам суу кеткен түтүкчө ээрип, астыңкы кабаттагы кошуналарынын үйүнүн төбөсүнөн суу тамган. Күйүп жатканда үй ээси үйдө болгон эмес. Үйдүн эшигинен түтүн чыгып, астыңкы кабатка суу акканда, кошуналары Өрт өчүрүү кызматын чакырышкан. Биз барганда үй ээлери жаңы эле келишиптир. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер терезе, эшиктерин ачып, өрттү автоунаадан суу бербестен, чакалап эле өчүрүштү. Кир жуучу машинадан улам келип чыккан өрттү он үч мүнөттүн ичинде өчүрүп бүтүштү.

Кымбат Турдубекова