Рыскелди Момбеков, “Учкун” ААКсынын жетекчиси: “Балык ооз эмес, бакылдаган депутат боло алам”

Mombekov 3– Рыскелди мырза, сиз журналистика чөйрөсүндө жүрүп эле кантип саясатка аралашып кеттиңиз?
– Менин журналистикада жүрүп чоң саясатка аралашып кеткеним эмес, жөн эле жүрүп журналистика чөйрөсүнө аралашып кеткеним кызык. Чынын айтсам, менин журналисттик кесибим жок болчу, атургай бул чөйрө тууралуу түшүнүгүм да жок болчу. Билбейм, бул турмуштун жазмышыбы же менин атактуу Шекер айылында төрөлүп калганыма байланыштуубу, дегеним, мен төрөлгөн айылда белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов, СССР Эл артисти Капар Медетбеков, Кыргыз эл жазуучусу Ашым Жакыпбеков, жазуучулар Жумабек Токтогазиев, Болотбек Кузьменко, дагы көп чыгармачыл адамдар өсүп чыккан да. Ал жердин өзүнүн бир касиети болсо керек деген ойдомун. Ал эми саясатка аралашканым мындай болуп калды. 2000-жылкы парламенттик шайлоодо биздин №44 Кара-Буура шайлоо округунда бийлик менен оппозициянын ортосунда айыгышкан тиреш болуп, оппозициянын ошол кездеги лидерлеринин бири Феликс Кулов ошол округдан ат салышып калды. Анын негизги атаандашы азыркы кездеги Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Алымбай Султанов эле. Кийин Феликс Шаршенбаевич адилетсиз шайлоолордун негизинде жеңилип калбадыбы. Мен дагы кара-бууралык шайлоочулар менен кошо Бишкек шаарына келип, алты ай Куловдун таламын талашып жүргөм. Абакка алып кетсе, анын боштондугун талап кылып, мандатын талашып, ар кандай акцияларды уюштуруп жүрдүк. Ошол кездерде биздин үнүбүздү бийликке, элге жеткире турган «Азаттык» радиосу менен «Асаба» гезити болуп атты. Нааразычылык акциясы болуп жаткан жерге журналисттер келсе, алар менен иштешип, саясатчылар келсе, алар менен баарлашып жүрүп эле өзүм кантип журналистика, саясат чөйрөсүнө аралашып кеткенимди билбей калдым. Акырындык менен ал акциялар да аягына чыгып, ошол кезде Замира Сыдыкова чыгарып жаткан оппозициялык «Республика» гезитине штаттан сырткары кабарчы болуп жүрдүм. Бир күнү эле Замира Сыдыкова «Сен мага дипломуңду, анан эмгек китепчеңди алып келип бер, мен буйрук чыгарып коеюн. Сенин жазгандарың аябай жакты» деп калды. Эч нерсем жок десем элейип эле калган. Ошентип «Республика» гезитинде журналист болуп иштеп калдым.

Mombekov 1– Капысынан эле келип калган турбайсызбы, ээ?
– Кийинчерээк өзүмдүн ордум журналистика экенин сезип баштадым. Анткени «Республика» гезитинде иштеп жүргөндө жазгандан такыр тажачу эмесмин. Күнү-түнү редакциядан чыкпай жазчумун. “Республика” гезити жабылып калгандан кийин «Аалам» гезитинде иштедим. Редактору Чолпонбек Абыкеев эле. Ал жерден орун басарлык кызматка чейин жеттим. Андан кийин, 2005-жылы гана аяш атам Бабырбек Жээнбеков экөөбүз сүйлөшүп отуруп, “Өз алдынча ортодо бир гезитти түптөп, каттоодон өткөрүп, чыгарып көрбөйлүбү?” десем макул болуп, «Алиби» гезитин мага каттаткан. “Алиби” менин журналистикадагы эң чоң тажрыйбам болду. Ошол гезитти мен алганда 2000ге жетпеген нускада чыкчу, мен ал нусканы 15 миңге жеткирдим. Албетте, “Агым” менен “Асабанын” нускасына жетиш кыйын болчу. Андан кийин оппозициялык “Ачык саясат”, “Эл сөзү”, “Форум”, “Фабула” гезиттерин жетектедим. Кебимди кестире чапканда, талантымды ошол тармактан таптым. Жолдошторум «Мент болуп жүрүп эле кандайча журналист болуп кеттиӊ?” дешсе, “Айтматов атабыз деле зоотехник болуп жүрүп жазуучу болуп кетпедиби” деп кутулчумун.

Mombekov 4– Ал чөйрөгө  кайрылып  баргыӊыз келбейби?
– Эч убакта барбайм же албайм деп айтпаш керек. Азырынча андай оюм жок, бул биринчиден. Экинчиден, азыркы тапта аткарып жаткан кызматым бар. Журналистика аркылуу чоӊ саясатка киргенден кийин бул тармакта да ийгиликтерге жетишсем деген тилектемин. Журналистикада кабарчыдан баштап башкы редакторго чейинки жолдорду басып өттүм. “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер” деген ардактуу наамды алдым. Эӊ негизгиси турмушка керектелчү мол тажрыйба алдым.

– Ал эми саясатка кантип аралашып калдыңыз?
– Мен журналист болуп жүрүп көбүнесе саясий темаларды жазчумун. 2000-жылкы саясий оюнда көп саясатчылар менен баарлашып калгам. Ошол кездерде Болот Шерниязов, Дооронбек Садырбаев, Мелис Эшимканов, Замира Сыдыкова, Рамазан Дырылдаев, Топчубек Тургуналиев, Төлөйкан Исмаилова, Эмил Алиевдер менен жүрүп, алардын ар кандай кептерин, пикирлерин угуп жүрүп эле саясат талаасына кирип кеткем. Гезит өзү саясый оппозициялык басылма болгондон кийин журналист болуп жүрүп, саясатчыга айланганымды өзүм да билбей калдым. Ѳзүмдүн биринчи кесибим боюнча юристмин. Экинчи кесибим боюнча дипломатмын, Дипломатиялык академияны бүтүргөм.

Mombekov 5– Сизди «Алмазбек Атамбаевди катуу колдоп, кийин ал бийликке келгенде анын аркасы менен бийликке келген» деп угуп жүрөбүз. Ушул чынбы?
– Мунун кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар. Мен кыйын күндөрдө Алмазбек Шаршеновичтин жанында болуп келдим деп ишеничтүү айта алам, анткени ал киши дагы ушундай сөздү айтып калат. Ал киши менин саясаттагы негизги устатым десем деле аша чапкандык болбос. Анткени мен ал кишинин жанында жүрүп көп нерселерди үйрөндүм. Атамбаев мага моралдык жактан эле эмес, материалдык жактан да чоң колдоо көрсөткөн. Бир эле мага эмес, журналисттер Аслан Сартбаевди, Жылдыз Мусабекованы, Кенжебек Арыкбаевди, Турат Акимовду катуу колдоду. Чынын айтканда, Алмазбек Шаршенович Кыргызстандагы журналисттердин көбүнө чоң колдоо көрсөтүп, каражат жагынан да ар дайым жардам берип турган. Муну эч ким тана албайт болуш керек. Ошол колдоо алган журналисттердин айрымдары азыр ал кишини катуу сындап жатышпайбы… 2009-жылкы президенттик шайлоодо Алмазбек Шаршенович “Бириккен элдик кыймыл” деген оппозициялык чоң кыймылды түптөгөн. Кыргызстандагы баардык саясий күчтөрдүн, саясий партиялардын башын бириктирген эң чоң оппозициялык кыймыл түздү. Арашан айылында Курултай болуп, ушунчалык жогорку деңгээлде өтүп, бирдиктүү талапкер катары Алмазбек Шаршеновичти президенттикке талапкер кылып чыгарышты. Ал кезде Бакиевдердин саясатына каршы турган Аслан Сартбаев жетектеген “Учур” жана мен жетектеген “Ачык саясат” деген эки эле гезит болчу. Биз Алмазбек Шаршеновичти колдодук, ал бизди колдоду. Анан президенттик шайлоо убагында шайлоочулар менен болгон жолугушуусунда Атамбаевди коштоп жүрүп калдым. Кийинчерээк, күзүндө 2009-жылкы шайлоодон кийин “Форум” ишканасында 2-кабатта мен, 3-кабатта Аслан Сартбаев эле калган. Президенттик шайлоодон кийин “Бул бийлик эми баарыбызды өлтүрүп жок кылат” деп коркушуп, Бакыт Бешимов да кетип калып, Атамбаевдин жанында киши калбай калган. Ал тургай саясатчылар күндүзү “Форумдун” алдынан баскандан коркуп калышкан. Мен «Бириккен элдик кыймылга» мүчө болуп кирип, кийин анын саясий кеңешинин мүчөсү болдум. Тагдырдын буйругу ушул экен, биздин күрөш өзүнүн натыйжасын берип, Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин «Бириккен элдик кыймыл” толугу менен Кыргызстандагы бийликти колуна алды. Ошондо мага ошол кыймылдын саясий кеӊешинин мүчөсү катары алардын үнүн элге жеткизген гезиттин башкы редактору катары, “Маданият министрлигин жетектеп бер” деп сунушташып, ошентип бийликке келип калдым.

– Кийин, Атамбаев президент болгондон кийин мамилеңиз кандай болду. Азыр да анда-санда жолугуп, сүйлөшүп турасызбы?
– Алмазбек Шаршенович менен мен ар качандан бир качан сүйлөшүп турам. Ал өкмөт башында турганда, мен ошол өкмөттүн министри катары көп эле жолу кирчүмүн. Жеке маселе менен, кызматтык маселе менен кирем. Бир да жолу ал кишинин катуу жемесине, же болбосо ачуу айткан сөзүнө эгедер болгон жокмун. Ар дайым жылуу кабыл алат. Көбүнчө менден коомдо эмнелер болуп атканын сурайт. «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» деп Чыңгыз Айтматовдун айтканы чындык. Анткени, адамда дайыма эки гана нерсе болуш керек экен. Биринчи – адамгерчилик, экинчи – жоопкерчилик. Мына ушул эки нерсе сенде жогору болсо, анда сен жогорку адамсың. Мен Алмаз Шаршеновичтен ушундай касиеттерди көп көрөм. Бир нерсени сурасаң, аны жок дебестен аягына чыгарып берет. Жок деген болсо да жооп берет. Ар ким ар кандай сөздөрдү айтса да, бул киши кудайдан тапсын деп коюп жүрө берет. Ѳтө адамгерчиликтүү, ыймандуу, таза адам. Сабырдуулугу, кечиримдүүлүгү өтө жогору. Бул киши кимди гана кечирген жок. Убагында Алмаз Шаршеновичти сатып, талаага таштап кеткендердин баардыгы эч нерсе болбогондой эле жүрүшөт. Мунун баардыгы анын айкөлдүгү. Эртеби, кечпи – бул кишиге тарых өз баасын берет.

– Кабыл алган чечимдерин “мындай кылбай эле койсо болмок” деген ой жаралабы сизде?
– Андайлар болот. Айрым учурларда кээ бир адамдарды тигил же бул тармакка дайындап койгондо, “туура эмес болуп атат” деп кирип айткың келет. Бирок айтсам “сен өзүңдүн жумушуңду кылчы” дейт да. Бирок айткан сын-пикириӊди угат, аягына чейин. Бир жолу Шамиль Атахановду Ички иштер министрлигине алмаштырып койбодубу. Ошондо көптөр мен аркылуу президент менен байланышкылары келди. Бир күнү мен президентке кирип, ушунун баардыгын айтып бердим. “Бул Жаныш Бакиевдин жанында жүргөн бандит милиционер, бул тигинин жансакчысы болуп жүргөн акмак” деп айтып бердим. “Эми Кыргызстанда дагы чатак чыга турган болсо, ички иштер министрлигинин ичиндеги интригалардан, кадрдык калпыстыктан чоң чатак чыгышы мүмкүн. Жарыла турган бомбадай болуп турат. Ал жакка көңүл бурбасаңыз болбойт” десем укту. «Сен аларды кайдан билесиӊ, ошол маалыматтардын баарын жазып бербейсиңби» деди. Атаханов жумуштан алып салган бардык башкармалык башчылары менен байланышым бар болгондуктан, анын акыркы кадрдык дайындоолору боюнча буйруктарын алып жазып бердим, кызматтык ат кылып. Апта айланбай Атаханов жумушунан ыргып кеткенден кийин ойлоп калдым, ап бали, бирөөнүн шоруна, бирөөнүн сообуна калган экем деп.

– “Бириккен элдик кыймылдын” штаб жетекчиси Бакыт Бешимов өлкөдөн чыгып кеткенде, “Атамбаевдин шайлоо өнөктүгүнө кеткен акчаларын максатсыз пайдаланып, качып кетиптир” деген сөздөр чыкты эле. Ушул маалымат чынбы?
– Тактап кетейин, Бакыт Жолчубекович БЭКтин эмес, БЭКтин талапкери Алмазбек Шаршеновичтин шайлоо штабынын жетекчиси болгон. Ал – өтө маданияттуу, көптү билген киши. Бирок Бакыт Бешимов Америкага кетип калгандан кийин, “Шайлоодо мобул штабдын акчасы берилбей калды, тигил имараттын ижара акысы берилбей калды” деп келгендер болгон. Ал киши бербей кетип калдыбы же алар алып алгандан кийин Бешимовдун кетип калганынан пайдаланып ошентип айтыштыбы, билбейм. Бирок, ошондой акча доолагандардын баарына Алмазбек Шаршенович өзү карызга акча алып төлөп бергенин билем.

– Бешимов эмнеге качып кетти?
– Ал качып кеткен жок. Ага кысым болду. Мен билгенден ага иниси аркылуу кысым жасашты. Анткени ал киши – сынбай турган адам. Бакыт Бешимов бир жерде Жаныш Бакиев менен сүйлөшкөндө «Биз Бакиевдер силерге эмне кылдык?” десе, “А биз Бешимовдор Бакиевдерге эмне кылдык?” деп корс жооп берип койгон экен. Ошондо Жаныш кекетип кетиптир, “кетип калыӊыз кеч болуп кала электе” деп. Кийин жубайына «Жолдошуң бул жерден кетип калбаса, башын багажга салып келебиз» деген коркутуулар болгонун уккам. Ушул сөздүн өзү эле Кыргызстанда аны кармап турбайт болчу. Президенттик шайлоо бүткөндөн кийин Жогорку Кеңеште иштеп атты. Мен акыркы жолу Жогорку Кеңештин имаратынан жолуккам. Ал киши бир нерсени билсе керек. 2009-жылдагы президенттик шайлоодо Бакыт Бешимовдун кеңеши менен Алмазбек Шаршенович талапкерлигин шайлоо бүтө электе алып салган. Эми азыр ошол кадамды талдап көрсөк, туура жасалган иш болуп жатпайбы, кашайып. Эгерде Алмазбек Шаршенович талапкерлигин албай калганда, балким, бул нерсе атуулдук согушка айланып кетет беле…

– Ошол учурда Атамбаев менен Темир Сариев жакшы келише албай калганын билебиз. Азыр кандайча тил табышып калышты?
– Темир Сариев да, Алмазбек Атамбаев да 2009-жылкы президенттик шайлоого талапкер болуп чыгышкан. «Бириккен элдик кыймылдын” мүчөлөрү Алмазбек Шаршеновичти көрсөткөндөн кийин кандайдыр бир оюндар болуп кетти да, Темир Сариев да өзүн өзү көрсөтүп чыкты. Ал  жерде Бакиевдин жанындагы ортомчу адамдар буруп кетти болуш керек. Темир Сариевдин президенттикке талапкерлигин коюшуна маркум Мелис Эшимканов себепкер болду го дейм. Анткени Мелис Эшимканов, Темир Сариев, Ѳмүрбек Суваналиев аябай ынак достордон болчу. Президенттик шайлоодон кийин Темир Сариев жетектеген “Ак шумкар” кайра БЭКке келип кошулуп, активдүү иштей баштады. Акыркы парламенттик шайлоодо “Ак шумкар” партиясы аласалып кетсе да, анын лидери Темике азыр өкмөттө иштеп жатат. Дегеним, Алмаз Шаршенович аябай айкөл адам болсо, Темике өтө сабырдуу адам, бат эле тил табышып кетишет.

– Убактылуу өкмөткө капысынан келип калгандар да болгонун угуп калып жүрөбүз, сиздин бул боюнча маалыматыңыз барбы?
– Азыркы эсеп палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаевдерди Бакиевдин бийлиги кулашына бир жума калганда Темир Сариев алып келип кошконун билем. Ал эми, мурдагы башкы прокурорлор Байтемир Ибраев менен Кубат Байболовду капысынан келип калды десек болот.

– Дагы бир маегиңизде “Суваналиев менен Жекшенкуловдор кошулбай койгон” деп айтып чыктыңыз эле…
– Аслан экөөбүздү Алмазбек Шаршенович Суваналиев менен Жекшенкуловго жөнөткөндүгү чын. Барганыбызда Аликбек Жекшенкуловдун келинчеги капустадан сонун тамак жасап койгон экен, алып келди. Шотландия вискисин куйду. Биз Аликбек Жекшенкуловду да колдочубуз. Бакиевдин бийлигинен ал киши да аябай запкы тартпадыбы. Ѳзү да журналисттерге жакшы мамиле кылчу да. Анан «Бакиевдин бийлиги эмнени гана кылган жок! Ошонун айынан жеңеңер да оорукчан болуп калды. Азыр ачык колдоп чыгып, ал жакка бара албайм. Биринчи, Суваналиевди көндүргүлөчү, анан мен ойлонуп көрөйүн» дегендей болуп койгон. Анан биз үйүнөн чыгып алып, Суваналиевдин үйүнө бардык. Ал “чекист” да, аны менен көчөдө эле ары-бери басып сүйлөштүк. Бизден көп нерселерди сурагандан кийин «Мен керектүү учурда, керектүү жерде болуп калам” деди.

– Негизи ошол учурдагы оппозиция күчтүү команда болуп келди да. Ошол үчүн бийликти кулата алды. Анан эмнеге ошолор бир команда болуп иштеп кете алган жок? Мисалы, азыр СДПК «Ата Мекен» менен тил табыша албай жатат, БЭКтин активдүү мүчөлөрүнүн бири Бекназаров четке сүрүлүп калды…
– Туура, убактылуу өкмөт бир муштумга бириге алган жок. Анткени, көп учурда алардын жеке амбицияларына да көз каранды болуп калды. Бирок, негизги адамдар тил табышты. Мисалы, Роза Исаковна, Алмазбек Шаршенович, Ѳмүрбек Чиркешович, Темир Аргенбаевич, Болот Шер, Иса Шейшенкулович, Дүйшөн Чотонов, Алмамбет Насырканович жана башкалар. Болгону Убактылуу Өкмөттүн курамындагылардан Азимбек Анаркулович гана ала салып кетти. Анан дагы Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров дегендер жүрбөйбү. Алар боюнча айта турган болсом, Кубанычбек Кадыров кыйын кездерде кара башын сактап качып кеткен да. Анан келип алып эле Ички иштер министринин орун басары болуп отуруп калды. Анын кызматтан кандайча кеткенин жакшы билебиз. Бектур Асанов деле Азимбек Анаркуловичтин аркасы менен губернатор болуп калган. Чын-чынына келгенде, Бектур Асанов Бакиевдердин учурунда спорт комитетин жетектеп, элчи болуп, алардын камчысын далай эле чапкан да…

– Сизди келе жаткан парламенттик шайлоого КСДП менен барат экен деп угуп жатабыз. Бул чынбы? Депутат болоюн деген оюңузда барбы?
– Мен министр болуп иштедим, президенттик комиссияны жетектедим, азыр деле чарбалык иштер менен иштеп атам. Бирок мен өзүмө бир нерсенин жетишпей атканын сезип келем. Чындык, калыстык ичимде кайнап, “ушуну айтсам” деп эле буулугуп кетем. Мага трибуна жетишпей аткандай да. Депутаттыкка аралашып барып, эл билбеген чындыктарды айтсам деп ойлойм, андайлар менде толтура. Акыркы жылдары депутат болсом деген эле аруу тилек бар. Мен өтүп кеткен шайлоодогу тизмеде 49-орунда болуп калгам. Ошондо Алмазбек Шаршенович «Кап, Рыскелди, сени парламенттик шайлоого киргизсем болмок экен. 40-45 мандат алып алдыга жылып кетсек, алдыдагылар өкмөткө жылып кетет го” деп ойлодум эле, тилекке каршы, элдин каалоосу ушул болуп калды. Кийинки парламенттик шайлоого барасың. Ошол жактан бакылдайсың» деген эле. Партия лидерлери менен макулдашылып, келаткан шайлоолорго барайын деп чечип жатам.

– Сиз азыр депутаттарды карап турасыз да. Ушуларды карап туруп мен кандай депутат болот элем деп ойлойсуз?
– Азыркы депутаттарды карап туруп, кээ биринин деңгээлине таң калам да. Мен журналист болуп жүрүп көп эле депутаттарды көз алдымдан өткөрдүм да. 2000-жылы шайланган депутаттар күчтүү болчу. Накта саясий ордо ошол жерде болчу. Күчтүүлөрдүн күчтүүлөрү келген. Кийин, партиялык система менен келгенде акчалуулар келе берет экен да. Биздин партияда деле Замир Алымбеков, Олег Домшенко, Мамат Орозбаев дегендердин өздөрү уялбаса, мен уялам. Партиянын аты менен депутат болуп отурат. Анан кайсы бир актуалдуу маселелер боюнча өзүнүн пикирлерин айтканын, же кайсы бир мыйзам долбоорун жазып чыкканын уга элекмин. Бул депутаттардын кимге, эмне кереги бар экенин билбейм. Керт башыма кепилдик бере алам, балык ооз эмес, бакылдаган депутат боло алам.

Дилбар Алимова