Саламат Садыкова: “Көшөрүп өз тегирменимди өзүм тартып, акшагы жок ыр тартуулайм”

s_samatova

Кыргыз эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, “World master“(“Дүйнөлүк чебер”) сыйлыгынын ээси Саламат Садыкова ушул жылдын 11-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда көрүүчүлөрүнө жеке концерт тартуулаганы турат.

– Саламат айым, саналуу күндөрдөн кийинки концертиңизге даярдыгыңыз кандай, угармандарыңызга кандай күтүүсүз жана жагымдуу жаңылыктарды тартуулаганы турасыз?
– 2011-жылы “Ырда жүрөк” деп аталган концерт бергеним эсиңиздерде болсо керек. Эгер төрт тарабыбыз келишип турса, жыл сайын деле концерт берип турсак жарашмак. Жакшы эле илхом келип, төгүлүп турган менен, тегерегибизде ызы-чуу, чыгармачылыкка өбөлгө жок, кыйналып атканыбызды кантип жашырабыз? Бизди заман кыйнап атат. Жаштарды колунда барлар колдоп атышат. Ал эми биз бирөөлөрдөн жардам сурай албайт экенбиз. Ошого карабастан быйыл көшөрүп өз тегирменимди өзүм тартып, акшагы жок ыр тартуулаганга камданып калдым. Филармониянын ичинде ырдап жүргөнүм менен, көөдөндө далай толгонуп жүргөн жаңы темалар бар эле, аларды эми алып чыгайын деген ниетим бар. Эл жакшы көргөн ырлар, убагында “Саламат Садыкова” деп атымды чыгарган ырлардан тандап турам.

Кыргыз эл артисти Эсенгул Жумабаев Кетбука акындын сөзүнө жазылган “Сак болгун!” деген ырын жайында алып келген. Мына ошол ырды алып чыгам. Кээ бир концерттерде ырчылардын эркине койбой, репертуарыбызды чектеп койгон учурлар бар. Барпы акындын “Ынтымак” деген ырын ырдайм. Жалал-Абадда Базарбай Артыков аттуу адамдын эки ырын тандап алдым. (Бул Кадыралы Артыковдун агасы, чыгармачылыкта инисине жол берип, өзү четте калган экен). Бири- Алыкулдун сөзүнө жазылган “Ысык-Көл” , экинчиси “Ала-Тоом” аттуу ыр, сөзү-обону Артыковдуку. Дагы кытайлык кыргыз жигит Куандык Жаасендин чыгармачылыгына күбө болосуздар. Төкмө акындар Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, манасчы Дөөлөт Сыдыков өнөр көрсөтүшөт, анан албетте, “Камбаркан” тобу коштойт. Ырчылардан балким Салима Балтаева ырдайт, Кубаныч балам (Сатаев) , Кубаныч Ажыбаев аттуу ырчылар чакырылды.

s_sadykova1– Кытайлык Куандык деген кыргыз бала менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
– Таң калганым – Кытайда, Үрүмчүдө туулуп-өскөн кыргыз жигит Кыргызстан дегенде эт-бетинен кетет экен. Роза Отунбаева менен ырчылар Кытайга барганда биз чоң концерт бергенбиз. Концерттен кийин ошол бала мени тосуп туруптур. “Саламат апа, үнүңүздү бала кезимден угуп келгем” деп таанышып калды. Атасы Үрүмчүдө кыргыз радиосун түптөгөн киши болгон экен. Ал Үрүмчүдө вокалдан сабак алган, музыка жазган, аранжировка менен алектенген, бир канча аспаптарда ойногон, таланттуу бала . Аны сынап биз ырдатып калсак, “Сары -Ойду” башкача өңүттө созгондо, баарыбыздын оозубуз ачылып калды. Быйыл Куандык Кыргызстанга келип, биргелешип иштешип атабыз. “Биз өмүргө бир келебиз”, “Кайдасың ” деген ырларды аранжировкалады. Ал эми “Өрүкзарга кетелини” танго стили менен, жаңыча аранжировкалады. Көрөсүздөр го, “Өрүкзар” эми дагы бир башка өңүттө шөкөттөлүп калды.

– Социалдык түйүндөрдө, фейсбукта сизге жакшы каалоо-тилектер айтылып атат, арасында орустар, казактар, түрктөр, америкалыктар, айтор чет элдиктер да көп экен. Аларга англис тилинде да жооп жазып атасыз. Англис тилин үйрөнүп алдыңызбы же кыздарыңыз жардам берип атабы?
– Махабат англис тилин жакшы билет, бирок ал чет өлкөдө да, бул жакка келгенде жардам берип турчу. Быйыл жайында катуу киришип, өз алдымча англис тилин үйрөндүм. Бизге Баткенде мектепте англис тилин окутушкан эмес. Курска барбай эле өз алдымча үйдөн эле окудум. Азыр анча-мынча сүйлөп, сүйлөгөн кишини түшүнүп калдым. Google котормочунун кызматын да пайдаланганды үйрөндүм. Бул социалдык түйүн, фейсбук деген жакшы нерсе болот экен. Өзгөчө фейсбукта интеллектуал кишилер отурат турбайбы. Бүт дүйнө жүзүнөн жазып турушат. Убактым чектелүү болгонуна карабастан суроолоруна жооп жазууга аракеттенем. Эки жылдан бери фейсбук мага көптөгөн жакшы санаалаштарды, пикирлештерди таап берди.

– Алардын комментарийлерин карап чыксам, “сүрөтүңүздүн өзү ыр экен”, “жазга окшоп калыпсыз”, “кыргыздын жүзү”, “кыргыздын үнү”, “кыргыздын кийими”, “сизден мамлекеттик ишмер чыкмак, эгер ырчы болбосоңуз” деген сыяктуу каалоо-тилектер айтылып, сымбатыңызга, өзүңүздү алып жүргөнүңүзгө суктанышат. Талантыңызга таазим кылгандар үчүн сиз дайыма учурдагы калыптан жазбай жүрүшүңүз керек. Мындай бийик марканы сакташ кыйын болобу кээде?
– Азыр үйдө 11-класстагы неберем бар, үйгө келгенде “бир гектар жумуш жасап келдим” деп айтам. Албетте, элдин назарында жүргөндөн кийин сен бир күн да, бир жолу да өзүңдү карабай калбашың керек. Канчалык мага каалоо-тилек айтышып, суктанышкан менен, мезгил деген өтүп атат, өмүр деген кетип атат, ошондуктан мезгилден калбашым керек, дайыма өзүмдү байгеге сайчу күлүктөй таптап турууга милдеттүүмүн деген жүгүм бар мойнумда.

– Ыр секисинин бийик тепкичине чыккан Саламат Садыкова өзүнүн артынан шакирт өстүрө алабы?
– Менин кандайдыр бир таасирим тийгени өнөрпоздордун көп эле экенин, балким, көпчүлүк биле бербес. “Шантел” деген мурда көпчүлүккө белгисиз топ бар эле, мен алардын тушоосун кескем. Гүлзинат Суранчиеваны кафеде ырдап жүргөн жеринен ырчылык жолго салгам. Дамира Ниязбекованы “Камбарканга” алгыла деп чуркап, мына эми ал Америкага чейин барып ырдап, кемелине келип калды. Азыркы учурда филармониянын алдындагы студияда окуган Салтанат аттуу ырчы кызды тарбиялап атам. Айтор шакирттер жагынан куру кол эмесмин деп айта алам.

Маектешкен Айгүл БАКЕЕВА