Самара КАРИМОВА, ырчы: «Кызгануунун айынан таарыныша кетебиз»

Samara Karimova 5Самара Каримова кыска убакыттын ичинде бүт Кыргызстанга таанымал болгонго жетишти. Өзү жаш болсо да кыска аралыкта узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанылган ырчы менен анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек курдук.

– Буга чейин Ош шаарында жаздын келиши менен он тогуз күн концертиңди бердиң эле. Айрымдар «Концертти өтө эле узак кылып койду” дешсе, кай бири “акыркы күндөрү элди концертке кыйнап алып кире башташты» деп чыгышты. Сен өзүң кандай дейсиӊ?
Samara Karimova 3– Эл-журтка ыр белек болсун деп Ош шаарында он тогуз күндүк концерт уюштурдук. Мен ал жерден эч кимди эч нерсеге үгүттөгөн жокмун. Болгону ырдап- бийлеп, элдин көңүлүн көтөрүп, эл үчүн кызмат кылдым. Мен башында деле «Эгер бул нерсе ишке ашпай калса токтотобуз» деген элем. Бирок эл ар бир күнкү концертти абдан жакшы кабыл алып жатты. Ѳзгөчөлөнгөнү – концертке көпчүлүгү ата-энелерин алып келишти. Мурда менин ырларымды улуу муун укса, азыр жаштар да уга башташты. Ошол концертке 105 жаштагы апа келип, мага ыраазычылыгын айтып, жоолугун тапшырып кетти. Бул мен үчүн чоң сыймык. Бирок ошол эле учурда көрө албастар деп коебузбу, же атайын уюштуруучулар деп коебузбу, мен тууралуу аябай эле жагымсыз, терс маалыматтарды таратып жатышты. Аларга деле менин көңүлүм түз. Себеби адамды канчалык сынга алып, терс сөздөрдү таратканда, ал нерсе адамды чыйралтып, жаман сапаттарыңды жууганга аракет кылат экенсиң. Мен деле идеалдуу адам эмесмин, кемчиликтерим бар. Бирок азыркы биздин коомдо бирөөнү бирөө күчкө салып концертке эмес, башка жерге да алып бара албайт. Себеби ар бир адамдын өзүнүн ою, укугу бар. Концертине элди мойнунан байлагандай кылып алып келгендер деле бар. Андай концерттерди көрүп эле жүрөбүз. Концерттин ортосунда эле залда киши калбай калат. А менин концертимде андай нерсе болгон жок. Менин ырларымдын чыныгы сүйүүчүлөрү келди десем жаңылышпайм. Кыргызда «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай жаман сөздөргө мен маани деле бербейм.

Samara Karimova 4– «Жолдошу Асанга турмушка чыга электе белгилүү деле эмес болчу. Байлыгына кызыгып өзүнөн бир топ жаш улуу адамга тийип алып, Самаранын жылдызы жанды» деп көп айтылып келет. Байлыгына кызыгып турмушка чыкканың чынбы?
– Эң биринчиден, бул менин жеке жашоом. Жолдошум экөөбүз сүйүшүп баш коштук жана бактылуубуз. Биз экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан, жогоруда айтып жаткан нерселер көрүнүп калышы мүмкүн. А жашоодо биз бактылуу адамдардын катарын толуктайбыз. Буюрса, үч балалуу да болуп калдык. Негизи мен кайын-журттан жолдуумун. Бул мактангандык эмес. Менин эң биринчи күйөрманым – бул кайненем. Ал киши мага «Балам, талантың бар. Үй-бүлөң менен талантыңды бирдей алып кет» деп айтып калат. Бир четинен алып караганда, мени жана менин чыгармачылыгымды жолдошум жана жакындарым колдобогондо ким колдойт? Кудайга шүгүр! Башка бирөөлөрдүн жардамын күтпөй эле, баардык жагынан жолдошум колдоп келет. Эгерде талантың жок болсо, миллиондорду чаптаса да ал нерседен эч майнап чыкпайт. «Буга чейин Самаранын аты-жыты жок болчу» деген сөздөр айтылып атпайбы, мен буга чейин мектепте окуп, билим алып, көп убакыт даярдандым. Кечээ туулуп, бүгүн сахнага чыга калган жокмун. Мен болгону жыйырма төрт гана жаштамын. Үч баланын сүйүктүү энесимин. Жыйырма төрт жашымда ушундай ийгиликке жеткеним мен үчүн сыймык.

– Жолдошуң экөөңөрдүн жаш курагыңардын айырмачылыгы айрым учурларда кыйынчылыктарды жаратпайбы?  Кызганган учурлары да болсо керек?
– Эгер ортодо сүйүү болсо, анда андай нерселер билинбейт. Эң башкысы ортодо сүйүү болуш керек. Албетте, сүйгөн адамыңды кызганып, башкага ыраа көрбөйсүң. Бирок аша чаап кетпей, баардыгы чеги менен болот. Кээде жолдошум кызганганда Алтынай Нарбаева экөөбүз ырдаган дуэттен «Кызган мени, кызган, бирок билдирбе» деп ырдап калам (күлүп). Жашоо ошонусу менен кызык да. Жолдошуң бир топ жаш улуу болгону жакшы. Себеби ортодо чоң сүйүү, сый болот. Кандай гана кырдаал болбосун, мени дайыма туура түшүнүп, сыйлап турат. Мен да дайыма «сиз» деп кайрылып, катуу айтпайм.

Samara Karimova 1– Улуу адамга турмушка чыкканыңа өкүнгөн учурларың болобу?
– Башка адамдар мен үчүн «турмушка өзүнөн улуу адамга чыгып алды» деп кайгырып, өкүнүп аткан чыгар. Бирок жеке өзүмдө андай нерсе болгон эмес. Тескерисинче, чыгармачылыгымды баалап, мени сыйлаган адамга турмушка чыгып, түтүн булатып жашап калганыбызга сыймыктанам.

– Ачууланып кол көтөргөн учурлары кездешти беле?
– Биздин үй-бүлөдө көбүнесе кызгануунун аркасында таарыныша кетебиз. Ал эми турмуш курганыбызга беш жыл болсо да мага бир да жолу катуу айтып, кол көтөргөн эмес. Бул нерсе аялдардан деле көз каранды болуш керек.

– Бири-бириңерди кантип эркелетесиңер?
– Мен сегиз бир туугандын кичүүсү болгондуктан, аябай эрке чоңойдум. Турмушка чыккандан кийин эркелик калып, бара-бара оор басырыктуу айымга айландым. Мен кайненемдин оң колумун (күлүп), баардык маселелерди мага ишенип табыштап коет. Ооба, бири-бирибизди эркелетебиз. Мен жолдошумду эркелетип Аске деп коем. Ал болсо менин жиним келгенде «капкарам менин» деп эркелетип калат (күлүп).

– Бир гезитке берген маегиңде «Сулуулугумду сактап калуу үчүн эки гана балалуу болом» деп айткан элең. Азыр үч баланын энеси болдуң. Сулуулугуңду кантип сактап келатасың?
– Ал менин балалык кыялым болсо керек (күлүп). Турмушка чыга электе арык, келишкен сулуу болуп, жасанып жүрөсүң да. Азыр ойлосом, ошол кезде менде турмушка чыккандан кийин «семирип кетесиң» деген түшүнүк болсо керек. Кийин, турмушка чыгып, чыныгы бакыттын даамын татып, биринчи баламды боорума алганда “бул жашоонун даамын ата-эне болгондо билет экенсиң” дегенге ынандым. Мисалы, иштен чарчап барганда балдарың алдыңдан тосуп чыкканы кандай сонун. Айтор, бул нерсени сөз менен айтып жеткире албайсың. Кудай ден-соолук, аманчылык берсе дагы төрөгүм келет. Үч баланын энеси болсом да, Кудайга шүгүр, сулуулугума жакшы эле кам көрүп келе жатам. Эки жакка чыкканда кээде жигиттер үч балам бар экенин билбей тийишкен  учурлар да кездешет. Күнүмдүк жашоомдо көп деле макияж колдонбойм. Сахнага, эфирге чыгаар алдында боенгонго туура келет. А башка күндөрү жашылча-жемиштер менен бетиме бет маскаларын коем. Ал эми чачым чындыгында аябай узун. Чачымды менден мурун жолдошум жакшы көрүп, «чачыңды кыркпа» деп айта берет. Айрымдар кошуп алган деп ойлошот экен. Бирок бул менин өзүмдүн чачым. Чачыма деле кадимкидей маска коюп кам көрөм.

Samara Karimova 2– «Super.kg» порталына үйүңөрдөн кийимдериңерди, буюмдарыңарды көрсөткөн видеоңор чыкты. Айрымдар «кийимдерин мактанбай эле экөө тең чыгармачыл инсандардан болгондон кийин китептерине мактанып, же дагы башка маданияттын үлгүсүн көрсөтсө болмок” деп жазышты. Үйүңөрдө китеп жокпу?
– Мындай видеого бир эле менин үйүмдү эмес, көптөгөн чыгармачыл инсандардын үйүн тартышты. Анда сахнага кийип чыккан кийимдерге көбүрөөк басым жасалган. Албетте биздин үйдө көптөгөн акын-жазуучулардын китептеринен турган китеп текчебиз бар, бирок алар тартылбай калыптыр. Негизи китеп текче ар бир адамдын үйүндө болушу керек. Сиздер кийин биздин үйгө конокко барганда сөзсүз көрсөтөм. Мен өзүм адабий чыгармаларды көп окуйм. Балдарыма да  жомок китептерди окуп берип турам. Учурда Султан Раев агайыбыздын «Жанжаза» деген китебин окуп атам.

Кымбат Турдубекова