Самсаалы Четимбаев, ишкер: “Данияр Үсөнов бийликте тургандай анын жакындары ишкерлерди каалагандай тебелеп жатат”

Samsaly Chetimbaev– Самсаалы мырза, сиздердин мал базарыңыздарга Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева кийлигишип жатканы тууралуу маалыматты окуп калдык. Окуяны баштан айтып берсеңиз?
– Илгери бизнес менен алектенип жүргөндө эжемдин Сокулукта сатып алган жери бар эле. Ошол жер 7-8 жылдан бери бош жатчу. Өткөн жылы Сокулуктун акими Аманкан Кенжебаев келип, мынтип сунуш кылып калды: “Жериңер мал базарга ылайыктуу экен, биздин Сокулуктун мал базары кычык жерде, чоң жолдун жээги, базар сайын тыгын болот. Ушул проблеманы көптөн бери чече албай келебиз. Эгер макул десеңер ушул жерге мал базар салып берсеӊер, жериңер мал базарга аябай ылайыктуу экен”. Биз акимдин сунушуна макул болуп, ак-ниет менен, оюбузда жамандык жок, бир-эки шерик менен чогуу жерибиздин эки жагын түздөп, сарай-парай салып, мал базарга бардык шарттары менен ырастадык. Эки жагы ырасталып бүткөнчө, мал базарга тиешелүү баардык уруксат кагаздарын да топтоп бүттүк. Бирок мал базарды ачарга келгенде чама-чаркыбыз жетпей, тыйын жагынан аксап, эптей албай калганда жергиликтүү төрт балага ижарага берип жибердик. Ал балдар менен мыйзам чегинде келишим түзүп кол коюштук. “Базар иштеп баштаса, кайра талашып жүрбөгүлө” деп кол койдуруп алышты. Анан эле баягы балдар мал базарды ачабыз деп жатса, Данияр Үсөновдун аялы, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаевага тийиштүү тооккананын директору басып келип: “Балдар, убара болбогула, бул базарды баары бир ачтырбайбыз” деп айтып кетиптир. Балдар жинденип мага телефон чалышты: “Бул кандай, кай жерге кандай ишкана ачыла тургандыгына тооккана уруксат берип калганбы?” деп. Мен балдарга “Бийлик өкүлдөрүнө кайрылгыла, баардык уруксат кагаздары болуп турса да эмнеге иштетпейт экен?” деп өз кеңешимди бердим. Ошол ошол болду. Анан ал балдар кайрылуу жазып алып “Жардам бериңиз, кайрылууну гезитке чыгаралы, биз керек болсо Атамбаевге кайрылалы, мыйзамдуу болсо да бизди иштетпегидей ким экен булар?” деп мага келишиптир. Себеби мен билгенден ал балдар Апрель баатырлары болчу, Атамбаевге катуу ишенишкен эле. Мен дароо Аслан Сартбаевге чалып “Балдардын кайрылуусу бар экен, чыгарып бере аласыңбы?” дедим”. Ал дароо эле макул болду. Аслан аркылуу Динара Исаевага жолугуп сүйлөштүм. Мен ага акимдин сунушу менен салдык базарды деп айттым. Исаева “Аким айбан, ал эмнени билмек эле? Жериңди бизге сат” деди. Мен “Сата албайбыз, жерди ижарага берип койдук” деп жооп айттым. Кечээ жакында Данияр Үсөновдун бажасы болом деп Талант деген келип, бизден ижарага алган балдардын бирөөсүн “Тынч жүргүн, оштуктардын, сарттардын желегин көтөрчү болсоң оңбой каласыӊ” деп коркутуп кетиптир. Уят эле, кыргызды ушинтип бөлүп- жарып атканы. Оштуктар деле кыргыз да. Мен да аксылык таза кыргызмын, уруум саруу! Апрель окуясында да, Июнь окуясында да эл менен бирге, элдин алдында жүргөм! Ушинтип басым жасасам коркуп калышат деп ойлоп жатса керек.
Базар мага эмес, Сокулуктун элине көбүрөөк керек болчу. Аким сунуштабаса салбайт да болчубуз. Базары жок деле тиричилик кылып жүргөм, ачтырбаса ачтырбай эле койсун.

– Динара Исаева бир маалымат каражатына жерди мыйзамсыз алды дегендей айтыптыр го?
– Тоок фабриканын директорунун арызы менен биздин жердин тээ 8 жыл мурда сатылганын текшертип жатат. Бизди азыр күндө ИИМдин Экономикалык кылмыштар боюнча бешинчи башкы башкармалыгына чакырат. Марлен Жайнаков дегени. Динара Исаева ошол жактан тааныш таап, ошолор аркылуу бизди коркутуп коёлу деп пландап жатса керек. Биздин корко турган жайыбыз жок, жерди мыйзамдуу түрдө сатып алганбыз. Бардык документтери бар. Мени таң калтырган жагдай бул – азыр деле мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов бийликте тургандай, анын жакындары бийлик жүргүзүп, карапайым ишкерлерди каалагандай тебелеп жатканы. Тетири заман болду, карапайым эл эки революцияны эмнеге жасады эле? Аянтта 90 жигитибиз эмнеге өлдү эле? Даниярдын катыны, бала-чакасы кутуруп, элди тебелесин деппи ? 90 жигитибизди аттырган, аянтта кыргын салган ошол Динара Исаеванын күйөөсү Данияр Үсөнов эмес беле? Эмнеге Данияр Үсөнов өмүр бою эркинен ажыратылса да, бир да мүлкү конфискация болгон жок? Кыргызстандагы эң бир бай үй-бүлө эмес беле булар? Нариман Түлеевдин туугандарынан бери катталган мүлктөрүн конфискация кылып эле таштады го? Бул жерде чоң суроо бар.

Махабат Шакирова