Саясый идеологиялык платформасын түшүнбөгөн кыргыз саясатчылары

Partia
2010-жылы парламенттик шайлоодо беш партия жеңип келгени маалым. “Ата- Журт”, КСДП, “Республика”, “Ата Мекен”, “Ар-намыс” партиялары шайлоодо алган добуштарына карата мандаттарды бөлүштүрүп, келип отуруп калышты. Үгүт иштеринин учурунда ар бир партия ар кандай убадаларды берип, аларга ишеним көрсөткөн эл добуш берген десек жаңылышпайбыз. Идеалда, ал партиялар берген убадаларын канчалык деңгээлде аткарды, эмне үчүн мандатка ээ болгондон кийин анын баары унутулуп калганына эл өз баасын берип, кийинки шайлоодо ал партияга кайрадан добуш берерин, же бербесин чечиши керек. Ал эми бизде болсо, кечээ эле күпүлдөп жарышка чыгып, тоодой убадаларды берген партиялар ич ара ыдырап, жок болуп кетишти. Добуш берген шайлооочулар эми кимден отчет алат?

Ич ара ыдырагандар
Парламенттин бул чакырылышы ушул жылы ишин аяктайт. Бирок, баягы жеңип келген беш партия бери дегенде он партияга айланды. Эң эле катуу чачырандыга түшкөн “Республика” менен “Ата-Журт” болду. “Республика” партиясындагы депутаттардын ичинен Алтынбек Сулайманов баштаган топ “Бир бол” аттуу саясый партия ачса, Бакыт Төрөбаев баштаган топ “Өнүгүү” партиясын түптөп кетти, ал гана эмес, Канат Исаев баш болгон депутаттар дагы өзүнчө бөлүнүп кетишкен. Бул партиянын атынан депутат болуп келген Шаршенбек Абдыкеримов дагы “Кыргызстан” аттуу саясый партияны өз атына каттаткан. Бул партиянын айрым мүчөлөрү “Замандаштын” этегин кармап кетишти.

Ушундай эле көрүнүш “Ата-Журт” партиясында дагы орун алган. Бул партияда лидерлеринин ортосунда бөлүнүү пайда болду. Бул бөлүнүүнүн артында материалдык кызыкчылыктар дагы бар экенин лидерлеринин бири Садыр Жапаров өзүнүн жазган китебинде ачыктады. Ахматбек Келдибеков менен Курманбек Осмоновдор биригип, өзүнчө партия ача турганы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал эми бул партиянын абройлуу депутаттарынын бири Мыктыбек Абдылдаев “Кыргызстандын саясый күчтөрүнүн альянсы” аттуу партияны жетектей турганын жарыялады. Ага чейин эле Хаджимурат Коркмазов, Нариман Түлеев, Нургазы Айдаров, Роман Шин, Бахадыр Сулайманов, Элмира Иманалиева, Абдымиталип Кочкорбаевдер өзүнчө блокко бөлүнүп кетишкен эле.

Чакчелекейге түшкөн “Республика” менен “Ата-Журт” тарагандан калган депутаттарын кошуп, “Республика Ата-Журт” деген жаңы партияга биригүүгө мажбур болушту. Мындай бөлүнүү “Ар-намысты” да жөн калтырган жок. Акылбек Жапаров баштаган бир топ депутаттар менен партия лидери Феликс Кулов баштаган топтордун ортосунда араздашуу орун алды. Кыр көрсөткөн депутаттардын бири Акылбек Жапаровду, Камила Талиеваны министр кылып айдап, Кулов алардан тынчыраак кутулуунун жолун тапса керек. Ал эми аталган партиянын салмактуу депутаттарынын бири Каныбек Имамналиев “Замандаш” менен кийинки шайлоого аттанаары тууралуу маалыматтар бар. Аталган фракциянын дагы бир депутаты Дастан Бекешов “Ак ниет“ аттуу партия ачты.
Ал эми “Ата Мекендин” ичинен бөлүнүп чыгып кеткен Равшан Жээнбеков “Демократиялык альянс” деген партияны каттоодон өткөрсө, бул партиянын дагы бир мүчөсү Карганбек Самаков өзүнчө “Биримдик” партиясын ачып кетти.Исмаил Исаков менен Данияр Тербишалиевдин айрым учурларда өз фракциясына каршы чыгып каланы болбосо, КСДПдан мындай чоң араздашууну байкоого мүмкүн эмес. Бул аталган партиянын колунда бийлиги бардыгы менен түшүндүрүлөрүн белгилешет саясат талдоочулар.

Кыргыз саясатчылары идеологиялык платформага карабайт
Саясый партия деген өзү бир пикирдеги адамдардын бирикмеси болушу керек. Башкача айтканда, идеялаштар саясый партиянын идеологиялык платформасына карата биригишет. Кандайдыр бир маселени ошол платформасынын негизинде чечүүнүн ар кайсы жолдорун сунушташат. Бизде болсо, ачыгын айтканда, партияга мүчө болуп жатканда анын идеологиялык платформасына эч ким карабайт. Кайсы партиянын шайлоодоо жеңүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болсо, ошонун этегине жармашышат. Мисалы, партияны эң көп которгондордон, мен билгенден Өмүрбек Суваналиев бар. Башында “Катани” атыккан Суваналиев “ар-намысчы” болуп, Куловду колдоп келгенин билебиз. Бул киши бир чыгып, жоголуп кетип, кайра шайлоого жакын пайда болуп калары баарыбызга маалым эле болуп калбадыбы. Кийин 2010-жылкы парламенттик шайлоого жакын калган кезде “Ата-Журтка” кошулган эле. Алар менен канча күн турганын ким билсин, дароо эле Турусбек Мамашев, Бегалы Наргозуевдер менен бирге “Содружество” партиясына өтө качкан. Алардын ортосунда “Эл добушу” деп аталган партияга киргени боюнча да маалыматтар чыккан эле. Кийин шайлоого “Содружество” менен катышып, аз добуш алгандан кийин кайра Суваналиев мырза жоголуп кеткен. Жакында эле кайрадан пайда болуп, быйылкы боло турган парламенттик шайлоого катышарын жар салды. Бул жолу дагы таптакыр башка партия менен барса да таң калбаңыз.
Ал эми Өмүрбек Бабанов болсо көп жылдар бою Социал-демократиялык партияга мүчө болуп, ушул партиядан 2007-жылы парламенттик шайлоого да ат салышканы белгилүү. Кийин бул партиядан чыгып, Бакиевдердин бийлиги менен кызматташып кеткен эле. Алардын бийлиги кулап, 2010-жылдагы парламенттик шайлоого көбүрөөк либералдык көз карашты жактаган “Республика” партиясы менен катышты.

Окшош аттууларды мисалга тартайын, Өмүрбек Абдырахмановдун дарегине “Өзү бизнесмен, либералдык көз караштагы саясатчы болсо, “Ата Мекендин” катарында эмнеге жүрөт?” деген дооматтарды көп угуп калчумун. Бул Абдырахманов аталган партиядан чыга электеги сөз болчу. Эмнеге мындай көз карашы туура келбеген партияда бир канча жыл мүчө болуп, ал партиядан бир эмес, эки жолу депутаттыкка аттанганын өзүнөн сурадык. “Бакиевдин учурунда идеология жөнүндө сөз да болчу эмес. Андан кантип кутулабыз деп далбастап жүрүп “Ата Мекенге” кошулуп кеткем. Башкасы көпүрө сала коюп Бакиевдин командасына өтүп кеткен. Чынын айтканда, Текебаевди бир аз европалык социалист кылууга Равшан экөөбүз көп эле аракет жасадык. Бирок ал киши катуу социалист экен, Кубадагыдай социализм курам деп катуу турду. А мен Батыш тибиндеги либерал- демократияны жактайм. А эгер Батыш жакпаса, Япония, Түштүк Корея, Малайзия, Сингапур, Гон Конг, Австралия сыяктуу демократиялык мамлекет түзсөк дейм” деген себебин айтты депутат Абдырахманов.

Депутаттардын көбү партиясынын идеологиялык платформасын билбейт
Сиз мүчө болгон саясий партиянын идеологиялык платформасы кандай?” деген суроо менен Жогорку Кеӊештин бир нече депутаттарына чалып көрдүк. Алардын көбү суроону угары менен кийинчерээк чалуубузду өтүнүп, телефонду койгончо шашышты. Ал эми айрым жооп бергендери болсо, партиянын максаты дегендей түшүнүшөбү, айтор, так жооп бере алышкан жок.

Абдыжапар БЕКМАТОВ, «Республика» фракциясынан ЖК депутаты:
Биздин партиянын идеологиялык платформасы биздин мамлекетибиздеги элдердин биримдигин, мамлекетибиздин стабилдүүлүгүн сактап, диний экстремисттик органдарга каршы системаны түзүп, элдин биримдигин колго алуу.

Эльмира ИМАНАЛИЕВА, «Ата-Журт» фракциясынан ЖК депутаты:
Бул суроого мен жооп бере албайм, “Ата-Журт” партиясынын лидерине кайрылыңыздар.

Данияр Тербишалиев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты:
– Бир сааттан кийин чалгылачы.

Карама-каршылыктар
Саясый платформалар да негизинен оңчул, солчул, либералдык болуп бөлүнүшөт. Биздеги саясый партиялар идеологиялык платформасын унутуп эле, такыр башка көз караштарды карманган учурлар көп кездешет. Негизги философиясы оңчул, либерал болуп туруп, социалисттик мүнөздөгү көз караштарды жакташат. Кала берсе, айрым учурларда коммунисттик көз караштарды жактаган учурларды көрүүгө болот. Борборлоштурулган, бир адамга келип топтолгон экономика, приватташтырылган мүлктөрдү кайра кайтаруу, улутташтыруу деген сыяктуу маселелерди көтөрүп, өздөрүнүн идеологиялык платформасына каршы иштерди жасашат. Мындай карама-каршы келген учурлар көп экенин белгилешет саясый серепчилер. Белгилүү саясый ишмер Эдил Байсалов мына ушундай дал келбей жаткан учурдан мисал келтирди. “Мисалы, Жоомарт Оторбаев “Ата Мекен” социалисттик партиясынан келген өкмөт башчылыгына. Бирок, экономикада баягы эле неолиберал саясатын жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов болсо Социал-демократтар партиясынан көрсөтүлгөнүнө карабай, социалисттик көз карашты жактабастан, бардыгын бизнеске, жеке менчикке бериш керек деп эсептейт. Мындай дал келбестиктер өтө көп” дейт саясатчы.
Партиядан партияга секирип качкандар, идеологиялык платформасына карама-каршы иш кылгандар – мунун баары Кыргызстанда партиялык система калыптана электигин түшүндүрүп тургансыйт. Бара-бара бул түшүнүк калыптанып, партиялар коомдун, шайлоочуларынын алдында отчет берген деңгээлге жетерине ишенгибиз келет.

Дилбар Алимова