Шайлоо кечиксе, шакыйым кармачу болду…

shayloo 1Эх, жыргал! Күзүндө шайлоо болот, буюрса. Кара шым, ак көйнөк кийип алып участөкө барабыз. Жалжайып түшкөн сүрөттөрдүн ичинен бирөөсүн тандайбыз. «Мобурекиге салагөр, салааңан май агызам…» дейт кимдир-бирөө калп эле жөтөлүп. Андайларды «сүтөнөр» деп тергеп алганбыз. Барагын барактай питичка кылып урнага салып ийип, арагын арактай ичип, кайра үйгө «ак» шым, «кара» көйнөк кийип, темтеңдеп кирип келебиз. Чынын айтыш керек, ушул шайлоолор менен референдумдар жанды алып калып атат. Булар болбосо, эчак жапырт жуушамак экенбиз.
Илгери Акайичтин заманында ашык-кеми жок он беш жыл ичип-жедик, жыргадык. Кетпеле кетпе деп атып, үч жолу «төшөк» жаңыртты. Кийинчереээк ускучно болуп кетип, бертөлөткө салып айдап ийдик. Азыр Маскөөдө жатат дейт, мемуар жазып. Бая, мен беш бүлүтөндү бир салып койгон жерине жетип калды болду бекен, он бүлүтөн болчу деп эскертип коеюн дедим эле да. Мейли эми, өзү билип кошуп коер, эстүү жан эмеспи. Жанагы, катынына да ыракмат айтып коюшубуз керек. Шайлоо, референдумдун тең жарымын ошол апчебиз ойлоп тапкан болчу деп атышпайбы. Мына, камкордук каякта! Баласына да ыракмат дешибиз керек. Унутканыбыз жарабайт. Күйөөбаласына да ыспасийбо дегенибиз дурус. Алар баары жапатырмак иштебесе, он беш жыл кайдан жыргайт элек, чынбы, ыя!..
Андан кийин Бакийич келди, сапсары баласын жетелеп. Экөөлөппү же жетөөлөппү, айтор, булар да элди беш жыл бою шайлоо, курултайлар менен курсактын курулдагын угузбай багышты. Кызматтары кыскакен, эмне кылалы. Бертөлөткө салып жиберели десек, кержейишип, биз самөлөт менен кетебиз деп чатырга чыга калышып таш ыргытышты, коргошун чачышты. Андан кийин эмне иш болгонун бүтдүйнө билет да, эй. Жөнеле чыгып кетишсе болмок, Акайичтей болуп. Шайлоонун шаанисин ошолор кичине бузуп кетишти.
Отунбаеванын отурум мезгили кыска болгону менен шайлоолор нуска болду. Анда бир жыргадык. Бир жарым жылдай шаан-шөкөт болду. Азаркы ажонун тушунда деле жаман болгон жок. Көнүп калган адат боюнча бүлүтөндү бүктөмүш болуп, салымыш болуп «сүтүнөр-чыкмаларды» сыртынан акмалап, кимисинин колу ачык, кимиси тырыш экенин анализдеп жүрдүк. Салаадан май аккан күндөр да болду. Жай аккан күндөр да болду. Ошо менен жыл өткөн сайын шайлоо кампаниясы, өнөктүгү улам жакшырып, улам өнүгүп баратыры. Сөздүн кыскасы, шайлоону ар бир квартал сайын өткөрүп турбаса болчудаймес. Ушул идеяны депутаттарга баасы келишсе, сатайын дедим эле. Опшум, мени издеп калсаңар, мен номур биринчи урнанын дал түбүндө болом. Ошол жерде турам, ошол жерге жатам. Кыскасы, жашоо ошол жерде тынымсыз өтүп атыры…

Кимбайке