Шайлоо келатат. Мурдагы убадалар аткарылдыбы?

Shayloo 2Ушул жылдын күз айларында Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Шайлоонун алдында саясий партиялар, алардын талапкерлери убадаларды кош кабаттап берет. Убадалардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн биз, шайлоочулар, politmer.kg сайты менен биргеликте саясий партиялардын программаларына дагы бир сыйра көз жүгүртүп, алардын кандай аткарылганын таразалап, аткарыла элек убадалар качан аткарыларын шайлоо алдында партиялардан сурап, анан таразалап шайлайлы. Тизмени мурунку чакырылышта парламентте утуп келген, парламенттик көпчүлүк коалицияны түзгөн партиялардан баштайлы.

PartiyaКыргызстан социал -демократтар партиясы
1993-жылы түзүлгөн бул партия эрезеге жеткен уланга окшогон куракка келди. Партия программасын көпчүлүктүн таламын талашкан, жаратман жагдайлуу жашоого үндөгөн программаны кабыл алуу менен баштаган. «КСДП үчүн эң негизгиси – өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгынын өсүшү. Биз карапайым калктын жыргалчылыгын камсыз кыла турган гана реформалар менен баштайбыз» деп жазылат программада.
Өлкөнүн борбору Бишкек шаары боюнча программасында да жолдор менен транспорт каражаттарын тартипке келтирүү, көпүрөлөрдү, Москва-Абдрахманов, Абдрахманов-Ахунбаев, Ахунбаев-Манас проспектисинде жол өтмөктөрүн, көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттерден бери иретке салуу иштери каралган болчу.
Турмуш көрсөтүп тургандай, борбор шаарды өнүктүрүү боюнча максимум-программа ошол бойдон, али аткарыла элек. Башкасын айтпаганда да Бишкектин тамтыгы чыккан жолдорун, жолго батпай калган унаасын, көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттердин абалын ж.б. жактарын карасаңыз, али да аткарыла элек иштер арбын.

Partiya 1«Ата Мекен» партиясы
1992-жылы түзүлгөн «Ата Мекен» партиясы шайлоодо «Ата Мекен – сен жана мен!» деген жалындуу сөздөр менен эл алдына чыкканда ички сезими козголуп, көзүнөн жаш тоголонуп кеткен кишилер көп болгон. Анын үстүнө 7-ноябрда мурунку улуу Октябрь социалисттик партиясы түзүлгөн күнгө туш келип калгандыктан, аны Октябрь революциясынын улантуучусу катары кабыл алгандар көп. Алыска барбай эле «Ата Мекендин» Бишкек шаары боюнча программаларына көз жүгүртүп көрөлү. «Бишкегим -Ата Мекеним» деп жогорудагы шайлоо алдындагыдан кем эмес жалындуу сөздөр менен чакырык салып турат. Бишкекти мультимаданияттуу шаар кылабыз дешсе, андан бетер ичиң элжирейт. Бишкекти өлкөнүн экономикалык кереметине айлантабыз десе, Сингапурду элестетип алып жыргайбыз. 2017-жылы борбордо балдар бакчасынын көйгөйү чечилет десе, буга ишенгенбиз. Бишкек шаары- өлкөдөгү бардык реформалардын лидери болгон шаарга айланат дегендерин угуп, таңдайыбызды такылдатабыз.
«Ата Мекенибиз» канчалык убадаларды бербесин, Бишкек мультимаданияттуу шаарга да, коопсуз шаарга да, реформалардын көч башында турган шаарга да али айланып кете элек.

Partiya 2“Республика” партиясы
2007-жылдын 7-апрелинде түзүлгөн, жогоруда аталган партияларга караганда жаш “Республика” партиясы да шайлоо алдында убадаларды байма-бай берип келген. “Биз “кыргыздарга” жана “киргиздерге” бөлүнбөйбүз!». “Бишкек – курама жыйнап курулган шаар”, “Бишкекти таштандылардын шаарына” айландырууга жол бербейбиз!” дешкен республикачылар. “Биз шаардын таштандыларын иштеп чыга турган завод курабыз” дешкен алар. “Биз таштанды мафиясын түп-тамырынан бери жоготобуз!” дешкен алар.
“Республика” партиясы бардык партиялардан алдыга кетип, Бишкек шаарында метро курууну ишке ашырабыз деп убада беришкен. “Шаардык жерлерди ээлеп алгандарды түрмөгө олтургузабыз! Балдар бакчалары- келечектин бешиги, ошондуктан жылына бештен бала бакчаларын ишке киргизебиз! Биз маңкурт эмеспиз, биз улууларды сыйлайбыз! Бишкек кыргыз керметинин шаары болот!” деп республикачылар кайталайт.
“Фермерлерге жылдык 7 пайыз үстөгү менен кредит беребиз!” деп чыгышты республикачылар. Ал тургай “биз МАИни жоёбуз!” деп убада кылышкан республикачылар. Бул убадаларды угуп, “Республика” жеңип келсе, жомоктогудай жашоо болот экен деп ыйлап жибергендер да болгон. Ушул убадалар жел убадалар эмей эмне?Partiya 4

“Ар-намыс” партиясы

1999-жылы түзүлгөн “Ар-намыс” партиясы дагы убадаларды кош кабаттап берип келет. Алардын бири – 2013-жылдын 1-июнуна карата мектептеги рэкетти түп- тамырынан бери жоёбуз дегени. Бүгүн 2015-жылдын 4-июну, дале мектеп рэкетчилиги жоюлбай, окуучулардын арасынан рэкетчиликтин айынан өз жанын кыйгандар кедешүүдө. 2013-жылдын 1-сентябрынан чекене бааларды 10 пайызга төмөндөтөбүз деп убада беришкен. Баалар бүгүнкүгө чейин төмөндөй элек, тескерисинче, көтөрүлүүнүн үстүндө. 2014-жылдын ортосунда Бишкек шаарында таштандылар заводунун курулушу дээрлик бүтүп, шаардагы таштанды көйгөй жаратпай калат деп убада кылынган. Бирок ушул убакка чейин таштанды заводу курула элек. 2014-жылдан баштап Бишкек шаарынын аз камсыз болгон жашоочуларына 100 квартирадан кезек менен берилип турат дешкен. Кана ошол убадалар?

Partiya 3“Ата-Журт” партиясы
“Ата-Журт” партиясы башка саясий партиялардан демилге жагынан алдыга озуп, Бишкектин райондорун район деп атабай, префект деп атайлы деп чыккан. “Ата-журтчулардын” оюнда жаңы аталыш менен аталса эле, борбор шаардын префекттери Япониянын префекттериндей эле бардык жагынан болуп көрбөгөндөй гүлдөп-өсүп кетмек. Префекттердеги ооруканалар менен поликлиникаларда эл убактысын коротпой эле, электрондук кезекке жазылып, убакыт-сааты келгенде дарылануу үчүн жетип бара калышмак. “Ата-журтчулар” да велосипед жолдорун курууга убада берген. Убадасын аткармак тургай, өздөрү чилдей тарап кетишти. Тарагандан калганы башка партиялардын коюн-колтугуна жашырынып жүрөт.

Айгүл Бакеева