Шайыр КАСЫМАЛИЕВА, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «Колумду сурагандар көп»

Shayir Kasymalieva
Кыргыздын кымча бел сулуу айымдары, келишимдүү жигиттеринен уучубуз кур эмес. Алардын бири КРнын Эмгек сиңирген актрисасы Шайыр Касымалиева «Карылыкты чакырбайм, жаштыктын аркасынан куубайм» дейт өз сөзүндө.

– Шайыр эже, жаз майрамыңыз менен! Майрамдарды кандай өткөрдүңүз? Учурда чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп атат?
– Жакында 26-мартта «Аруу азыгым» деген аталышта өзүмдүн 30 жылдык чыгармачылыгыма жана 27-март Эл аралык театр күнүнө арнап чоң театралдаштырылган шоу концерт бергени жатам. Азыр ошол концерттин уюштуруу иштери менен чуркап жүргөн кезим. Концерттин максаты – кыргыз маданиятына, илим-билим жагына өздөрүнүн бүтүндөй өмүрүн арнаган ага-эжелерибизге жагымдуу маанай тартуулоо. Ал жерде өзүмдүн төрт спектаклимди ойнойм. Андан сырткары, сахнага ырдап чыгам. Аялдардын эл аралык майрамы 8-Март күнү ошол демөөрчүлөрүмөн абдан жакшы жооп келди. Мага ал чоң белектей эле кубаныч тартуулады. Түштөн кийин неберелерим келип, алар менен ызы-чуу болуп отуруп майрамдын күүсү, майрамдын деми менен ошол күн кандай өткөнүн билбей калдым.

– Неберелүү болгон өзүнчө эле ырахат болсо керек? Кандай таене болуп атасыз?
– Алгачкы ирет кызым «Жакында таене болосуң» деп айтканда кубанганымды көрсөң, сөз жок. «Кантип эле? Бат эле ушинтип таене болуп каламбы? Кандай таене болом?» деп абдан толкундангам. Анан эле бир аз убакыт өткөндөн кийин экинчи неберелүү болдум. Ошентип тез эле эки уул неберенин сүйүктүү таенеси болуп чыга келдим. Кээде иштен чарчап келсем, чарчоомду тез эле таркатып жиберишет. Кайра алар менен ойноп отуруп, аягында атым ким экенин да унутуп калам. Ѳзгөчө кичүү неберемдин уктаганда эле оозу тынбаса, ойноп жүргөндө оозу такыр тынбайт. Суроонун үстүнө суроо, үстөккө-босток кылып бере берет. Мен анын ар бир суроосуна жооп бергенге аракет кылам.

– Сиз жаш кезиңиздей эле сулуулугуңузду сактап келесиз. Сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?
– Ушинтип сурашса, мен аябай сүрдөйм (күлүп). Себеби атактуу айымдарга салыштырмалуу меники бир чети уят эле иш. Анткени башкаларчылап СПА- салондоруна чуркабайм, кымбат баалуу бир нерселердин аркасынан куубайм. Балким бул менин кемчилигимдир дейм. Маселен, Кудай берген турпатымды аяр тутуп, бапестеп багып, дагы да ушундай турпатымдан жазбаганга аракет кылам. Менин жеке пикиримде, ички дүйнөмдүн, жүрөгүмдүн тазалыгы сырткы келбетиме дагы чыгып турат болуш керек деп ойлойм. Албетте, адамзаты башынан өткөрүп жаткан кайгы-капа менин башымда деле бар. Бирок акыркы учурларда андай нерселерге көп кейибей, жакшы нерселерди өзүмө сиңирип калганга үйрөндүм. Кээде улуу эжекелер «Шайыр, сен качан карыйсың?» деп тамашалап калышат. Анда аларга мен «Эже, карыганга убакыт жок» деп күлүп калам. Бирок, антип тамашалап сүйлөгөнүм менен карылыкты чакырбай, жаштыктын аркасынан куубай, Кудай берген күндү жашап атам. Менин сулуулугумду сактап жүргөнүмдүн сыры ушул го дейм.

– Актрисалык кесип кичинеңизден эңсеп жүргөн кесиппи же кокустукпу?
– Ооба, эс тарткандан тарта эле чачыма узун кылып жоолуктарды байлап туруп өрүп алып, күзгүнүн маңдайына келип бир туруп ойноп, бир туруп күлүп, бир туруп ыйлап, бийлеп жүрүп чоңойдум. Негизинен, артисттердин үй-бүлөсүндө өстүм да, ата-энемдин таланты мага өткөн окшойт.

– Тасмада жараткан алгачкы ролуңуз кайсы болгон?
– Мен бала кезде «Бөбөк сенин жомогуң» деген балдар үчүн көрсөтүү бар болчу. Ошол көрсөтүүгө тогуз жашымда ар кандай жан-жаныбарлардын образын чагылдырып тартылгам. Аны менен катар эле белгилүү актер-актрисалардын балдарынын ролун ойноп жүрүп, бассам да, турсам да, актрисалык кесип тууралуу ойлончумун. Ал эми алгачкы жолу «Тагдыр» деген тасмада Болот Шалтаевдин кызынын ролун ойногом. Анда мен он жашта болчумун. Аны менен катар эле атам менен Жамал эже тартылган тасмада да алардын кызынын ролун жараткам. Маселен, чоң басымдуу образ деп Чыңгыз Айтматов агабыздын «Бетме-бет» чыгармасындагы Сейденин образын айта алам.

– Акыркы кездерде чыгармачылыгыңыз солгундап кеткендей. Айтайын дегеним, тасмаларга да тартылбай калдыңыз. Мунун себеби эмнеде?
– Мага тасманын санына караганда сапаты маанилүү. «Тасмага тартылып бериңизчи» деп кайрылгандар, чакыргандар абдан көп. Анын үстүнө илгери биздин кинолорду «Кыргыз керемети» деп айтышчу эле. Анын сыңарындай, биздин кыргыз керемети тим эле чабыттап өсүп атат окшойт. Анын арасында коммерциялык багытты көздөп, сапат жагынан бир аз аксаган тасмаларыбыз да бар. Билген режиссерлор да, билбеген режиссерлор да бар. Муну уккандар таарынышпасын. Албетте, алардын арасында мыкты режиссер, артисттер да жок эмес. Мен кашыктап топтогон нерсемди чөмүчтөп чачкым келбейт, тескерисинче сактагым келет (күлүп).

– Актриса болуу менен эмнени жоготтуңуз да, эмнени таптыңыз?
– Билесиңби, мурда мага ушул суроону беришкенде «Тапканым жоготконуман көп болду. Бирок такыр эч нерсе жоготкон жокмун дегенден алысмын» деп жооп берчүмүн. Себеби, карьераны алдыга койгон аялдар жеке турмушунда бир топ жоготууларга учурайт. Бул жалгыз эле менин тагдырым эмес. Дүйнө жүзүн алып карай турган болсок, карьера жагынан бир топ ийгиликтерди багындырган аялзаты өзүнүн жеке турмушунда бир аз аксап калат окшобойбу деген ойго келдим. Бирок мен ага кейибейм. Анткени тапканым салмагы, көлөмү, тереңдиги боюнча да андан ашып түшүп атпайбы. Тапканымдын эң орчундуу бөлүгү – бул элдин батасы, жан эргиткен жакшы сөзү. Ошолор эле мени канча семиртип, кубантат. Андай сөздөрдү уккандан кийин жөн жатпай дагы да эмгектенип, чыгармаларды жаратып элге тартуулагым келет.

– Аялзатына жалгыз жүргөн кыйын эле болсо керек. Турмушка чыгып алайын деп ойлогон жоксузбу? Колуңузду сурагандар деле көп болсо керек?
– Ооба, колумду сурагандар көп болду. Азыр деле бар. Бирок кыргыздын «Жети өлчөп бир кес» деген сөзүн абдан бекем кармайт окшойм. Ар дайым өлчөй эле берем, өлчөй эле берем, кескенге убакыт жок. Албетте, бул тамаша. Негизи эле, Кудайдан эмнени сурасаң ошол аткарылат экен. Ага өзүң да чоң салым кошуп, далалаттанасың. Бирок акыркы учурларда өлчөгөндөрүм көбүрөөк болуп кетти окшойт. Мени катуу ойго салдыңар (күлүп).

– Сиз бир гезитке берген маегиңизде «Абдумалик Шерматовго турмушка чыгууга мажбур болуп калдым» деп айткан элеңиз. Муну түшүндүрүп бербейсизби?
– Ѳзүңөр ойлосоңор, кыз-жигит ээн-эркин Москвада окуп, жигит кыздын аркасынан калбай чуркап жүрсө, кыз көңүл бурат да. Экөө жетелешип чогуу экзаменге кирип, андан чыгып көчөдө басат эмеспи. Мына ошондой күндөрдүн биринде кокустук болот экен да. Ал ала качкан менен эле барабар болуп калды да. Ошондуктан мен эрте турмушка чыкканга мажбур болгом.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА