Ширин АЙТМАТОВА, ЖК депутаты: «Бактамед» препаратынан 20 баланын буту баспай калды»

Aytmatova Sh.Акыркы жылдары Кыргызстанда «Бактамед» дарысын алып колдонгон 20 баланын буту баспай калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова айтып чыкты. Анын айтымында, «Бактамед» дарысынан алгач жети бала гана жабыркаган болсо, эки жылдын аралыгында жабыркаган наристелердин саны 20га жеткен.

– Мен үч жылдан бери «Бактамед» деген антибиотиктин айынан ооруга чалдыккан наристелерди иликтеп келем. Үч жылдын аралыгында «Бактамед» дарысынан 20 баланын буту баспай, ден-соолугунан ажыраган. Бул жылдардын аралыгында ар кандай дарылардан жабыркаган балдар катталган. Эң кызыгы, Жогорку Кеңеште иштеген адамдын тууганынын баласы «Бактамед» препаратын алгандан кийин, анын буту иштебей калган. Баардыгы мына ушул окуядан кийин ачыкка чыга баштады. «Бактамед» дарысынан башында 7 бала жабыркаган болсо, эки жылдын ичинде жабыркагандардын саны 20га жетип атат. Мисалы, 20 бала деген оңой эмес. Аларды ата-энелери колдорунан келишинче дарыгерлерге көрсөтүп, алардын кеп-кеңештерин алып, балдарынын аксабай басып кетүүсүнө колунан келген аракеттерин кылып жатышат. Негизинен биз буга каршы чара колдонбосок, башка балдар да жабыркашы ыктымал. Былтыр дарыдан жабыркаган 7 баланын ата-энелеринин Жогорку Кеңешке кайрылуусунун негизинде Саламаттыкты сактоо министрлигинде окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлүп, ишке киришкен. Маселен, балдар дал ушул «Бактамедден» жабыркады деп тыянак чыгаруу үчүн ошол врачтын каттоо баракчасы, башкача айтканда, «сары кагазы» керек. «Сары кагаз» дегенибиз эмне? Бул врачтар «ушул дарыдан жабыркады» деп толтура турган кагаз. Алар аны толтуруп, Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаментине жиберишкенден кийин, алар карап чыгып, андан соң бир жыйынтык чыгарышы керек эле. Андай болгон жок. Бизде «сары кагаз» деген түшүнүк теорияда болгону менен практикада колдонулбайт. Ушул жагдайдан улам Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаменти: «Официалдуу түрдө кайрылышкан эмес. Алардын «сары кагаздары» толтурулган эмес. Ошондон улам бул жерде эч кандай кооптонуу жок» деп бул маселени көзөмөлгө алышкан жок. Бул туура эмес. Себеби, врачтар өзүлөрүнүн кызматын татыктуу аткарбай жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги да буга көңүл бурган жери жок.

– Ата-энелер дары-дармек саткан компанияларды сотко беришкен жокпу?
– Ата-энелер Кыргызстанда «Бактамед» дарысын саткан фирманы сотко беребиз дешкен эле. Кийин, алардын бири мага фирманын жетекчиси менен жолукпай турганын билдирген. А башка ата-энелер барып фирманын жетекчилиги менен жолугушкан. Ошондон кийин ата-энелер фирманы сотко бербей калышкан. Ал жолугушуунун алкагында алар эмне деп чечишкендиги табышмак болуп калды. Бирок, мындай учурларда өнүккөн мамлекеттерде миллиондогон каражаттарды төлөп беришет. А бизде, Кыргызстанда мындай учурда каякка кайрыларды да билбейбиз.

Гүлниза, “Бактамедден” баласы жабыркады делген ата-энелердин бири: “Мен арызданган эмесмин, жөн эле ызы-чуу кылып атышат”
Биз ушул дарыдан жабыркаган делген балдардын бирөөсүнүн ата-энеси менен байланыштык. Гүлниза аттуу айым “Эмнеге эле ушуну ызы-чуу кылып жатасыңар? Мен арыз жазган эмесмин, жөн эле ызы-чуу көтөрүп жатышат. Балам, Кудайга шүгүр басып калды, жакшынакай эле жүрөт” деди. “Бактамедден” баспай калганы чынбы?” деген сурообузга, “Анысын билбейм, бул дары күчтүү экен, укол жасаганда нервдерине дагы тийип кеткен деп айтышты” деди Гүлниза.

Кымбат Турдубекова