СЫНАК!!! Машинеӊди таанып, бекер бензин куйдуруп ал!

Synak 5“Полит Клиника” гезитинин окурмандарынын арасында сынак жүрүп жатат. Биз сан сайын көчөдө бараткан машинелердин бирин капилеттен сүрөткө тартып алабыз. Автоунааӊызды таанып, биздин гезиттин ошол сиздин унааӊыздын сүрөтү чыккан санын алып келсеӊиз, биз сизге 10 литр бензин куюп беребиз. Бул жолу В7005АТ номерлүү автоунаасынын кожоюнун издейбиз. Кимде ким бул машиненин кожоюнун тааныса, телефон чалып сүйүнчүлөп коюңуз! Анткени, ал машинесинин багын 10 литр бекер бензинге толтуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Биздин дарек: Ибраимов көчөсү 24, Учкун концернинин имараты 5-кабат, 502-кабинет. Тел.: 0705863129