Төлөгөндүн төрт бурчу

Altynbek MaksutovАлтынбектин «алтын» шилекейи
Улуу согушка катышкан ардагер акыныбыз Сооронбай Жусуевдин мааракесин белгилеп аткан расмий чогулушта бир чекилик иш болуптур. Маданият министри болуп иштеп атканына али бир жыл тололек Алтынбек Максүтов тилинен «мүдүрүлүп», Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековду күтпөгөн жерден Жээнбаев деп «байытты». Бул жерде «байыды» деген терминдин эки бети болуп атат: бир мааниси байлык жөнүндө, экинчи мааниси түгөндү дегенди билдирип калат экен. Бөдөш Мамырова деген депутат айым буга катуу кейип: «Эсесердин убагында мындай чалкештик үчүн кызматка кайра жолотмок эмес. Силер болсо эч кандай чара көрбөстөн, оозуңарды ачып отурасыңар. Сиз вице болуп иштеп турганда мунуңар министр болгон экен, демек, аны кызматка сиз койгонсуз» деп билим жана илим министри Эльвира Сариеваны жөөлөп өттү. Мындай беталды чабуулга эч кимиси унчугалган жок. Анткени, илибой памиленин илибой жеринен ашапке кетип калып, маскарапоз болуп калуу коркунучу ошол тегеректе камунизимдин караанындай каалгып жылып жүргөн эле…

Альфия да кетмей болду…
Өкмөтүбүз түндө жаман түш көрүп кыйналганбы, же сол бутунан турганбы, же башка да себеби барбы, айтор, «Альфа Телеком» деген айтылуу компанияны сатам деп чыкты. Бул компания иштеп тапкан акча каражаты жагынан учурда Кыргызстан боюнча алдыңкы орундарды ээлейт экен. Анда эмнеге сатканы жатышат деген суроолор туулушу мүмкүн, туурабы. Премьер-министр Темир Сариевдин берген маалыматы боюнча да компаниянын кирешеси азырынча мол дейт. Бирок, андан ары өнүгүүгө арзыбаган пул бөлүнгөндүктөн, бара-бара бул компания атаандаштыкка алы келбей, итке минип калышы толук мүмкүн окшойт. Ошондуктан, али «сулуу» кезинде, али бетине «бырыш» түшөлекте «Альфиянын» теңин таап, «күйөөгө» узатуу керек деген мысылды түшүндүк. Кокус, итке минип калса, өзүбүздү кубалап «каап», шыйрагыбызга тиш салышы да мүмкүн деп жүрөктүн үшүн алышты, шумдугуңгур…

Чыңгыз кайда? Лондондо!..
Өлкөнүн кыраан чекистери бир жаранды издеп таппай суй жыгылышты. Ал жарандын аты-жөнү Чыңгыз Шамшиев экен. Кыргызстанда Шамшиев деген бир эле атактуу фамилия бар, аны өзүңөр деле жакшы билесиңер деп ойлойбуз. Сөздүн жүйөөсүнө келе турган болсок, Чыңгыз Шамшиев Мамлекеттик башкаруу академиясына ректор болуп иштеп турган мезгилде ким-бирөөлөрдөн очойгон өлчөмдө пара талап кылган имиш. Ошол эле академияга тийиштүү ашкананы ижарага берип жиберип, ортодон 300 миң сомду оп тартып кеткен имиш. Иши кылып, андан да бөлөк айыптар тагылууда. Чоң куудул Күмөндөрдүн айтканы бар эмес беле гаиге токтотпой кетсе долонго чейин кууп барышыптыр да. Анда Күмөндөр машинесин токтотуп чыгып келип тимеле чоң мафияны кармачудай кубаладынар да депчи. Анын сынарындай Чыңгыз Шамшиев азыр четөлкөдө жүрүп аткандыктан, Биринчи Май райондук соту сыртынан тон бычып, келер менен башынан суу айлантпай туруп камакка алуу керек деген чечимин чыгарып, бир аз эс ала түшкөндөй болушту окшойт, сыягы.

Кызыл шапке толо кызылдай акча
Туризм департаменти деген кантор бар. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колтугунда жайгашкан. Бул департамент кийинчерээк эле тай-тайлап баса баштаганына карабастан, эмитен эле өнөрү чыга баштады дейт. Тентек болот окшойт дейт. Ошол департаменттин деректири Максат Чакиев деген акжака кечээ жакындале түн жамынып барып, бир милисанын колун «кайрып» туруп, албайм-жебейм дегенине карабастан тердеген алаканына 92 миң сомго тете пара берип, матасекилинин дөңгөлөгүнө «палка» койгон имиш. Дагы жакшы, тигил милиса өтө чесныйкен, 100 миң сом параны албайм деп чыр чыгарып, акыры аны 92 миң сомго эптеп макул кылат. Ошо менен колду бош чөнтөккө салып ышкырып кетип баратса, бир топ тавариш милисайлар алды-артынан чыга калып, деректирди буйлалап кетишиптир. Соттун чечими менен эки айга абакка да кесилген имиш. Ушундай төбө чачты тик тургузган окуялар катталып атат жашообузда. Окендер айткандай биринчи билин ком болгон экен. Жаш да азырынча. Пара берип колго түшкөн да жаран болот экен ээ, өңүбүзбү же түшүбүзбү деп биз отурабыз, кежигебизди кажып коюп…

Төлөгөн Карыкеев