Articles Posted in the " Акылбек Чынтемиров " Category

  • Ички иштер министри Мелис Турганбаев ачылбай жаткан кылмыш иштери, үй-бүлө, көзү ачыктар тууралуу

    – Алманбет Анапияевдин өлүмүнө өзүн күбө катары атап келген Гүлжигит Абилазизов менен чогуу милиция кызматкерлери учуп келгени тууралуу маалыматтар чыкты. Бул кандайдыр бир шектенүүлөрдү жаратпай койбойт экен. Бул иштин чоо-жайын өзүңүз түшүндүрүп берсеңиз? Себеби бул ишке сизди да байланыштырып жазып чыгышты. – Акыркы мезгилдерде интернет түйүндөрүндө Алманбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу бир катар ушак түрүндөгү материалдар […]


  • Кыргызстан экономикалык карым-катышын кеңейтүүгө багыт алды

    Акыркы 2-3 жылдан бери кыргыз коомчулугунда катуу талкууланып, эки ачакей пикирди жаратып келаткан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (Кыргызстан экономикалык карым-катышын кеңейтүүгө багыт алды) кирүү маселеси акыры бир ыңтайына чечилди. Ушул жылдын 8-майында Кыргызстан аталган биримдикке расмий кирди. Тиешелүү документтерге Москва шаарында Жогорку Евразия экономикалык биримдигинин отурумунда мамлекет башчылары кол коюшту. Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан аталган уюмга […]


  • Ташболот Балтабаев, ЖК депутаты: «Темир Сариевдин талапкерлиги логикага туура келет деп ойлойм»

    – Ташболот мырза, өткөн жумада Жоомарт Оторбаев отставкага кетти. Ара жолдо ушинтип кызматын таштап, качып кеткени жоопкерчилиги жок адамдай сезилип калбадыбы? – Ѳзү таштап качтыбы же кандайдыр бир качырган фактор барбы, бул жагын ойлонуп көрүш керек. Таштап качканынын объективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Объективдүү себеби, бүткүл дүйнө жүзүндөгү бүгүнкү жүз берип жаткан экономикалык кризистин […]


  • Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты: “Мен адамдарга “туруксузмун”

    – Оппозициянын Жалал-Абадда өткөргөн Курултайына сиздердин барбай койгонуңуздарды сындап атышат. Эмнеге барбай койдуңуздар? – Оппозиция деген партия жок. Бийликтин позициясына ичи чыкпаган адамдар оппозиция боло берет. Алардын бир тобу Жалал-Абадда курултай өткөзүштү. Бул алардын укугу. Курултай өткөзгөнгө ар бир жаран укуктуу экендиги Конституцияда каралган. Биз аларды сындаганга моралдык укугубуз жок. Биз аларга айлык төлөп тапшырма […]


  • Оппозиция башкы ролду ойногон “боевик”

    Оппозиция башкы ролду ойногон “боевик”

    Улам бир күнгө кайра-кайра жылдырып отуруп, акыры өткөн жумада Жалал-Абадда Бириккен элдик кыймылдын Курултайы болуп өттү. Быйылкы жылдын эсебинен оппозициянын биринчи иш чарасы десек болот. Бул Курултайдын жыйынтыгынан улам быйыл Кыргызстан митинг-питингден алыс болоруна дагы бир жолу көзүң жетет. Белгиленген Курултайга Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрү өздөрү да барбай коюшту. Алардын мурунку лидери Равшан Жээнбеков кыймылдын […]


  • Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн калкалаган Мусаев

    Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ички коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Ишен Мусаев деген бар. Бул кишинин таржымалы өтө кызык экен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон Мусаевге 2007-жылдын 12-мартында Ысык-Көл ОИИби тарабынан Кылмыш кодексинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иштеринин козголушуна сауналар менен наркопритондорго […]


  • Орозбек Дүйшеев, Тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчиси: “Өнөр жайды саясатташтырбаш керек”

    – “Кумтөр” боюнча маалымат жыйынын өткөргөнү жатыпсыздар. Кайсы маселени талкуулайсыздар? – Тоо кен өнөр жайынын Кыргызстандын экономикасында алган орду чоң. Тоо кен өнөр жайын өнүктүрмөйүнчө биздин Кыргызстандын экономикасы алдыга жыла албайт. Бүгүнкү күндө тоо кен өнөр жайынын абалы оор. Мисалы, “Кумтөр” маселеси бүгүнкүгө чейин чечиле элек. Ал эми Жер үй алтын кениники эми эле башталып […]


  • Алмазбек Атамбаев, КР Президенти: “Биз демократиялык жолду тандадык, ушул жолубуздан эч качан кайтпайбыз”

    Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Европанын беш өлкөсүндө иш сапары менен жүрөт. Сапар Австриядан башталып, андан соң Францияда уланды. Дагы Германия, Швейцария, Бельгия өлкөлөрүндө болот. Президент Алмазбек Атамбаев алгач Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер менен жолугушту. Президенттик ак сарайдагы расмий кабыл алуу аземинен кийин өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана […]


  • Депутат кредиттик уюмдун акчасын пролонгация кыла алабы?

    Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген “7-каналдан” 6-март күндөгү жаңылыктарынан укук коргоочу Качкын Булатов чыгып сүйлөп “ Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Туманов бир финансылык компания менен сүйлөшүп алып, алардын 250 млн сомун он жылдык мөөнөткө пролонгация (пайыздарын өстүрбөй, токтотуп коюу) кылып берген жана бул кызматы үчүн 20 млн сом алган” деп билдирди. Биз дагы бул фактыга кызыгып, […]


  • Cирия: Азгырыктын артында эмне бар?

    Cирия: Азгырыктын артында эмне бар?

    Акыркы эки-үч жылдан бери кыргыз коомчулугунда Сирия деген сөз Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөсүн гана эмес, андагы кан күйгөн согушту, халифат куруу идеясына азгырылгандарды, согуш болуп жатканына карабай үй-бүлөсүн алып, ошол жакка кетип калып жаткан кыргызстандыктарды да кошо түшүндүрүүдө. Кыргызстандын күч кызматтары берген маалыматтар боюнча, 2012-жылдан бери өлкөдөн Сирияга кеткен жарандардын саны 250дөн ашты. Алардын арасында […]