Articles Posted in the " “Ата Мекен” партиясы " Category

  • Шайлоо келатат. Мурдагы убадалар аткарылдыбы?

    Ушул жылдын күз айларында Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Шайлоонун алдында саясий партиялар, алардын талапкерлери убадаларды кош кабаттап берет. Убадалардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн биз, шайлоочулар, politmer.kg сайты менен биргеликте саясий партиялардын программаларына дагы бир сыйра көз жүгүртүп, алардын кандай аткарылганын таразалап, аткарыла элек убадалар качан аткарыларын шайлоо алдында партиялардан сурап, анан таразалап шайлайлы. Тизмени мурунку […]


  • Кимдин “Вечеркасы” Бакиевдердин изи менен баратканын ким тактайт?

    Кимдин “Вечеркасы” Бакиевдердин изи менен баратканын ким тактайт?

    Чындыгында, акылдуусунуп оозго келгенди оттогондон көрө унчукпай коюу артык. Акыркы кезде Өмүрбек Текебаев өзүнүн “Ата Мекен” партиясынын шайлоо алдындагы кампаниясын баштап, популисттик, ошол эле кезде тергеп айтканда кызыктай билдирүүлөрдү жасоодо. Бирде Бишкектин тегерегиндеги басып алынган жерлерди мыйзамдаштыралы десе, биринде диндин аркасы менен капчыгын кампайткан мурунку муфтийге карата кылмыш ишин токтотууну сунуштады. Башкача айтканда Текебаев мыйзамдын […]


  • Ташболот Балтабаев, ЖК депутаты: «Темир Сариевдин талапкерлиги логикага туура келет деп ойлойм»

    – Ташболот мырза, өткөн жумада Жоомарт Оторбаев отставкага кетти. Ара жолдо ушинтип кызматын таштап, качып кеткени жоопкерчилиги жок адамдай сезилип калбадыбы? – Ѳзү таштап качтыбы же кандайдыр бир качырган фактор барбы, бул жагын ойлонуп көрүш керек. Таштап качканынын объективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Объективдүү себеби, бүткүл дүйнө жүзүндөгү бүгүнкү жүз берип жаткан экономикалык кризистин […]


  • Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты: “Мен адамдарга “туруксузмун”

    – Оппозициянын Жалал-Абадда өткөргөн Курултайына сиздердин барбай койгонуңуздарды сындап атышат. Эмнеге барбай койдуңуздар? – Оппозиция деген партия жок. Бийликтин позициясына ичи чыкпаган адамдар оппозиция боло берет. Алардын бир тобу Жалал-Абадда курултай өткөзүштү. Бул алардын укугу. Курултай өткөзгөнгө ар бир жаран укуктуу экендиги Конституцияда каралган. Биз аларды сындаганга моралдык укугубуз жок. Биз аларга айлык төлөп тапшырма […]