Articles Posted in the " Айгул Бакеева " Category

  • Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

    Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

    “Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, ой-толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур”. 02.09.1928 Түнүчүндө жакшы уктай албадым. Кечке эле: “Эртең эмне болор […]


  • Патриот деген ким?

    …Биз жакта азыр чак түш, ал эми сен жашаган жерде түн ортосу. Уктап жаткан болушуң керек, бейпил түн тилейм сага, кызым. Бөтөн эл, бөтөн жердин туз-даамын татып жүрөсүң, бөтөн жердин жели, суугу сага тийбесе экен дейм. Скайптан сүйлөшкөнүбүзгө сүйүнүп, карааныңды көрүп, сөзүңдү укканыма кадыресе каниет алып калам. Бир бала тууралуу айтпадың беле, апасы алыска жөнөткөндөн […]


  • Айчүрөк Камаева, Апрель баатыры -Үсөнбек Камаевдин кызы: “Атам арманда кетти”

    Үсөнбек Камаев – апрель окуясында набыт кеткендердин бири. Апрель баатыры Ак- Талаанын Тоголок Молдо айылында туулган. Үч жашында атасынан айрылганда апасы Баетов айылына алып кетип, жалгыз чоңойткон. Мектепти аяктап жатканда апасы каза болуп, тоголок жетим калган. Ошол жылы өрт өчүрүү кызматына ишке орношуп, үч жылдай иштеп калат. Кийин МСОго, даярдоо кеңсесинде иштейт. Өмүрлүк жары Бурулбүбү […]


  • Бишкектик Усама Бен Ладен 13 жашта

    Балага ат коюу жөрөлгөсү кандайдыр бир маанилүү окуяларга, адамдарга байланыштырып коюлушу ажеп эмес. Сузак районунда төрөлгөн балага Биллклинтонбек деген атты АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун шайланышынын урматына коюшуптур. Ташматовдордун үй-бүлөсү 24-марттан 25-мартка караган түнү төрөлгөн балдарын Курманбек жана Феликс деп коюшкан. (К. Бакиевдин, Ф. Куловдун урматына) . Кыргызстанда Роза (Отунбаеванын урматына), Өмүрбек (Бабановдун урматына), Алмазбек (Атамбаевдин […]


  • Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

    “Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, менин ой-толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур”. 22.08.1928 … Серафимовичтин “Железный потогун” окуп жатам. Бул толкуган […]



  • Япон жигити Атсуши Куваяма: “Алыкул, Мидин, Байдылданын ырлары менен таанышам”

    Борбордогу “Нуска” китеп дүкөнүнөн мурда атын угуп жүргөн Атсуши Куваяма аттуу жапон жигитине жолугуп калдым. Ал Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Байдылда Сарногоев жана башка акын-жазуучулардын кыргыз тилиндеги китептерине кызыгып, сатып алганы келиптир. Тандап көрүп Алыкулдун эки томдугу баштаган бир нече китепти сатып алып, сатуучудан “Этеги жок, жеңи жок чапан чыгаар” деп ким ырдады эле?– деп […]


  • Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина: “Түшүмдө атам келди”

    Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина: “Түшүмдө атам келди”

    Жусуп Абдрахмановдун атына заты жарашкан Ленина аттуу кызы атасынын атын калыбына келтирүүгө, калың элге жайылтууга опол тоодой эмгек жасап келатат. Бүгүнкү күнү Ленина Юсуповна 80 жашка таяп калса да, кадимкидей калбаат. Көзү бир топ жылдан бери көрбөй калган, кулагы дагы катуу, бирок арыз-муңун айтканды жактыра бербейт. Күйөөсү көп жыл мурун кайтыш болуп, азыр жалгыз жашайт. […]


  • Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

    Редакциядан: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нуска кол жазмасы анын кызы Ленина Абдрахманованын колуна 1989-жылы тийген жана азыр да сакталып турат. Күндөлүк 1920-1930- жылдары жазылганына карабастан, биздин замандаштарыбыздын кызыгуусун жаратып келет. Анткени бул жасалмасыз, ачык-айрым жазылган, бир адамдын күнүмдүк турмушу, өз элинин чыныгы патриотунун, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган жетекчинин тагдыры. Биз бул баа жеткис, тарыхый күндөлүктү […]