Articles Posted in the " Биржа " Category

  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    (Уландысы. Башы өткөн сандарда) Эмнесин жашыралы, ошол кезде орустардын арасында: «Кыргыздар – бул койлор, аларга ошондой баатыр чабан керек», – деген сөз да айтылып жүрдү. Азыр калем кармаган көптөр не себептендир ачуулуу-каардуу жазып жатышат, а мен, жекече көз карашты билдирсем да, болгонду болгондой гана жазгым келет. Балким, башкы темадан – жумушсуздук темасынан алыстап кетет окшоймун. […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    Муратбек Мукашев, «Биржа»

    (Уландысы өткөн сандарда) Коммунисттер алы-жаны калбай айтып келген лениндик улут саясаты, чын-чынына келгенде, сталиндик улут саясаты болгон. Анын канчалык туура экенинен Солженицындын «Россияны кандай куруу керек?» деген трактатын окугандан соң шектене баштагам, бирок ал Ельциндин колунан Россиянын жогорку сыйлыгын алуудан баш тарткандан кийин жана ошондой эле Россия академиясынын 275 жылдыгына байланыштуу белгилүү сөзүн окуп көрүп, […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    (Уландысы. Башы өткөн санда) Тургандар аларды курчап алышып: «Мени алыңыз, мени алыңыз!» – деп кыйкырып жатышты. Эң көптөр 20 сомго, атүгүл 15 сомго да макул экендиктерин билдирди. Ажылар топтошкондордун боюн, колу-бутун кожоюндук түр менен сыдыра карашып: «Сен, сен, сен, сен, сен, сен…» – деп колдору менен көрсөтүп жатышты. Ошентип, алар алдуу-күчтүү 10 кишини тандап алышты […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    Жумушсуздуктун деңгээли жана жайылышы экономиканын абалынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Менин өлкөмдөгү жумушсуздук, өзгөчө экономикалык активдүү калктын жумушсуздугу айтпай коюуга мүмкүн болбой турган өтө бийик чекке жетти. Бирок, тилекке каршы, чоң, орто жана ар түрдүү түстөгү үйлөрдүн баардык кабаттарында биз экономиканы өнүктүрүүнүн макро жана микро деңгээлдери, инфляция, акчанын кунарсыздыгын жоюу, калкты каттоого алуу жөнүндө какшап […]