Articles Posted in the " Дилбар Алимова " Category


  • Жеңиштин жетимишинчи жазы

    “ПолитКлиника” гезитинин редакциясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Кыргыз эл акындары, Кыргыз Эл Баатырлары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуевди жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Кыргыз эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры Сүйүнбай Эралиев: “Тагдырыма мен ыраазы ар качан Мекениме солдат кылып жараткан!» Сүйүнбай ага жеңиштин 70 жылдыгына да ыр арнап, бакубат карылыктын доорун сүрүп жатат. Жакында эле “Солдат […]


  • Рыскелди Момбеков, “Учкун” ААКсынын жетекчиси: “Балык ооз эмес, бакылдаган депутат боло алам”

    – Рыскелди мырза, сиз журналистика чөйрөсүндө жүрүп эле кантип саясатка аралашып кеттиңиз? – Менин журналистикада жүрүп чоң саясатка аралашып кеткеним эмес, жөн эле жүрүп журналистика чөйрөсүнө аралашып кеткеним кызык. Чынын айтсам, менин журналисттик кесибим жок болчу, атургай бул чөйрө тууралуу түшүнүгүм да жок болчу. Билбейм, бул турмуштун жазмышыбы же менин атактуу Шекер айылында төрөлүп калганыма […]


  • “Өзүңдү жеңгенден чоң жеңиш жок”

    Эртең менен туруп Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Муратбек Мукашевден маек алайын деп шашып бардым. Жакында 65 жашка чыгарын билчүмүн. А десем да, бу десем да маекке макул болбой койду. Бир айтканынан кайтпаган көктүгү бар экенин мурда эле билчүмүн. Алгачкы жолу 2010-жылы болсо керек, маек алайын деп чалып, макулдашып […]


  • АКШда кыргыз музыкасын оболоткон Нурмира

    Былтыр АКШнын Вашингтон шаарына барганда кыргызстандык мекендешибиз Нурмира Салимбаева менен таанышып калдым. Ал ошол Вашингтон шаарында жашайт, виолончелиде, комузда ойнойт. Бул аспаптарга кыргыз музыкаларын салып, CD да чыгарган. Нурмира кыргыздардын келгенине кубанып, бир топ убакыт биз менен пикир алышып кеткен болчу. Азыр эми аны менен интернет аркылуу байланышып, маек курдук. – Нурмира, Кыргызстандагы жаштардын көбү […]



  • Алтындын үстүндө жаткан Кыргызстан эмнеге жакыр жашайт?

    Жалпысынан алганда, Кыргызстанда 1000ге чукул алтын кени бар. Мамлекеттин балансында турган 48 кендин жетөө иштетилип атат. Булар – Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Тереккан, Кара-Казыкта эки участок, Долпран. Ал эми Жерүй, Талды-Булак, Иштанберди, Андаш өӊдуу 29 кен чалгындалып бүтүп даяр, бирок иштетилбей турат. Эмне үчүн ушунча кенибиз туруп, Кыргызстан жакыр жашашы керек? Жерүй 20 жылдан бери колдон […]