Articles Posted in the " Эмилбек Каптагаев " Category

  • Эмилбек Каптагаев, «Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор»

    (Башы өткөн сандарда) Сансызбай агай жөнүндө көп жазыптыр, ал кишинин жөнөкөйлүгүн, студенттерине атасындай мээрим менен мамиле кылып, атүгүл мас болуп милицияга түшүп калса, 15 сом штрафын да төлөп бергенин айтат Шакем. Таң калдым. Биздин мехматта андай болуусу да мүмкүн эмес болучу, дароо эле айдап чыгарылчу окуудан андай чатагы бар студенттер. Сансызбай агай менен мен 1975-жылы […]


  • Эмилбек Каптагаев, “Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор”

    (Уландысы. Башы өткөн санда) Апам демекчи. Мен бул жерде эле жазып жатам – Апам деп. Чоң ата – чоң эненин колунда өскөн көп эле балдар сыяктуу мен өз тууган апамды Жеңе деп чоңойдум. Мени кичинемде багышкан эжемдер, а балким Энем деле, ошол тууган апамдан мени кызганышып “жеңе” деп айт деп үйрөтүшкөн го сыягы. Атамдын карындашы […]


  • Эмилбек КАПТАГАЕВ, “Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор”

    Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларын” сурабаган, издебеген адам жок го дейм азыр. Кыска убакыттын ичинде үчүнчү жолу толукталып кайра басылып чыкканына карабастан көпчүлүккө таңсык бойдон калууда. Окуп алып, бир эле сыйра эмес, кайра-кайра окуп, тамшанып, өз оюн басма сөз аркылуу, интернетте жарыя кылып жаткандар да арбын. Эл оозуна бат алынып, элге тез сиңип кеткен […]