Articles Posted in the " Кимбайке " Category

  • Шайлоо кечиксе, шакыйым кармачу болду…

    Эх, жыргал! Күзүндө шайлоо болот, буюрса. Кара шым, ак көйнөк кийип алып участөкө барабыз. Жалжайып түшкөн сүрөттөрдүн ичинен бирөөсүн тандайбыз. «Мобурекиге салагөр, салааңан май агызам…» дейт кимдир-бирөө калп эле жөтөлүп. Андайларды «сүтөнөр» деп тергеп алганбыз. Барагын барактай питичка кылып урнага салып ийип, арагын арактай ичип, кайра үйгө «ак» шым, «кара» көйнөк кийип, темтеңдеп кирип келебиз. […]


  • Батирден чыккан балээ…

    «Чырдын башы кимден чыкты? Алты соттук жерден чыкты…» демекчи, Карганбек Самаковду «чекистер» тутуп кетиптир дегенди угуп алып, төбө чачыбыз тик турду. Шилекейлеп жаткыралбадык. Үрөй учурган окуя болуп атса, өшөнтөт да. Илгери-илгери бир көзачык шыбырап айттыле, эч убакта бирөө «үй салып ал…» деп бекер жер тилке берсе, албай жүр деп. Албаганым жакшыле болуптур. Омей, бербегени жакшы […]


  • Бул кимдин үнү, ыя?..

    Биздин Жокешке үжө азыртатан эле ийрелеңдеген узун өчүрөт тизилип, «Эй! Куто там кырайный?! Сыразу пашол вон!» деген айбаттуу үндөр кабат-кабаты менен угула баштады. Арасында эркек-танасы да бар, катын-калачы да бар. Кийинки кезде мамлекеттик ырасмий өчүрөттүн тынчын алган башкача бир голос пайда болду. «Голос Амеркамес», «Голос Европамес», «Голос Динар» дешти. Кайсы Динар деп сурагандарга, атырынан тааныгандар, […]


  • Камчыке кантип шок болду?

    Күндөрдүн бир күнү карачотур бир бала китепканага кирсе, ал жерде килейген колжазма эми кулап кетчүдөй салаӊдап турган экен дейт. Чуркап барып апторун караса, Темирчи Чыӊгызкаан деген алтайлык кыргыз экен. Эртеӊ менен шашпаай, кайраттуу кара чачты артка силке тарап туруп, жумушка мына жөнөп бараткан маал эле да, чиркин ай-йе! Кеч күз, өктөбүр айы эле. Өшөнтүп, китепканага […]