Articles Posted in the " кылмыш " Category

  • Канжар Кадыралиев жаткан палатага ээн-эркин эле кирип кетсе болот экен. Качып кетсе ким жооп берет?

    Талап-тоноочулук, бейбаштык беренелери менен кылмыш иши козголуп, бир нече убакыттан бери издөөдө жүрүп, акыры өзү укук коргоо органдарына келген Канжар Кадыралиевге карата Жогорку Сот камакка алынсын деген чечим кабыл алган. Бирок Кадыралиев ооруканада жатканына байланыштуу алиге чейин камакка алына элек. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кылмышка шектүү Канжар Кадыралиевдин ооруп жаткандыгына байланыштуу №1 шаардык оорукананын […]


  • Президентке кат: «Уулубуздан айрылганыбыз аз келгенсип, автоаварияга шектүүлөр ээн-эркин сайрандап жүрүшөт»

    Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбекке Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын С. Рыскелди көчөсүнүн №17 үйүнүн тургуну Койчуманов Эсентурдан Ачык кат Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Байлык деген чың ден-соолугуң жана балдарың турбайбы. Жалгыз уулубуз Мирбектен ажыраганыбызга бир жыл бир ай болуп, өңүбүз саргайып, үнүбүз бүтүп, көз жашыбыз кургап баратат. Мыйзамдын адилеттүүлүгүнө ишенип турсак дагы, аны аткарган […]


  • Баткендин Кара-Багында эмнеге почточулар өлтүрүлө берет?

    Ушул жылдын 22-январында Баткен районуна караштуу Дара айыл округунун Тунук-Суу деген айылында кишинин колуна окшогон бир нерсени иттин сүйрөп жүргөнүн байкап калышкан. Алар милиция кызматкерлерине кабарлашып, милиция жакын жерден 50—40 жаштардагы аялдын сөөгүн табышкан. Көп өтпөй эле бул сөөк Кара-Бак айылынын почта кызматкери Камчинова Тургунбүбүнүкү экени аныкталган. Бул окуянын кандайча болгонун маркумдун эжеси Гүлбара Сулайманова […]