Articles Posted in the " Кымбат Турдубекова " Category

  • Айкөл АЛИКЖАНОВА, модель: «Модель болуу актриса болуу менен барабар»

    –  «Мегаком» компаниясында да иштедиң. Өзүңдүн ишиң тууралуу кеңири айтып кетсең? – Ооба, ал компанияда эки жыл эмгектендим. Бул жылдардын аралыгында ар тармактын адамдары менен тил табышып, документтер менен иштегенди үйрөнүп,  тажрыйба топтой алдым. Компаниядан ушул жылдын январь айында кызматтан кетсем да айрым учурларда кесиптештериме, досторума барып  турам. Өзүмдүн моделдик мектебимди ачкандан кийин ал жактан […]


  • Куурчактар

    Куурчак театрына балдарыңызды алып барып көрдүңүз беле? Ар бир спектаклде ойногон ар башка куурчактар кандай жасалып, каякта сакталарын билгиңиз келсе, бул макаланы окуңуз. Гүлайым АБДЫЛДАЕВА, куурчактарга кийим тигүүчү: «Өлчөп кесип, колдорун кибиретип тигиш керек» – Мен куурчак театрында төрт жылдан бери куурчактарга кийим тигем. Театрларда иштегендерден баланча айлык алып байып кеттим дегенин уга элекмин. Мен […]


  • Гүлпери МУРЗАКУЛОВА, модель: “Сулуулардан да акылдуулар чыгат”

    – Гүлпери, моделдик дүйнөгө кандайча келип калдың? – Модель болом деп ойлогон эмесмин. 8-класста окуп жүргөндө “НБТ” каналынын музыкалык телеберүүсүнө алып баруучулукка кастинг жүрүп жатканын Айпери эжем экөөбүз угуп калып, ага катышып өтүп кеткенбиз. Теле алып баруучу болуп, шоу-бизнес жаатына бир аз аралашып калдым. Анан «Модель болбойсуңбу» деген сунуштар көп түшө баштаганынан, ушул чөйрөгө тартылып […]


  • Гүлнара КАЛДАРОВА, ырчы: «Кызыбыз да ырга-бийге шыктуу»

    Чыгармачылык чыйыры «Кыз Бурак» тобунан башталган ырчы Гүлнара Калдарова учурда өз алдынча ырдап келет. Ал чыгармачылыгындагы жаңылыктары, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди. – Гүлнара айым, чыгармачылыгыңызда кандай жаӊылыктар болуп атат? – Жаңылыктарым көп. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп атам. «Күткүм келет» аттуу жаңы ырыма клип тарттырганы турам. – Сахнанын босогосун аттагандан бери кандайча өсүп-өзгөрдүңүз? – Бала кезимден […]


  • Туратбек МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын депутаты: «Жаш өйдөлөгөн сайын аялыңа үстөмдүк кыла албай калат экенсиң»

    «Атам качан класска кирип келет деп» – Балалыгым Чүй облусунун азыркы Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында өтүп, ата-энемдин мээримине бөлөнүп, татыктуу тарбиясына сугарылгам. Мектепти 6-класска чейин окуп, андан кийин Москва районунун Кепер-Арык деген айылынын орто мектебине которулуп, 10-классты ошол жерден аяктадым. Негизинен Жайыл району менен Москва району мага бирдей. Себеби, мурда биздин айыл Москва районуна карачу, […]


  • Самара КАРИМОВА, ырчы: «Кызгануунун айынан таарыныша кетебиз»

    Самара Каримова кыска убакыттын ичинде бүт Кыргызстанга таанымал болгонго жетишти. Өзү жаш болсо да кыска аралыкта узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанылган ырчы менен анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек курдук. – Буга чейин Ош шаарында жаздын келиши менен он тогуз күн концертиңди бердиң эле. Айрымдар «Концертти өтө эле узак кылып койду” дешсе, […]


  • Эгемберди БЕКБОЛИЕВ, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «Жаштар театрга агылып келе башташты»

    – Театрдын азыркы акыбалы кандай? – Азыр биз татаал мезгилде жашап, руханий жактан талкаланып эле бара жатабыз. Бизде өнүгүп кеткен нерсе жок. Биз кааласак да, каалабасак да, мамлекет көз салмайынча маданият чөйрөсү көтөрүлбөйт. Бекеринен Наполеон «өзүнүн армиясын тоюндурбаган башка армияны тоюндурат» деп айтпаса керек. Бекеринен мамлекет маданиятка, армияга, билимге өмүр бою каражат бөлүп келген эмес. […]


  • Камчыбек Ташиевдин соттолгону алынып, саясый жолу ачылды. Сиз буга кандай карайсыз?

    Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясий серепчи: -Кыргызстандын эли саясат айдыңын жакшы эле билип калбадыбы. Камчыбек Ташиев өзүнүн ишин көрсөтүп, мамлекеттик үйдүн дубалына да чыгып, өзүнүн оюн айтты. Андан ашык кандай ой жүгүртүүгө болот? Адам көзү менен көрүп, акылы менен туят. Биз көзүбүз менен көрүп, сүйлөгөн сөздөрүнүн баарын уктук. Ошол сүйлөп аткан сөздөрүнөн эмне деген жыйынтык чыгарса болот? […]


  • Назира ТОКОНОВА, ырчы: «Турмушка чыгууга шашылбайм»

    Көралбастык – Күнүмдүк жашоодо атаандаштык, ичи тардык кылгандар көп кездешет эмеспи. Мындай көрүнүштөр чыгармачыл чөйрөгө сүңгүп кирип, кеңири жайылган экен. Чыгармачылыкка аралаша баштаганда ушул нерселерден аябай аксадым. Кимдир бирөө мен тууралуу туура эмес айтып койсо, кадимкидей капаланып калчумун. Бирок чыдамдуу болуп, анын бардыгын көтөрүп жеңе билдим деп ойлойм. Кийим жана сулуулук – Мен эки айда […]