Articles Posted in the " Махабат Шакирова " Category

  • Элдик көзөмөл: “Ихлас” кафесиндеги тамактын ичинен лейкопластырь чыкканда

    Элдик көзөмөл: “Ихлас” кафесиндеги тамактын ичинен лейкопластырь чыкканда

    20.04.2015 күнү түштөнүү убактысы болгондо Киев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ихлас” ашканасына кирип калдым. Бул жерден буга чейин деле тамак жеп жүрчүмүн. Тамактары даамдуу, анан дагы өтө кымбат эмес баада эле. Жоолук салынган адамдар иштесе, булар таза жасайт деген ишенимде болчумун. Аты да башкача ишеним жараткандай, “Ихлас” деп. Ошентип бул жолу да кирип, өзүмө “французча бышырылган эт” […]


  • Айнура Сагынбаева, врач-дерматокосметолог: “Тери оорулары дагы тукум кууйт, дарыланбаса атадан балага өтөт”

    Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү териге залакасын тийгизип, көпчүлүк адамдарды бушайман кылууда. Ошондой эле жаштарды безетки оорусу да тынчсыздандырып келет. Жалпы тери оорулары жана анын алдын-алуу жолдору туурасында дерматологиялык жана косметологиялык клиниканын директору, врач косметолог-дерматолог Айнура Сагынбаева айтып бермекчи. Айнура айым косметологиялык клиникада 14 жыл иштесе, дерматологиялык клиникада 8 жылдан бери эмгектенип келет. – Айнура айым, алгач […]


  • Таластык аялдар Зулпукаровдун мандатын тапшыруусун талап кылышты

    22-апрелде Ак үйдүн жанында 10 чакты аял Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун мандатын тапшыруусун талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү. Аялдардын баары кыргыздын оймо-чиймелери менен жасалгаланган кооз кийимдерди кийип алышкан. Плакаттарды да жазып алышыптыр, аларды көтөрүп туруп тажашканбы, иши кылып бир жерге топтоп коюп, бактын көлөкөсүндө отурушуптур. Алардын жанына барып маектешип көрсөк, “Искра” гезитине чыккан Төрөбай […]


  • Кыргыздарга нике келишими керекпи?

    Кыргыздарга нике келишими керекпи?

    Жогорку Кеңеште депутаттар “Үй-бүлө кодексине” толуктоолорду кошуп, нике келишимин киргизүү мыйзам долбоорун сунуштап чыгышты. Демилгечи депутат Надира Нарматова эки жаш үйлөнөрдөн мурун нике келишимин түзүп алса, ажырашып кеткен учурда мүлк бөлүштүрүү жагы эки тарапка тең жеңил болорун айтат. “Нике келишимин түзүү өтө олуттуу артыкчылыктарга ээ. Азыр айрым кыз-келиндер ажырашып кеткенде кыйналып калып жатышат. Мыйзам долбоору […]


  • “Президентке кат” рубрикасына чыккан каттардын жыйынтыктары

    Маселесин чече албай, какпаган эшиги калбаган элге “Президентке кат” рубрикабыз жакшы аянтча болуп аткан сыяктуу. Бул рубрикага келип түшкөн каттардын саны да көп. Анан дагы дал ошол каттарда айтылган маселелер акырындан чечилип келатканын көрүп президент Алмазбек Атамбаев чын эле “жолду көргүсү келген падыша” окшойт деген үмүт пайда болот. Анткени, өзгөндүк ишкерлер Келдибаевдердин 80 жаштагы атасы […]




  • Буйруктун ээси кутулуп, «куйругу» тутулду

    Өткөн жылы Антимонополдук агенттиктин кызматкери Нургали Кудаяровдун «Кудайберген» базарынын директорунан 300 миң сом пара талап кылып жаткан жеринен кармалышы, андагы окуянын аудиожазууга жаздырылып алып, интернет булактары аркылуу таркатылышы коомчулукта бир топ талкууга алынган эле. Адегенде аудиожазуудагы агенттиктин кызматкеринин тоту куштай кайталаган сөзүн эске салып көрбөйлүбү: «Мен бул акчаны шефке алып барып берем, анын аппетити аябай […]



  • Илим Карыпбеков, КТРКнын Башкы директору: “КТРКны көтөрүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм”

    Улуттук биринчи каналдын жетекчилигине Илим Карыпбеков шайланды. “Кара жашик” аталган бул каналды Илим мырза кандай жолго салаары тууралуу өзүнөн сурадык. – Илим мырза, айрым маалымат каражаттарына КТРКнын айлыгын да, сапатын да көтөрөм деп убада бериптирсиз. Аны аткарууга сизде мүмкүнчүлүк, каражат жетишеби? – КТРК мамлекеттик бюджеттен көз каранды. Жыл сайын бизге орто эсеп менен 400 млн […]