Articles Posted in the " Мирбек Нарынбеков " Category

  • Өкмөт «Мегаком” уюлдук компаниясын сатыкка коюуну сунуштады. Сиз колдойсузбу?

    Өкмөт “Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” ЖАКсын сатууну сунуштады. Бул тууралуу мурдагы күнкү өкмөт жыйынында Экономика министри Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, “Альфа Телеком” ЖАКсын өкмөт пайдалуу баада сатышы мүмкүн. “Мегаком” компаниясы 2015-2017-жылдардагы менчиктештириле турган объектилердин катарына кирди. Эми бул тизмедеги объектилердин тагдыры парламенттин кароосуна коюлат. Министрдин айтымында, эгерде парламент компанияны сатууну жактырса, […]


  • Атадан кем уулдар

    Кыргызда «Аккан арыктан суу агат» деген сөз бар. Бирок бул дайыма эле андай эмес окшобойбу, кыргызда бекеринен атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул деп айтылбайт тура. Буга төмөндөгү ата ысымдарына көлөкө түшүрүп келаткан айрым аткаминерлердин бейнелери менен таанышканда ынана аласыз, окурман. Аткаминер эле эмес, адис катары да чабал… Кыргыз Эл акыны, кезинде […]


  • Атадан кем уулдар менен кыздар

    Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда кезинде кыргыз үчүн талыкпай иштеп, элге эмгеги сиңген, аткаргандары, жасагандары мамлекет тарабынан жогору бааланган инсандардын саясатта жүргөн уул-кыздары жок эмес. Алардын айрымдары атага татыктуу болуп келатышса, ата кадырына көлөкө түшүрүп, сөз тийгизип, атадан кем уул, кыздар экенин көрсөтүп келатышкандары да бар. Төмөндө ошолор жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Чыкенин да, ЖоКенин да эркетайы… Атагы […]


  • Генерал кудалар, казы, аким, депутат Ариповдор жана академиктин дарыгер-саясатчы күйөө баласы

    Генерал кудалар, казы, аким, депутат Ариповдор жана академиктин дарыгер-саясатчы күйөө баласы

    Карап көрсөк, кыргыздын саясат айдыңындагы аткаминерлери арасында тууганчылык жайлары барлар жетишерлик экен. “Туугандуу бийде ыйман жок” дегендей, балким, ушундан улам оңоло албай, телчиге албай атабызбы деген ой келбей койбойт. Төмөндө тууганчылык жайлары бар айрым саясатчылар менен таанышып коюңуз, окурман. Генерал кудалар Милициянын генерал-майору, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары, кандуу Ош окуясында Ош, Жалал-Абад шаарларына кураторлук […]


  • Кумга образ берип, жан киргизген Кундуз Рахманалы кызы

    Интернет беттеринен айнекке кум менен сүрөт тарткандарды көргөн болсоңуз керек. Кагаздын ордун айнек, калемдин ордун кум алмаштырган көркөм сүрөтчүлүктүн бул түрү чыны менен эле өзгөчө. Көргөн адамды суктандырып, таң калтырбай койбойт. Искусствонун бул түрү менен алектенгендер дүйнөдө саналуу болсо, Кыргызстанда Кундуз Рахманалы кызы- кумга сүрөт тарткан жалгыз талант. Ала-Бука районунун алыскы Көк-Серек айылында туулуп, чоңойгон. […]


  • “Тико”, “Жолчубек”, “Комбайн” деген каймана аттуу кайсы саясатчылар экенин билесизби?

    “Тико”, “Жолчубек”, “Комбайн” деген каймана аттуу кайсы саясатчылар экенин билесизби?

    Спортчулар сыяктуу эле кээ бир эл көзүндөгү саясатчы, аткаминерлерди да өз аты-жөндөрүнөн сырткары каймана ысымдары, же болбосо “кличкалары” жандап жүрөт. Андай каймана ысымдар кылган ишине, жүрүм-турумуна, саясаттагы кадамдарына жараша берилген десек болот. Бирок көпчүлүк адамдар каймана ысымдардын таржымалдарын биле бербейт. Эмесе билип алыңыз, окурман. “Жолчубек” Бул каймана атка Акаевдин кезинде облустарды башкарып,андан соң Ак үйдүн […]


  • Капчыктуулар көчөсүндө

    Капчыктуулар көчөсүндө

    Таксист, коммерсант, депутат… Кезинде күйүүчү майга байланышкан контрабандист деп шек саналып, аз жерден кылмыш иши козголуп кете жаздаган ири ишкерлердин бири, ЖК жыйындарында акыркы убактарда өзү да, үнү да чыкпай дымып калган ЖКнын атажуртчу депутаты Азамат Арапбаев Бишкекте ЖОЖдо окуп жүргөндө эски “Москвич” автоунаасы менен таксист болуп, жан багып, күнүмдүк акча табуудан жадаганда Кара-Суу базарына […]