Articles Posted in the " Муратбек Мукашев " Category

  • Муратбек Мукашев, «Адамдар жана тагдырлар»

    (Башы өткөн санда) Таңданып жана өкүнсө да, кайран киши мени туура түшүнүп, келтирген жүйөөлөрүмдү кабыл алды. Анан коштошуп жатканда гана: -Ошондой болсо да, аскер комиссарына бир барып көрчү, -деген кеңешин айтты. Көрсө Алиаскар Токтоналиевич мында да мага камкордук көргүсү келген экен. Аскер комиссарында болгонумда, ал ошол замат эле мага “жылуу-жумшак” орун издей баштады. Бирок менин […]


  • Муратбек Мукашев, «Адамдар жана тагдырлар»

    Тагдыр деген сөздүн жашоо-турмушта маанисине көп көңүл бурбай эле жүйүр колдоно беребиз. Адам биринчи жолу космоско учту эле – тагдыр дедик, ким бирөө бүткүл дүйнөгө таанымал саясатчы, хирург же артист болсо – тагдыр дейбиз, дагы бирөөсү самолет же автомобиль кырсыгынан каза тапса – тагдыр деп айтабыз. Атүгүл мезгилди да кээде тагдыр аныктаар мезгил деп жибермейибиз […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    (Уландысы. Башы өткөн сандарда) Эмнесин жашыралы, ошол кезде орустардын арасында: «Кыргыздар – бул койлор, аларга ошондой баатыр чабан керек», – деген сөз да айтылып жүрдү. Азыр калем кармаган көптөр не себептендир ачуулуу-каардуу жазып жатышат, а мен, жекече көз карашты билдирсем да, болгонду болгондой гана жазгым келет. Балким, башкы темадан – жумушсуздук темасынан алыстап кетет окшоймун. […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    Муратбек Мукашев, «Биржа»

    (Уландысы өткөн сандарда) Коммунисттер алы-жаны калбай айтып келген лениндик улут саясаты, чын-чынына келгенде, сталиндик улут саясаты болгон. Анын канчалык туура экенинен Солженицындын «Россияны кандай куруу керек?» деген трактатын окугандан соң шектене баштагам, бирок ал Ельциндин колунан Россиянын жогорку сыйлыгын алуудан баш тарткандан кийин жана ошондой эле Россия академиясынын 275 жылдыгына байланыштуу белгилүү сөзүн окуп көрүп, […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    (Уландысы. Башы өткөн санда) Тургандар аларды курчап алышып: «Мени алыңыз, мени алыңыз!» – деп кыйкырып жатышты. Эң көптөр 20 сомго, атүгүл 15 сомго да макул экендиктерин билдирди. Ажылар топтошкондордун боюн, колу-бутун кожоюндук түр менен сыдыра карашып: «Сен, сен, сен, сен, сен, сен…» – деп колдору менен көрсөтүп жатышты. Ошентип, алар алдуу-күчтүү 10 кишини тандап алышты […]


  • Муратбек Мукашев, «Биржа»

    Жумушсуздуктун деңгээли жана жайылышы экономиканын абалынын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Менин өлкөмдөгү жумушсуздук, өзгөчө экономикалык активдүү калктын жумушсуздугу айтпай коюуга мүмкүн болбой турган өтө бийик чекке жетти. Бирок, тилекке каршы, чоң, орто жана ар түрдүү түстөгү үйлөрдүн баардык кабаттарында биз экономиканы өнүктүрүүнүн макро жана микро деңгээлдери, инфляция, акчанын кунарсыздыгын жоюу, калкты каттоого алуу жөнүндө какшап […]


  • Муратбек Мукашев, «Анджела Дэвиске окшош»

    Токмоктон өйдө – Кегети тарапка кетип бара жаткан жолдо Ак-Бешим деген айыл бар. Тарых тереңине кеткен маалыматтар булактарына баам салып көргөндө, ал атактуу Бурана мунарасы турган жерди борбор кылган орто кылымдагы Караханий мамлекетинин даңкын чыгарган белгилүү шаар-жайдын ордуна түшкөн. Жаратылышы абдан кооз, Сары –Өзөн- Чүйдүн киндиги өңдөнүп сезилип, алыстан карасаң, ак чоку кырка тоолору шаңкайып […]


  • Муратбек Мукашев, “Тачкист”

    Бул мындан көп жылдар илгери болгон окуя. Мен анда Жогорку Кеңештин депутаты элем. 2005-жыл болчу. Айына бир жолу шайлоочулар менен жолугушуп – кабыл алып турчумун. Ошондой күндөрдүн биринде менин кабыл алуума жашап калган бир аял келди. Келип эле: «Акча бербесеңиз болбойт, 3-курста окуган баламдын контрагы төлөнбөгөндүктөн, институттан айдаганы жатышат» деп ыйлап жиберди. Менде кимдин каяктан […]


  • “Өзүңдү жеңгенден чоң жеңиш жок”

    Эртең менен туруп Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Муратбек Мукашевден маек алайын деп шашып бардым. Жакында 65 жашка чыгарын билчүмүн. А десем да, бу десем да маекке макул болбой койду. Бир айтканынан кайтпаган көктүгү бар экенин мурда эле билчүмүн. Алгачкы жолу 2010-жылы болсо керек, маек алайын деп чалып, макулдашып […]