Articles Posted in the " музыка " Category

  • АКШда кыргыз музыкасын оболоткон Нурмира

    Былтыр АКШнын Вашингтон шаарына барганда кыргызстандык мекендешибиз Нурмира Салимбаева менен таанышып калдым. Ал ошол Вашингтон шаарында жашайт, виолончелиде, комузда ойнойт. Бул аспаптарга кыргыз музыкаларын салып, CD да чыгарган. Нурмира кыргыздардын келгенине кубанып, бир топ убакыт биз менен пикир алышып кеткен болчу. Азыр эми аны менен интернет аркылуу байланышып, маек курдук. – Нурмира, Кыргызстандагы жаштардын көбү […]


  • Жоомарт Оторбаев, КР биринчи вице-премьер министри: “Мен кичинемден эле “Битлзга” кызыгам”

    Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин “Битлздын” “Мишель” аттуу ырын катыра ырдап атканы Интернетте пайда болду. Анын ырдаганын жактыргандар интернет колдонуучуларынын арасында арбын болгонуна кїбє болдук. Оторбаев мырзада катылуу жаткан талантка баа бердик. – Жоомарт мырза, сиз “Битлздын” ырларын катыра ырдайт турбайсызбы? Интернеттен угуп, абдан жактырдым… – Рахмат. Бирок ырдаганымды өзүм угуп-көрө элек экенмин. – Анда ырас […]


  • Саламат Садыкова: “Көшөрүп өз тегирменимди өзүм тартып, акшагы жок ыр тартуулайм”

    Кыргыз эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, “World master“(“Дүйнөлүк чебер”) сыйлыгынын ээси Саламат Садыкова ушул жылдын 11-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда көрүүчүлөрүнө жеке концерт тартуулаганы турат. – Саламат айым, саналуу күндөрдөн кийинки концертиңизге даярдыгыңыз кандай, угармандарыңызга кандай күтүүсүз жана жагымдуу жаңылыктарды тартуулаганы турасыз? – 2011-жылы “Ырда жүрөк” деп аталган концерт бергеним эсиңиздерде […]


  • Эне бала

    Гүлсүн МАМАШЕВА, КР эл артисти: “Биздин үйбүлөдө менин баламды жогорулатып койчу деген нерсе болгон эмес” – Балдарыңыздын чыгармачылыкка аралашуусун колдодуңузбу? – Чыгармачылык деген абдан татаал жол. Чынын айтсам, менин балдарым дагы ушул жолду кайра басышын каалаган эмесмин. Атасы дагы каршы болгон. Буларды биз филармонияга дагы, театрга дагы жолотпой жүрүп өстүрдүк. “Ушу балдарым кыйналбай жакшы турмушта […]


  • Ретро ырлардын майын чыгарган «Чоро»

    Аз убакыттын ичинде эле жандуу үн менен ар кандай аспаптардын коштоосунда ырдап, таанымал болгон «Чоро» тобу «Turkvision» эл аралык фестивалында Кыргызстандын атынан чыкканы турат. Жети жигиттен турган бул топ айрыкча ретро-ырларды майын чыгара ырдаганы менен элге жагып отурат. Марат Абылов, «Чоро» тобунун көркөм жетекчиси: “Башка ырчылар дискин көтөрүп барышса, биз аспаптарыбызды көтөрүп барабыз» – Биздин […]