Articles Posted in the " саясат " Category

  • Аламандын алдында

    “Кыргызстан” партиясы жарышка түштү Жаңы түптөлгөн “Кыргызстан” деп аталган партия съездин өткөрүп, келе жаткан парламенттик шайлоого барарын жар салды. Партиянын төрагалыгына Канатбек Исаев, тең төрагалар болуп Каныбек Иманалиев менен Арзыбек Бурканов дайындалды. Алардын катарында белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов, Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков, депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Элмира Жумалиевалар бар. Партиянын кудум Казакстандыкына окшогон желеги коомчулукта […]


  • Акаев Дубайда Келдибеков менен «чайлашканын» расмий тастыктады

    Коррупцияга шектелип камакка алынары менен эле «оорукчан» болуп чыга келген экс-спикер Акматбек Келдибековду убагында адвокаттары, тарапташтары жабыла чуу көтөрүп атышып, Германияга дарылануу үчүн чыгарып кетишкени белгилүү эмеспи. Анан андан ары ал Дубайга, Малайзияга, Кореяга чейин «турист» болуп кеткени да билинген. Баягы ооруп аткан Келдибеков заматта айыгып, эс алып жүргөнү тууралуу маалымат каражаттары жакшы эле жазышкан. […]


  • Шайлоо келатат. Мурдагы убадалар аткарылдыбы?

    Ушул жылдын күз айларында Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Шайлоонун алдында саясий партиялар, алардын талапкерлери убадаларды кош кабаттап берет. Убадалардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн биз, шайлоочулар, politmer.kg сайты менен биргеликте саясий партиялардын программаларына дагы бир сыйра көз жүгүртүп, алардын кандай аткарылганын таразалап, аткарыла элек убадалар качан аткарыларын шайлоо алдында партиялардан сурап, анан таразалап шайлайлы. Тизмени мурунку […]


  • Марат Султанов, ЖК депутаты: «Кумтөр маселесин чечүү үчүн бирдиктүү көз карашка келишибиз керек»

    -Марат мырза, бүгүнкү саясий, экономикалык абалды кандай баалайсыз? -Бүгүнкү биздин саясий-экономикалык абалыбыз сасык тумоo менен oоруп жаткан адам сыяктуу. Температурасы бар, чүчкүрɵт, бирок анча-мынча жумуш аткарганга, ары-бери басып жүргɵнгɵ мүмкүнчүлүгү бар. Эгер тyура дарыланса тез эле айыгып кеткенге бүт мүмкүнчүлүктɵрү жетет, а бирок ооруну күчɵтүп жиберсе, бул чоң кɵйгɵйлɵрдү алып келиши мүмкүн. – Ушул жылдын […]


  • Камчыбек Ташиевдин соттолгону алынып, саясый жолу ачылды. Сиз буга кандай карайсыз?

    Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясий серепчи: -Кыргызстандын эли саясат айдыңын жакшы эле билип калбадыбы. Камчыбек Ташиев өзүнүн ишин көрсөтүп, мамлекеттик үйдүн дубалына да чыгып, өзүнүн оюн айтты. Андан ашык кандай ой жүгүртүүгө болот? Адам көзү менен көрүп, акылы менен туят. Биз көзүбүз менен көрүп, сүйлөгөн сөздөрүнүн баарын уктук. Ошол сүйлөп аткан сөздөрүнөн эмне деген жыйынтык чыгарса болот? […]


  • Камчыке кантип шок болду?

    Күндөрдүн бир күнү карачотур бир бала китепканага кирсе, ал жерде килейген колжазма эми кулап кетчүдөй салаӊдап турган экен дейт. Чуркап барып апторун караса, Темирчи Чыӊгызкаан деген алтайлык кыргыз экен. Эртеӊ менен шашпаай, кайраттуу кара чачты артка силке тарап туруп, жумушка мына жөнөп бараткан маал эле да, чиркин ай-йе! Кеч күз, өктөбүр айы эле. Өшөнтүп, китепканага […]


  • Койсун Курманалиеванын ордуна Кубат Болотканов барабы?

    Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева өз каалоосу менен отставкага кеткенден бери анын орду бош турган. Азыр бул орунга эки талапкердин аты аталып жатат. Булар – КТРдин мурдагы жетекчисинин орун басары Кубат Болотканов менен Мамлекеттик мүлктү башкаруунун экс-жетекчиси Дайыр Кенекеев. Ишенимдүү булактарыбыздын маалыматына караганда, экөөнүн ичинен Кубат Болоткановго артыкчылыктар берилип жатат. Ал буга чейин […]


  • Атадан кем уулдар

    Кыргызда «Аккан арыктан суу агат» деген сөз бар. Бирок бул дайыма эле андай эмес окшобойбу, кыргызда бекеринен атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул деп айтылбайт тура. Буга төмөндөгү ата ысымдарына көлөкө түшүрүп келаткан айрым аткаминерлердин бейнелери менен таанышканда ынана аласыз, окурман. Аткаминер эле эмес, адис катары да чабал… Кыргыз Эл акыны, кезинде […]


  • Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты: “Мен адамдарга “туруксузмун”

    – Оппозициянын Жалал-Абадда өткөргөн Курултайына сиздердин барбай койгонуңуздарды сындап атышат. Эмнеге барбай койдуңуздар? – Оппозиция деген партия жок. Бийликтин позициясына ичи чыкпаган адамдар оппозиция боло берет. Алардын бир тобу Жалал-Абадда курултай өткөзүштү. Бул алардын укугу. Курултай өткөзгөнгө ар бир жаран укуктуу экендиги Конституцияда каралган. Биз аларды сындаганга моралдык укугубуз жок. Биз аларга айлык төлөп тапшырма […]