Articles Posted in the " шайлоо " Category

  • Шайлоо келатат. Мурдагы убадалар аткарылдыбы?

    Ушул жылдын күз айларында Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Шайлоонун алдында саясий партиялар, алардын талапкерлери убадаларды кош кабаттап берет. Убадалардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн биз, шайлоочулар, politmer.kg сайты менен биргеликте саясий партиялардын программаларына дагы бир сыйра көз жүгүртүп, алардын кандай аткарылганын таразалап, аткарыла элек убадалар качан аткарыларын шайлоо алдында партиялардан сурап, анан таразалап шайлайлы. Тизмени мурунку […]


  • Шайлоо кечиксе, шакыйым кармачу болду…

    Эх, жыргал! Күзүндө шайлоо болот, буюрса. Кара шым, ак көйнөк кийип алып участөкө барабыз. Жалжайып түшкөн сүрөттөрдүн ичинен бирөөсүн тандайбыз. «Мобурекиге салагөр, салааңан май агызам…» дейт кимдир-бирөө калп эле жөтөлүп. Андайларды «сүтөнөр» деп тергеп алганбыз. Барагын барактай питичка кылып урнага салып ийип, арагын арактай ичип, кайра үйгө «ак» шым, «кара» көйнөк кийип, темтеңдеп кирип келебиз. […]


  • Бул кимдин үнү, ыя?..

    Биздин Жокешке үжө азыртатан эле ийрелеңдеген узун өчүрөт тизилип, «Эй! Куто там кырайный?! Сыразу пашол вон!» деген айбаттуу үндөр кабат-кабаты менен угула баштады. Арасында эркек-танасы да бар, катын-калачы да бар. Кийинки кезде мамлекеттик ырасмий өчүрөттүн тынчын алган башкача бир голос пайда болду. «Голос Амеркамес», «Голос Европамес», «Голос Динар» дешти. Кайсы Динар деп сурагандарга, атырынан тааныгандар, […]


  • Рыскелди Момбеков, “Учкун” ААКсынын жетекчиси: “Балык ооз эмес, бакылдаган депутат боло алам”

    – Рыскелди мырза, сиз журналистика чөйрөсүндө жүрүп эле кантип саясатка аралашып кеттиңиз? – Менин журналистикада жүрүп чоң саясатка аралашып кеткеним эмес, жөн эле жүрүп журналистика чөйрөсүнө аралашып кеткеним кызык. Чынын айтсам, менин журналисттик кесибим жок болчу, атургай бул чөйрө тууралуу түшүнүгүм да жок болчу. Билбейм, бул турмуштун жазмышыбы же менин атактуу Шекер айылында төрөлүп калганыма […]


  • Саясый идеологиялык платформасын түшүнбөгөн кыргыз саясатчылары

    Саясый идеологиялык платформасын түшүнбөгөн кыргыз саясатчылары

    2010-жылы парламенттик шайлоодо беш партия жеңип келгени маалым. “Ата- Журт”, КСДП, “Республика”, “Ата Мекен”, “Ар-намыс” партиялары шайлоодо алган добуштарына карата мандаттарды бөлүштүрүп, келип отуруп калышты. Үгүт иштеринин учурунда ар бир партия ар кандай убадаларды берип, аларга ишеним көрсөткөн эл добуш берген десек жаңылышпайбыз. Идеалда, ал партиялар берген убадаларын канчалык деңгээлде аткарды, эмне үчүн мандатка ээ […]