Articles Posted in the " үй бүлө " Category

  • Гүлнара КАЛДАРОВА, ырчы: «Кызыбыз да ырга-бийге шыктуу»

    Чыгармачылык чыйыры «Кыз Бурак» тобунан башталган ырчы Гүлнара Калдарова учурда өз алдынча ырдап келет. Ал чыгармачылыгындагы жаңылыктары, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди. – Гүлнара айым, чыгармачылыгыңызда кандай жаӊылыктар болуп атат? – Жаңылыктарым көп. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп атам. «Күткүм келет» аттуу жаңы ырыма клип тарттырганы турам. – Сахнанын босогосун аттагандан бери кандайча өсүп-өзгөрдүңүз? – Бала кезимден […]


  • Туратбек МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын депутаты: «Жаш өйдөлөгөн сайын аялыңа үстөмдүк кыла албай калат экенсиң»

    «Атам качан класска кирип келет деп» – Балалыгым Чүй облусунун азыркы Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында өтүп, ата-энемдин мээримине бөлөнүп, татыктуу тарбиясына сугарылгам. Мектепти 6-класска чейин окуп, андан кийин Москва районунун Кепер-Арык деген айылынын орто мектебине которулуп, 10-классты ошол жерден аяктадым. Негизинен Жайыл району менен Москва району мага бирдей. Себеби, мурда биздин айыл Москва районуна карачу, […]


  • Кенже ДҮЙШЕЕВА, ырчы: «Жазга болгон кусалык кадимкидей байкалат»

    – Кенже айым, жаз мезгили сизге кандай таасир берип атат? – Ар бир чыгармачыл инсанга жаратылышта болуп жаткан ар бир кубулуштарга жараша эргүү келет. Мен бул нерсени өтө жакшы билем. Маселен, менде чыгармачылыкка болгон эргүү жаз мезгилинде башталат. Жазга болгон кусалык кадимкидей байкалат. Ѳзүм жазды кандай сагынып, кандай күткөн болсом, менин ырларым да ошондой сагынат. […]


  • Кожобек РЫСПАЕВ, ЖКнын депутаты: «Келинчегим экөөбүз ажырашабыз деген күндөр да болгон”

    Жогорку Кеңештин активдүү депутаттарынын бири Кожобек Рыспаев. Ал Ооган согушуна катышып келген адам катары белгилүү. Анан да анекдотту катыра айтканын журналисттер айтып жүрүшөт. – Кожобек мырза, канчанчы жылы үй-бүлө күттүңүз? – Эсимде, «Аламүдүн» базарынын жанында жакшы тамак жасаган жер бар эле. Студенттик кезде курсагыбыз ача калганда эле балдар менен ошол жерге барып тамак жечүбүз. Келинчегим […]


  • Мамытбай САЛЫМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Мен битирмин”

    – Үй-бүлөдө ким көбүрөөк каражат табат, сизби же жубайыңызбы? – Менимче, жубайым экөөбүз тең бирдей эле суммадагы каражат табабыз. – Эркектерге сүйүү бир нече жолу келип турат экен. Ушул жашыңызда жаш кызды сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз? – Мен эми бирөөнү сүйүп калуу сезиминен деле өтүп калдым да (күлүп). «Сүйүүгө айла жок» дегендей, албетте, андай нерседен […]