Articles Posted in the " ЖК депутаты " Category

  • Туратбек МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын депутаты: «Жаш өйдөлөгөн сайын аялыңа үстөмдүк кыла албай калат экенсиң»

    «Атам качан класска кирип келет деп» – Балалыгым Чүй облусунун азыркы Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында өтүп, ата-энемдин мээримине бөлөнүп, татыктуу тарбиясына сугарылгам. Мектепти 6-класска чейин окуп, андан кийин Москва районунун Кепер-Арык деген айылынын орто мектебине которулуп, 10-классты ошол жерден аяктадым. Негизинен Жайыл району менен Москва району мага бирдей. Себеби, мурда биздин айыл Москва районуна карачу, […]


  • Марат Султанов, ЖК депутаты: «Кумтөр маселесин чечүү үчүн бирдиктүү көз карашка келишибиз керек»

    -Марат мырза, бүгүнкү саясий, экономикалык абалды кандай баалайсыз? -Бүгүнкү биздин саясий-экономикалык абалыбыз сасык тумоo менен oоруп жаткан адам сыяктуу. Температурасы бар, чүчкүрɵт, бирок анча-мынча жумуш аткарганга, ары-бери басып жүргɵнгɵ мүмкүнчүлүгү бар. Эгер тyура дарыланса тез эле айыгып кеткенге бүт мүмкүнчүлүктɵрү жетет, а бирок ооруну күчɵтүп жиберсе, бул чоң кɵйгɵйлɵрдү алып келиши мүмкүн. – Ушул жылдын […]


  • Элдик трибуна

    Элдик трибуна

    Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков мамлекеттик кызматкерлердин маянасын эки жумада бир берүү керек деген демилгесин айтып чыкты. Сиз буга макулсузбу? Жыпара ЖОРТОЧИЕВА, №69 мектептин мугалими: «Айлык акыбыз көп болсо бир жөн» – Биздин айына бир ала турган маянабызды эки жолу бөлүп бергени туура эмес эле болуп калат го. Себеби, айына саналуу эле каражат алсак, аны […]


  • Ташболот Балтабаев, ЖК депутаты: «Темир Сариевдин талапкерлиги логикага туура келет деп ойлойм»

    – Ташболот мырза, өткөн жумада Жоомарт Оторбаев отставкага кетти. Ара жолдо ушинтип кызматын таштап, качып кеткени жоопкерчилиги жок адамдай сезилип калбадыбы? – Ѳзү таштап качтыбы же кандайдыр бир качырган фактор барбы, бул жагын ойлонуп көрүш керек. Таштап качканынын объективдүү да, субъективдүү да себептери бар. Объективдүү себеби, бүткүл дүйнө жүзүндөгү бүгүнкү жүз берип жаткан экономикалык кризистин […]


  • Кожобек РЫСПАЕВ, ЖКнын депутаты: «Келинчегим экөөбүз ажырашабыз деген күндөр да болгон”

    Жогорку Кеңештин активдүү депутаттарынын бири Кожобек Рыспаев. Ал Ооган согушуна катышып келген адам катары белгилүү. Анан да анекдотту катыра айтканын журналисттер айтып жүрүшөт. – Кожобек мырза, канчанчы жылы үй-бүлө күттүңүз? – Эсимде, «Аламүдүн» базарынын жанында жакшы тамак жасаган жер бар эле. Студенттик кезде курсагыбыз ача калганда эле балдар менен ошол жерге барып тамак жечүбүз. Келинчегим […]


  • Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты: “Мен адамдарга “туруксузмун”

    – Оппозициянын Жалал-Абадда өткөргөн Курултайына сиздердин барбай койгонуңуздарды сындап атышат. Эмнеге барбай койдуңуздар? – Оппозиция деген партия жок. Бийликтин позициясына ичи чыкпаган адамдар оппозиция боло берет. Алардын бир тобу Жалал-Абадда курултай өткөзүштү. Бул алардын укугу. Курултай өткөзгөнгө ар бир жаран укуктуу экендиги Конституцияда каралган. Биз аларды сындаганга моралдык укугубуз жок. Биз аларга айлык төлөп тапшырма […]


  • Ширин АЙТМАТОВА, ЖК депутаты: «Бактамед» препаратынан 20 баланын буту баспай калды»

    Ширин АЙТМАТОВА, ЖК депутаты: «Бактамед» препаратынан 20 баланын буту баспай калды»

    Акыркы жылдары Кыргызстанда «Бактамед» дарысын алып колдонгон 20 баланын буту баспай калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова айтып чыкты. Анын айтымында, «Бактамед» дарысынан алгач жети бала гана жабыркаган болсо, эки жылдын аралыгында жабыркаган наристелердин саны 20га жеткен. – Мен үч жылдан бери «Бактамед» деген антибиотиктин айынан ооруга чалдыккан наристелерди иликтеп келем. Үч жылдын […]


  • Таластык аялдар Зулпукаровдун мандатын тапшыруусун талап кылышты

    22-апрелде Ак үйдүн жанында 10 чакты аял Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун мандатын тапшыруусун талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү. Аялдардын баары кыргыздын оймо-чиймелери менен жасалгаланган кооз кийимдерди кийип алышкан. Плакаттарды да жазып алышыптыр, аларды көтөрүп туруп тажашканбы, иши кылып бир жерге топтоп коюп, бактын көлөкөсүндө отурушуптур. Алардын жанына барып маектешип көрсөк, “Искра” гезитине чыккан Төрөбай […]


  • Кыргыздарга нике келишими керекпи?

    Кыргыздарга нике келишими керекпи?

    Жогорку Кеңеште депутаттар “Үй-бүлө кодексине” толуктоолорду кошуп, нике келишимин киргизүү мыйзам долбоорун сунуштап чыгышты. Демилгечи депутат Надира Нарматова эки жаш үйлөнөрдөн мурун нике келишимин түзүп алса, ажырашып кеткен учурда мүлк бөлүштүрүү жагы эки тарапка тең жеңил болорун айтат. “Нике келишимин түзүү өтө олуттуу артыкчылыктарга ээ. Азыр айрым кыз-келиндер ажырашып кеткенде кыйналып калып жатышат. Мыйзам долбоору […]


  • Ташиевдин кудасы Тумановдорго каршы пикет уюштурду

    Ташиевдин кудасы Тумановдорго каршы пикет уюштурду

    Жалал-Абадда Жогорку Кеңештин депутаты Токтогул Туманов жана анын бир тууган иниси Келдибек Тумановго каршы нааразычылык акция уюштургандардын артында Камчыбек Ташиев турары ачыкталып калды. Мурдагы күнү Тумановдорго каршы нааразычылык акция уюштуруп атышканын Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөтбек Эргешов кабарлаган эле. Анын айтымында, Барпы айылынын аймагында “Келечек” минерал булагы жайгашкан. “Аны “Келечек” фирмасын жетектеген Келдибек Туманов иштетет. […]