Articles Posted in the " ЖК депутаты " Category

  • Дастан ЖУМАБЕКОВ, ЖКнын депутаты: «Көчө баласы болуп чоңойдум»

    «Эң таттуу күндөр – бул менин балалыгым» – Менин бала чагым Талас облусунун Кара-Буура районунун Сатыкей деген айылында он бир бир туугандын арасында өттү. Башкача айтканда, көчө баласы болуп чоңойдум. «Улуу көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат» деген жакшы кеп сыңары ата-энемдин, ага-эжелеримдин берген тарбиясы мени ийгиликке жеткирди. Азыр ойлосом жашоомдогу эң таттуу […]



  • Талантбек УЗАКБАЕВ, ЖКнын депутаты: “Эртең менен да, кечкисин да муздак суудан куюнуп алам”

       – Талантбек мырза, кичине кезиңизде эле саясатчы болом деген оюңузда бар беле же күтүүсүз жерден эле депутат болуп чыга келдиңизби? – Мен мурда саясатчы болом деп кыялданчу эмесмин. Бирок, бир жакшы жетекчилик кызматта аскер кызматкери болсом деп самачумун. Бирок ден соолугума байланыштуу аскер кызматына өтпөй калдым. Жогорку билим алуу менин биринчи максатым эле. Аскерден […]


  • “Кумтөр” кезектеги өкмөт башчыны чаап түшөбү?

    1.Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев капысынан эле “Кумтөрдү” улутташтыруу да, биргелешкен ишкана түзүү да мүмкүн эместигин айтып чыкты. Сиз буга кошуласызбы? 2.Эгер шарты аткарылбаса, премьер-министр кызмат ордун тапшырууга даяр экенин билдирди. Оторбаевдин ордуна кимди ылайык деп эсептейсиз? Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, ЖК депутаты: «Оторбаев бизге түшүндүрүп берсин» 1.– Премьер-министрден “Бизге пайдасыз болгон аргументтерди айтып бериңиз, эмне үчүн биздин […]


  • Апрель сабактары жана өзгөрүлмө Конституция

    Апрель сабактары жана өзгөрүлмө Конституция

    – Апрель революциясына 5 жыл болду. Андан бери кандай өзгөрүүлөр болду? Бул революциядан мамлекет кандай сабак алды деген ойдосуз? – Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун референдумга алып чыгуу ыктымалдуулугу айтылып атат. Бизге ушул керекпи? Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер: “Өкмөт жарыялабаса, жакында мен жарыялайм” – Мамлекет абдан сонун жолго түштү деп эч ким айта албайт. Албетте, […]


  • Абдыманап КУТУШЕВ, ЖК депутаты: «Төшөктүн ичине жашынып китеп окучумун»

    – Кепти балалыгыңыздан баштасак, балалыгыңыздын таттуу көз ирмемдери кайсы жерде өттү? – Мен 1966-жылы Алай районунун Сопу-Коргон айылында төрөлгөм. Он бир бир туугандын бешинчисимин. Апам совет мезгилинде Баатыр эне деген наамды алган. Атам кесиби боюнча педагог. Көп жыл мектепте мугалим, директор, кийин сельсоветтин төрагасы болуп, активдүү иштеген адамдардын катарын толуктады. Ѳзү чоң кызматтарда иштесе да, […]



  • Айнуру АЛТЫБАЕВА, ЖК депутаты: «Кемчилик менден кетсе, кечирим сураганга эрким жетет»

    – Айнуру айым, аялзаты үчүн саясатчы болуу бир топ эле кыйынчылыкты жаратса керек? – Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келем. Мамлекеттик кызматта иштөө аялзатына бир топ эле кыйынчылыкты жаратат. Эгерде жумушуң эртең менен тогузда башталып, кечки алтыда бүтсө, айрым учурларда сен үйүңө кеч кетип калышың ыктымал. Анткени, кайсы бир документтерди, же отчетторду кеч тапшырып […]


  • ЖоКедеги «двоечниктер» жөнүндө…

    ЖоКедеги «двоечниктер» жөнүндө…

    Ар бир мектепте окууга эптеп- септеп келип- кетип жүргөн, бир күн келсе он күн жок болгон, күндөлүгү «2» деген бааларга толгон окуучулар болот эмеспи. Окууга келбей койгону үчүн да, сабакты окуп, берилген тапшырмаларды аткарбаганы үчүн да эч кандай жоопкерчиликти билишпейт. Адатта, андай окуучуларды «двоечниктер» деп коюшат эмеспи. Жогорку Кеңештеги депутаттарды окуучуларга салыштырсак, ЖоКе жыйындарына катышпаган, […]


  • Максат САБИРОВ, ЖКнын депутаты: «Азыркы келинчегим абдан акылдуу»

    – Максат мырза, 8-март күнү жакындарыңызга, келинчегиңизге кандай белек берип, кантип майрамдаттыңыз? – Учурда эки кызым чет мамлекетте окуп, билим алып жүрүшөт. Аларды 8-март күнү «Скайп» аркылуу байланышып куттуктадым. Ал эми келинчегиме жанымдагы үч уулум менен биргеликте атайын арнап алган гүлүбүздү белекке бердик. Кичүү уулум бала бакчадан жасап келген сумкасын апасына белек кылып берсе, улуу […]