Талантбек УЗАКБАЕВ, ЖКнын депутаты: “Эртең менен да, кечкисин да муздак суудан куюнуп алам”

 

T. Uzakbaev 1 – Талантбек мырза, кичине кезиңизде эле саясатчы болом деген оюңузда бар беле же күтүүсүз жерден эле депутат болуп чыга келдиңизби?

– Мен мурда саясатчы болом деп кыялданчу эмесмин. Бирок, бир жакшы жетекчилик кызматта аскер кызматкери болсом деп самачумун. Бирок ден соолугума байланыштуу аскер кызматына өтпөй калдым. Жогорку билим алуу менин биринчи максатым эле. Аскерден келгенден кийин Бишкекке медициналык институтка тапшырайын деп ойлогом. Бирок, медицина институтунда эч бир конкурс жок болгондуктан, туугандарым менен кеңешип 1980-жылы Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун ветеринардык факультетине тапшырып окуп калдым. Окуу жайды бүтүп, совхоздун бир нече чарбаларында, райондук чарбаларда иштеп жүрдүм. Акырындан көтөрүлүп отуруп республиканын башкы ветеринардык инспекторлук кызматына чейин жеттим. Ошол кезде Ак үйдөн «Айыл чарба министри болбойсуңбу» деген сунуш түштү. Бул мен үчүн күтүлбөгөн сунуш болду. Себеби, мага өзүмдүн ветеринардык кызматым жаккандыктан министр болууну ойлонгон да эмесмин. Бир четинен мурда министр болуп көрбөсөм, бул кызматты кантип аркалап кетем деген коркунуч пайда болду. Ошентип, ары ойлонуп, бери ойлонуп атып акыры айыл чарба министри болуу сунушун кабыл алдым. Ошол кездеги саясий акыбалдын негизинде айыл чарба министри болуп аз эле иштеп калдым. Кыска мөөнөттөн кийин министрлик кызматты өткөрүп берип, бизнес чөйрөсүнө аралаша баштадым. Бизнес менен алектенип жүрүп 2003-жылы саясатчы болдум.

– Сиз бул чөйрөгө аралашканча бизнес менен да алектенип жүрдүңүз эле. Учурда чарбачылыкка арналган бизнесиңизди кимдер иштетип атышат?T.Uzakbaeb 3
– М. С. Горбачевдун «Ар бир адам жеке ишкана ачып, колунан келген ишти кылса болот» деп айтканы бар эмеспи, мен муну угуп, адегенде колубузда эч бир курал же машина болбосо, кантип ишкана түзөбүз деп аябай таң калгам. Мына ушундай түшүнүктөр менен жүрүп, акыры 1990-жылы «Ак Бата» деген түйүн менен Каракол шаарына дүкөн ачып иштете баштадым. Ошентип жүрүп, бир жолу Жалал-Абадга барсам, күнөсканаларда лимон өстүрөт экен. Ага чейин Кыргызстанда лимон өсөрүн билчү эмесмин. Казакстанда тааныштарым бар эле, аларга барып «Лимон албайсыңарбы?» десем, Кыргызстанда кайдагы лимон деп күлүштү. Бирок, мен аларга лимонду көрсөтүп, ортодон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Казакстанга лимон, ал жерден Кыргызстанга солярка ташып да иштеп жүрдүм. Бир топ жыл ушул сыяктуу майда иштер менен алектенип жүрүп, акыры кытайлык уйгур жигиттер менен биргеликте «Махмуд кашкари» деген жүн -тери иштетүүчү фирма ачтык. Анын аркасында чоң-чоң ишканаларды куруп, соода түйүндөрүн ачтык. Топоз багуу менен алектенебиз. Бул айтылган бизнестерди бир туугандарым иштетишет. Мен колуман келген кеп-кеңешимди берип, үстүртөн эле көз салып коем.

– Сөз нугун үй-бүлөңүзгө бурсак, балдарыңыз үй-жайлуу болуп калса керек?
– Төрт уулум, үч кызым бар. Учурда алар чоңоюп, өз алдынча оокатын кылып кетишти. Улуу уулум чет мамлекеттердин жарандары менен иштешип жүрөт. Кийинки кызым Америкадан билим алып, ошол жерде кыргыз жигитке турмушка чыкты. Кийинкиси Кытайдан алты жыл билим алып келип, учурда кытайлардын компаниясында эмгектенет. Бир уулум Санкт-Петербург шаарында окуйт. Андан кийинки балдарым азыр кичинекей. Ал эми келинчегим балдарды карап, бир туугандарымдын бизнесине жардам берет.

– Сизди үч аял алган деп угуп калам?
– Мен жеке жашоомду ачык айтканды каалабайм. Ошон үчүн бул сурооңуз жоопсуз эле калсын.

– Кандай атасыз? Балдарга тарбия бергенге убактыңыз барбы?
– Мен үйдөгү тартипти, тазалыкты катаал караган адаммын. Бирок, бир да жолу балдарыма кол көтөрүп, заар тилимди тийгизген жокмун. Алар да менин айткандарымды эки кылбай аткарышат. Аткаргандан кийин «Ата, сиз берген тапшырманы аткарып койдук» деп айтып калышат. Балдарым айрым балдардай болуп тамеки тартып, арак ичип, терс жолго баспай жакшы чоңоюшту. Бир карасаң үйдө да аскердегидей тартип.

T.Uzakbaev 2– Ѳзүңүз тамеки тартасызбы? Той-топурларда сеп этип да койсоңуз керек?
– Мен тамеки тарткандардын да, тартпагандардын да катарын толуктайм (күлүп). Мурда тамеки чекчү эмесмин. Кийин эле Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден тарта кесиптештерим менен туруп калганда бир аз тартышым ыктымал. Бирок, атайын өзүм сатып албайм. Ал эми ичимдик тууралуу сөз кыла турган болсом, айрым учурларда тойлордо, жакын санаалаштарым менен аз-аздан ичип коем. Аябай мас болуп алып бирөөгө тийишип, кылжыңдаган нерсе менде жок.

– Спорт залдарына барып турасызбы?
– Спорт залдарына барбайм. Себеби, үйүмдүн бир бөлмөсүн чоң спорт зал кылып жасап алгам. Жумуштан барганда кичинекей кызым менен биргеликте ойнойбуз. Андан сырткары, мен жыйырма жылдан бери эртең менен, кечинде муздак сууну куюнам. Буга бара-бара организмиң деле көнүп калат экен. Эртең менен турганда муздак суу куюнмайын уйкум да ачылбайт. Муздак сууга түшкөндөн ырахат алам.

– Иш графигиңиздер жыш болсо дос-тууган, үй-бүлөлүк катыштарга убакыт табылабы?
– Негизи эле мен досторум менен көп деле жолукпайм. Ал эми туугандарымдын басымдуу бөлүгү борбордо турушат. Энем да бул жерде. Ал киши бир күнү биринчи кызыныкында болсо, эртеси меникинде дегендей. Мен жумуштан чыгып жатканда, энеме сөзсүз барып кетем. Кээде бир туугандарыма тамашалап «Энем аркылуу эле бир көрүшүп атат окшойбуз» деп күлүп калам. Башкаларчылап достор менен бирге мончого барып, ичип отурганды жактырбайм. Мен тескерисинче жалгыз эле барып, жуунуп, эс алганды жактырам. Себеби, кээде адамдардан деле эс алышың керек экен да. Колдон келсе бир аптанын ичинде эки жолу барганга аракет кылам.

– Акча жагынан деле тың болсоңуз керек, үйдүн капчыгын ким кармайт?
– Биздин үй-бүлөдө каражат экиге бөлүнөт. Үй-бүлөбүзгө керектүүсүн жеңеңер кармайт. Албетте, менин жанымда да ар дайым акча болот. Себеби, ар кандай кырдаал болуп калат да. Кээде автоунааңа бензин куюш керек дегендей…

– Кийимдериңизди өзүңүз сатып аласызбы? Эң кымбат кийимиңизди канчага сатып алдыңыз эле?
– Негизинен биз чет жактарга командировкага көп чыгабыз. Кийген кийимдеримдин басымдуу бөлүгүн ошол жактардан сатып алам. Бирок, бренд деп кымбат кийимдерди кууп кийбейм. Мисалы, көйнөктөрдү эл катары эле 1500-2000 сомго сатып алам. Үй-бүлөмдү да ушул нерсеге көндүрүп койгом. Алар деле кымбат кийимдерге басым жасабастан, жарашыгына карап алышат.

Кымбат Турдубекова