Талашка түшкөн жерлер дагы канча?

salamat alamanovКыргызстан эгемендик алганына 20 жыл болгон менен чек арасы али толук такталып бүтө элек. Кытай, Казакстан менен гана чек ара маселеси толук чечилген. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара тактоо иштери али адистердин сүйлөшүүсүнүн деӊгээлинде эле чечилбей калууда. Бул өлкөлөр менен чек ара тактоо бир топ кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн. Анткени талашка түшкөн жерлер көп. Төрт өлкө менен чек ара тактоо иштериндеги талашка түшкөн жерлер тууралуу чек ара тактоо иши боюнча бирден бир адис Саламат Аламанов түшүндүрмө берди.

Чек аранын жалпы узундугу – 4 665 км
Кыргызстан – Өзбекстан – жалпысынан болжол менен 1375 км. Анын ичинен болжол менен 1000 км такталган (Такталганы дагы адистердин деӊгээлиндеги эле жүрүп аткан иш. Али өкмөт карай элек).
Кыргызстан – Тажикстан – болжол менен 970 км. Анын ичинен 500 км такталган (Бул дагы адистердин деӊгээлиндеги эле жүрүп аткан иш. Али өкмөт карай элек).

Сок анклавы
– 1924-жылы Улуттук жер бөлүштүрүү иштери башталып, кыргыздар жашаган жер кыргыздарга, өзбектер жашаган жер өзбектерге, казактар жашаган жер казактарга өтсүн деген идея болгон. Ошондо Сок өрөөнүнүн ичинде Өзбекстандын тажиктери жашаган, азыр деле жашайт. Ошентип Сок Өзбекстанга карап калган. 1955-жылы бул жер өзүнчө анклав катары чийилген.

Ворух анклавы
– Ворухта улуттук жер бөлүштүрүү учурунда Өзбекстанга караштуу тажиктер жашачу. Кийин алар Өзбекстандан бөлүнүп алышкан. Азыркы учурда бул жер Тажикстанга карайт. Баткен райондук борбору айрым айылдарына, Лейлек районуна дал ушул Ворух аркылуу өткөндүктөн, көп учурда тажиктер менен келишпестиктер да болуп келет.

Шаймерден анклавы
– Шаймерден негизи Кыргызстанга таандык жер. Бул жерди өзбектер мыйзамсыз өздөштүрүп, Өзбекстандын айылдык кеӊешин түзүп алышкан. Ушул убакка чейин биз бул жерди талашып келебиз. Жер бөлүштүрүү жай учурунда болгону да кыргыздар үчүн бир топ терс таасирин тийгизген. Себеби кыргыздардын көпчүлүгү ал учурда тоодо болуп калган. Жер бөлүштүрүүчүлөр келгенде жалаӊ эле өзбектер, тажиктердин жашаганын көрүп, көп айылдар алардын карамагына өтүп калган.

Таш-Төбө анклавдык айылы
– Таш-Төбө айылы дагы Кыргызстандын ичинде калган, бирок Өзбекстанга караштуу айыл.

Каркыра
– Каркыра деген чоӊ жер. Жалпы аянты -171 миӊ гектар, анын 625 гектар Кыргызстанга тиешелүү жери 1136 гектар Казакстанга тиешелүү жерине алмашылган. Казакстанга тиешелүү жерди кыргыздар пайдаланып жүргөндүктөн, ошол жерди расмий түрдө алуу маселеси көтөрүлүп, казак тарап эгер бул жердин ордуна Кыргызстан башка жер бере турган болсо, алмашууга макул экенин билдирген. Райондун адистери менен сүйлөшсөк алар кыргыздарга тиешелүү, бирок биз пайдаланбай жүргөн 625 гектар жерге алмашууну кеӊеш кылышкан. Биз пайдаланып жүргөн жерден эки эсе аз жер болгонуна карабай, алар алмашууга макул болушкан. «Каркыраны казактарга берип салды» дегендин баяны ушундай. Бул жайлоонун Казакстанга тиешелүү жери менен Кыргызстанга тиешелүү жерин кошкондо да Каркыра жайлоосунун жалпы аянтынын бир бурчун да түзбөйт.

Үзөӊгү-Кууш
– Орус менен Кытай чек ара тактап аткан учурда ушул жер «Бедел ашуусунан чек ара батышты көздөй кетет, эч кандай тоскоолдуксуз өтүп, Какшаал тоосунун кырына чыгат» деп жазылган. Биз Борколдой деп атаган тоону кытайлар Какшаал деп аташат экен. Биз алар тараптагы башка тоону Какшаал деп атайбыз. Биз Какшаал деген тоону алар Тянь-Шань тоосунун аты жок жотосу деп аташат. Үзөӊгү-Куушту талашуу мына ушундан чыккан. Талаштын арты бүтчүдөй эмес. Ошондуктан дагы эле талашып жүрө бериш керек, же болбосо талашка түшкөн жерди бөлүш керек деген сунуш айтылган. Ошондуктан кыргыздар пайдаланып жүргөн жайыт Кыргызстанга, кытайлар пайдаланып жүргөн жайыт Кытайга өтсүн деп келишкенбиз.

Хан-Теӊир
– Бул жердеги чек араны биз Хан-Теӊир тоосун өзүбүзгө киргизип чийип жүргөнбүз, ал эми кытайлар болсо ал тоону өздөрүнө киргизип алып чийишет. Бул талаш мына ушундай. Ар кайсы жылда ар башка окумуштуулар келип, Хан-Теӊир тоосу деп ар башка чокуну белгилешкен. 459 км квадрат талашка түшүп, анын 41%ы Кытайга, 59%ы Кыргызстанга тийген.

Жаӊы-Жер жана Эркештам
– Бул эки жер бири-бири менен байланыштуу. Жаӊы-Жер – 180 км квадрат. Бул жер дагы географиялык объектилерди эки тарап эки башка атаганына байланыштуу талашка түшкөн. Чек ара эӊ бийик тоо кыркасы менен өткөрүлөт деп жазылат. Кытай тарап башка тоо кыркасы менен өткөрөт, биз башка тоо кыркасы менен өткөрөбүз. Эркештам – 250 км квадрат. Чек ара Малтабар суусу аркылуу өтөт деп жазылган. Биз башка сууну, Кытайлар башка сууну Малтабар деп атайт экенбиз. Мына ушуну талашып отуруп бир чечимге келиш керек болгон. Жаӊы-Жерде кытайлардын айылы бар экен, Эркештамда биздин Нура айылыбыз бар. Ошондуктан Жаӊы-Жер Кытайга калсын, Эркештам Кыргызстанга калсын деп келишкенбиз.

Ходжент, Боз-Айгыр
– Ходжент, Боз-Айгыр деген кичинекей жер талашка түшкөн. Бул жерде чек ара тоонун кыры менен эмес, тоонун капталынан өтүп калган экен. Тоонун кыры менен чек араны өткөргөндө ошол 20 км квадрат жер Кытайга өтүп калган.

Каркыраны кайтарып алабыз дегендерге
– «Казактардан Каркыраны, кытайлардан Үзөӊгү-Куушту кайтарып алыш керек» деген саясатчыларды укканда таӊ калам. Алар мына ушул чек араны тактоо иштерин билип туруп ошону айтып атса, анда алар – кыргыздын душмандары, эгерде түшүнбөй айтып аткан болсо, анда алар – бир байкуштар.

Чек ара тактоо кандай кадамдардан турат?
1. Эӊ алгач эки мамлекеттин жетекчилери, президент же өкмөт башчы ортодогу аныкталып, юридикалык жактан такталып, чечилген чек ара жок экен деген чечимге келет. Бизде кошуна төрт мамлекет менен дагы чек арабыз жок болуп чыккан. Ошонун негизинде чек араны тактайлы деген келишимге келишет.
2. Ошонун негизинде чек ара тактоо боюнча өкмөттүк делегация түзүлөт. Эки тараптан биригип 60тан ашык киши кирет.
3. Өкмөттүк комиссия түзүлөт, анын башында премьер-министр турат, министрлер курамына кирет. Өкмөттүк делегация аларга отчет берип турат.
4. Өкмөттүк комиссия делегацияга кайсы документтердин негизинде иштөө керектиги тууралуу көрсөтмө берет. Делегациянын ал документтерден бир кадам жылууга укугу жок.
5. Мезгил-мезгили менен делегациядан Коопсуздук кеӊеши да отчет сурап турат.
6. Эгерде иш бүткөн болсо, өкмөттүк комиссия ал тууралуу президентке доклад жасайт.
7. Президент ал докладды Коргоо кеӊешинин талкуусуна коет.
8. Ал кеӊештен негизинен туура чечилиптир деген чечимге келишсе, анда Жогорку Кеӊешке келип түшөт. Алар талкууга алып, кабыл алса, ратификациядан өттү деп эсептелинет. Кабыл алынбаса, өткөн жок деп эсептелинет.
9. Ратификация болгондон кийин президент «Ратификация тууралуу» мыйзамга кол коет. Берки мамлекет ошол процедураларды бүткөн болсо, эки өлкөнүн башчылары ратификация тууралуу документтерди бири-бири менен алмашат.
10. Мындан кийин чек ара такталды деп эсептелинип, бул документтер БУУга кетет. Ошол жакта сакталат.