Ташболот Балтабаев, ЖК депутаты: “Акаевдин, Бакиевдин чачпагын көтөрүп алып чуркап жүргөндөр оппозициябыз деп жүрүшөт”

Tashbolot Baltabaev– Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча беш фракция макулдашты деген маалымат чыкты. Кандай өзгөртүүлөр кирет? Жаңы Конституцияда 10 жылга чейин өзгөрүлбөшү керек деп жазылбады беле.
– Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөндөр көп. Бирок элдик референдумда “жыйырманчы жылга чейин өзгөрбөш керек” деп кабыл алынган. Эгер өзгөртө турган күчтөр болсо, анда аны элдик референдумга чыгарып өзгөртүш керек. Бул механизм жагынан. Экинчиден, өзгөртүүлөрдүн маанисин азыр айтуу кыйын. Эмнени, ким кандай жакка өзгөртүүнү каалайт деген маселе ачыкка чыккан эмес. Эгер ошондой бир конкреттүү сунуштар болсо, анда «бул мындай күчтөр экен, мындай кыйынчылыктары бар экен» деп айтсак болот. Негизи мен Конституциянын алмашканына каршымын. Бет аарчыдай кылып эле кайра-кайра алмаштыра берген туура эмес. Он жылга чейин өзгөртпөйбүз деп кабыл алгандан кийин чыдашыбыз керек да. Стабилдүүлүктү сактайбыз дегенден кийин кое турушубуз керек. Конституцияга тийишпей эле мыйзамдар аркылуу иштесек болот. Белгиленген мөөнөтүнө жетпей эле алмаштырабыз деп чыксак, Акаевщина, Бакиевщина жыттанып кетет.

– Президент Алмазбек Атамбаев Европада иш сапары менен жүрөт. Ал жакта «Президент Путиндин элчиси катары баргандай болуп сүйлөп жатат” деп сындагандар болуп жатат. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?
– Путин Кыргызстандын Президентин элчи катары жибергенге барбайт жана муктаж эмес. Алардын өздөрүнүн дипломатиялык каналдары, механизмдери бар. Ошондуктан, антип айтууга негиз жок. Кыргызстан өзүнүн эле маселелери менен барды. Кыргызстан элчилик функцияны аткарбайт деп ойлойм. Украина жана башка маселелер боюнча биздин президент, депутаттар өзүнүн пикирин айтууга укугу бар да. Анын эмнеси бар.

– Жакында эле Жогорку Кеңеш мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, ага ылайык, шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү 5 млн сом болушу керек деп кабыл алынды. Бул туурабы?
– Бизде эки жүз партия болсо, алардын айрымдары үй-бүлөсү, куда-сөөгү менен эле бир партия болуп алган. 100 миң сом деген сөз бир жарым миң доллар экен, ушуну таштап коюп «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, бекер радио, бекер телекөрсөтүүлөргө чыгып атышат. Менин оюмча, 5 млн доллар кылганы туура эле. Болбосо, партиялар жамгырдан кийин чыккан козу карындарга окшоп көбөйүп жатпайбы.

– Бул парламентке жалаң байлардын келишине шарт түзөт деп жатышат. Буга эмне дейсиз?
– Бүгүнкү күндө 5 млн 80 миңге жетпеген эле акча, 80 миң доллар менен шайлоого катышуу олигархтардын иши эмес. Олигархтар 20-30 млн доллар таштап шайлоого катышып, шайлоодо пара берип добуштарды сатып алып, жолдорду жасатып, мамлекеттин ролун уурдалган акча менен аткарып атышпайбы. Менин оюмча, бул олигархтардын бир эс алууда жоготкон акчасы болуп атат. Ошондуктан бул өтө чоң акча эмес. Медалдын эки жагы бар дегендей, үй-бүлөсү, куда-сөөгү менен биргеликте партия түзүп алгандар сыяктуу парламентти оюнчукка айландырбашыбыз керек. Ал үчүн бир механизм керек да.

– Оппозициянын белгилеген курултайы боюнча эмне айта аласыз?
– Чынын айтканда, бүгүнкү күндө оппозиция жок. Оппозициянын курамын кечээ Акаевдин, Бакиевдин чачпагын көтөрүп алып чуркап, коррупцияга аралашып жүргөн адамдар түзүп атпайбы. Таза, жаш, татыктуу оппозиция келсе айтсак болот.

Акылбек Чынтемиров